ОМАР: «АЛЛАХТЫН, АНАН АЛЛАНЫН ЖАРДАМЫ ТИЙДИ»

Жаш болсо да учурдагы кыргыз эстрада ырчыларынын арасынан биринчилерден болуп мекенибиздин желегин алыстан желбиретүүгө жетишкен ырчы жигит Омар «Жаңы толкун» конкурсунан ийгилик менен кайтты. Буга чейин да анын талантын баалап келген күйөрмандарынын ырчыга болгон кызыгуусу күч эле. Азыр бул кызыгуулар жетээр чегине жетип турган чагы…

– Сөз башында сени жараткан ийгилигиң менен куттуктап алалы. Мындан ары да кыргыз элинин атын алыска таанытып, талантың өркүндөй берсин.
– Рахмат, аракет кылабыз.
– Омар, айтсаң, чыгармачылык жолуңда эң биринчи ийгилик алып келген кадамың «Жаңы толкун» конкурсуна кандайча катышып калдың?
– Конкурска барууга көрсөтүлгөн жергиликтүү ырчылар арасынан мени да тандашыптыр. Ал кезде мен Астанада иштеп жүргөн элем. Анан келип эле Казакстанда өткөн Азия элдери арасындагы таймашка барып калдык. Ал жакта 42 катышуучунун арасынан Мирбек экөөбүз өтүптүрбүз. Көп узабай Москвага аттандык. Москвага бир эмес, эки жолу барып келдим. Жыйынтыгында, башта конкурска катышууга арыздарын таштаган 8 миң адамдын ичинен финалга катышуу укугуна ээ болгон 17 конкурсанттын бири болдум.
– Мунун өзү чоң жетишкендик экени талашсыз. Андан кийинки Юрмала шаарына аттангандагы абалың туурасында айтып берсең…
– Эми кандай айтсам, сүйүнүчүмдө чек жок болчу. Анын үстүнө, толкундануунун да бар экендигин айта кетпесем болбос. Бараарыбыз менен эле жакшы тосуп алышты. Чындыгын айтканда, Юрмала шаары жана «Жаңы толкун» конкурсу мен үчүн башка дүйнөгө эшик ачып кирип баргандай эле элес калтырды.
Бул учурда Омардын продюсери Нурслан байке да маегибизге аралашып, өз ойлорун айтып кирди.
Нурслан: – Мүм­күн, Европадан келген атаандаштарыбыз үчүн кемчиликтерибиз сезилген чыгаар. Бизге алардын бири да байкалган жок. Баары ойдогудай. Эми биздин мекенде өтүүчү конкурстар менен салыштырып болбойт. «Жаңы толкун» конкурсун уюштуруу иштеринде эле 1,5 миң киши кызмат кылыптыр. Андан тышкары, 500дөй айланчыктаган журналисттер. Папарацци дегенди ошол жактан көрдүк. Башында чочулап аткан Омар акырында көнүп да калды.
– Омар, айтсаң, ал жакка жетип алгандан кийин кандай күндөр башталды?
– Ал жакта ар бир нерсеге кылдаттык менен мамиле жасалат экен. Мисалы, жөнөкөй эле чүчүкулакты да чоң интрига менен өткөрүштү. Ким канчанчы орунда чыгаарын биринчи күнү атактуу ырчылар аныкташты. Экинчи күнкүсү үчүн атайын Рига менен Юрмаланын ортосундагы токойдо жайгашкан гольф талаасына алпарып, арбалет аттырып, гольф ойнотушту. Айтор, кызыктуу экен. Негизгиси, эртеден-кечке даярдык деп жүрүп эле чарчайт экенсиң. Эртең менен саат 9да туруп, түнкү 2ге чейин тыным жок. Ошентип, бир күнү эртең менен уктап калыптырмын. Бир маалда бирөө келип эле жуурканымды сыйрып алды. Көзүмдү ачсам, микрофонун кармап «Муз TV`нин» журналисти турат камерасы менен. Көрсө, ал конкурсанттардын турмушунан түз алып көрсөтүү экен.
– Атаандаштарың менен кандай мамиледе жүрдүң?
– Чындыгын айтканда, катышуучулар арасында достук мамиле бекем болду. Латвиялык Донс, германиялык Саймон Новски, италиялык Алессандролор менен достоштум.
– Көбүнчө кайсы тилде сүйлөшүп жаттыңар?
– Негизги тил англис тили болду. Анан Орусиядан барган жылдыздардын саны арбын болгондуктан, орус тилинде да сүйлөгөндөр көп болду.
– Англис тилинде эркин сүйлөй аласыңбы?
– Эми, жакшы билем десем, анда жа­ңы­лышам. Бирок, өз оюмду айтып, бирөөлөрдүн кайрылууларын тү­шү­нөм.
– Билим темасына кайрылган учурда сурай кетейин. Билишимче, сенин музыкалык билимиң жок болсо керек…
– Ооба. Негизинен, конкурсанттар арасында билими жоктордон экөө-үчөө эле болдук. Бирок, ал жакта талантка, анан үнгө көбүрөөк көңүл бурулду.
Нурслан: – Конкурсанттардын биринин ата-энеси менен сүйлөшүп калсам, «Омар деген жигиттин үнү ушунчалык жагымдуу экен. Көзүңдү жумуп уксаң, үнү жүрөккө жетип, элесиңде бир негр ырдап жаткандай туюлат. Көзүңдү ачып карасаң эле кыргыз жигити» деп атпайбы.
– Омар, канткен күндө да көпчү­лүк­түн көңүлүнө жактың көрүнөт. Атактуу алпаруучу Леранын сени мактап да, жактап да жатканына күбө болдук…
– Ооба, Лера мени элге жакшы тааныштырып, сахнага да мактоо менен чакырып жатты. Жанагы анод, катод деген сыяктуу эле жылдызыбыз келишип калды демекмин. Конкурска даярдануу маалында эле менин ырдаганымды жактырып, комплименттерин айткан болчу. Анан алпаруучулуктагы шериги Сергей Лазарев экөө Алла Пугачёвадан да «ушул жигитке көңүл буруп койсоңуз» деп суранышкан.
– Демек, Алла ошол сунуштан кийин сени чындап сынга ала баштаган экен да…
– Ошондой десем да болот. Канткен күндө да Алла Пугачёванын «Алтын жылдызына» татыдым.
– 50 миң долларлык сыйлыкка татып, атың жаңырганда кандай абалда болдуң?
– Чынын айтсам, аябай толкундандым. Оозума сөз келбей, эмне дээримди билбей калыптырмын.
– «Утуп алган акчаңды кайда коротосуң?» деген суроого жооп албасам болбос…
– Ал сыйлык али менин колума тие элек. Акчаны алуу үчүн кайра Москвага аттанып жатам. Буюрса, толугу менен ата-энеме апкелип берем. Анткени, менин бул ийгилигиме алардын түздөн-түз тиешеси бар.
– Теманы улай дагы бир суроо берейин. Жыйынтык калыс чечилдиби? Айтылуу Примадоннанын сыйлыгына өзүңдү татыктуумун деп эсептейсиңби?
– Бул сыйлыкты мага берип жа­тышкандан кийин татыктуу эле болсом керек. Мага бул жаатта Аллахтын, анан Алланын жардамы тийди. Эгер мен калыстар тобунда болсом, өзүмө 9-орунду эмес, 11ди же 12ни бермекмин. Себеби, менден артта калган германиялык Саймон Новски сыяктуу кээбир ырчылар мага караганда күчтүүрөөк болчу.
– Жыйынтык чыккандан кийин Алла эмне деди?
– «Кыргызстан менен чектелбе, сен өсүшүң керек. Эми мындан ары бизде болгон кээбир жеке кечелерге сени чакырып турам» деди.
– Андан башка да сунуштар болдубу?
– Сунуштар көп эле болду. Алгач бул жактагы концертимди өткөрүп алган соң анан алардын талаптарын карап, бири менен келишим түзүшүм мүмкүн. Бирок, кыргыз жеримде ар дайым ырдай берем.
– Нурслан байке, кол ал­ды­ңызда тарбияланып жат­кан «уулуңузду» башка өлкөгө жибересизби? Эгер жиберсеңиз, ортодогу келишим кантет?
– Омар менен Москвага кетип баратканда эле сүйлөшкөм. «Эгер жакшы сунуш болсо, жиберем» дегем. Бизде келишимдер жеңил эле да. Мисалы, чет өлкөлөрдө келишимди бузмак тургай, кезигүүгө 10 мүнөт кечигип келсе, 500 долларга чейин айып салышат экен.
– Экөөңүздөр кантип иштешип калдыңыздар эле?
– Омар Канат Култаевге «продюсер таппай жүрөм» деп кайрылган экен. Канат мени сунуштап, экөөбүздү тааныштырган.
– Омар, сөзүбүздү өзүң туурасында улантсак. Кичинекейиңде кандай бала элең?
– Наристе кезимден баштап 3-класска чейин өтө жоош болуп, апам менен эжеме көп деле түйшүк жаратпаптырмын. Анан 3-класстан баштап тентек болуп кеткем. Бирок, эми тентек десе эле бирөөнүн баласын сабап же би­рөө­нүн бирдемесин уурдап эмес. Атам Таластан болгондуктан, өзүм бул жакта төрөлгөнүм менен мектепке барганга чейин Таластын системасы менен өсүп, тарбиялангам.
– Сөз төркүнү келип турганда ата-энең туурасында айта кетсең?
– Атам Каржы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүү иштери боюнча Чүй облустук фондунда эмгектенет. Апам болсо үйдө. Үйбүлөдө эки биртууганбыз. Эжем банкта иштейт.
– «Жалгыз балам» деп ата-энең сага өзгөчө көңүл буруп эркелетишсе керек…
– Эми кичинекейимде эрке болсом болгон чыгаармын. Бирок, эс тартканы эрке деле эмесмин. Биздин үйдө менден кичүүлөр толтура. Дайыма туугандарыбыздын балдары бар.
– Үйдө эмне иштерди кыла­сың?
– Азыр үйдө курулуш иштери жүрүп жатат, ошону менен алекмин. Анан да бакчада бир аз иштейм. Мурда эжем менен апама жардам берип, үй жумуштарын деле аткара берчүмүн. Азыр андайга убактым жок.
– Ырчылыктан тышкары эмнеге кызыгасың?
– Мурда күрөшкө кызыкчумун. Анан оюн жагынан жакшы элемин. Футбол, баскетбол дегендей.
– Ырчылыкты түбөлүктүү кесип кыласыңбы?
– Жо-ок, бул убактылуу кесип да. Мен 9-классты бүткөндөн кийин финансы техникумунда бухгалтердик билим алгам. Азыр Улуттук университеттин юридикалык факультетинде окуп жатам. Буюрса, кийин өз кесибим менен эле кетем го. Аны убакыт көрсөтөт.
– Маегиңе чоң рахмат, өркүнүң өсө берсин.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 301, 8-14-август, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан