Канатбек Бегалиев: "Элиме алтын медаль алып бермейинче спорттон кетпейм"

Канатбек Бегалиев 1984-жылдын 14-февралында Бакайата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн.
Бою 170 сантиметр, салмагы 70 килограмм.
Грек-рим күрөшү боюнча «Бээжин-2008» Олимпиадасынын, Дүйнө чемпионатынын (2006) жана Азия чемпионатынын (2007) күмүш медалдарынын ээси.
КУУнун экономика факультетин бүтүргөн.
Үйбүлөлүү. Бир кыздын атасы. Учурда Бишкекте жашайт.
– Канатбек, аэропортто эл сизди Таластан чыккан Манаска салыштырышып, “Бээжинди багынткан баатыр” деп тосуп алды. Ошондогу сезимдериңиз...
– Чындыгында, мынчалык деңгээлде тосуп алышат деп күтпөгөм. Аябай кубандым. Күмүш медаль утуп Кыргызстан үчүн чоң белек кылгандыгымды ошол учурда сездим.
Бирок, ал сезимдер Бээжинде күмүш медаль менен сыйланып жаткандагы сезимдерге жетпесе керек...
– Ооба, ал учурда машыгууларда тер төгүп кыйналгандарым көз алдымдан өттү. Башыңдан эмне деген кыйынчылыктарды өткөрсөң да, баарын унутуп, кадимкидей рахат алат экенсиң.
Олимпиадалык оюндарга кантип, канча убакыт даяр­дан­дыңыз?
– Мен бул ийгилигимди 4 жыл күттүм. Максим Курманбекович Грек-рим күрөшү федерациясын жетектегенден бери шарттар жакшырып, чет өлкөлөргө дайыма чыгууга мүм­күн­чүлүк көбөйдү. Алгач Динарбек Асылбековичтин жардамы менен Казакстанда “сбордо” (мелдеш алдындагы машыгуу үчүн жыйын) жүрүп келдик. Украинада өткөн дүйнөлүк сборго катышуу укугун да алып берди. Ал жаш спортчуларга колдоо көрсөтүүдөн тажабайт. Бизге окшоп үйбүлөсүн таштап, 6 ай биз менен жүрдү. Агаларың ушинтип колдоп турса, ийгиликтерди жаратпай коё албайсың.
Олимпиадада өткөргөн бет­тештериңиз жөнүндө өзүңүздөн уксак...
– Мен алдын-ала ким менен беттешээримди сезгем. Алгачкы беттешти америкалык Жейк Дейчлерге каршы өткөрүп, көп кыйналган жокмун. Чейрек финалдагы улуту армян, бирок, украиналык балбан Армен Варданян менен болгон кармашым эң оор болду. Калыстар жан тартып, 3-бөлүккө чейин созушту. Акыры утуп чыктым. Жарым финалда Николай Герговдун үстүнөн ишенимдүү жеңишке жетиштим.
Карьераңыздагы чечүүчү беттешиңиз адилетсиз чечилип калгандай болгон жокпу?
– Финалдык беттештин алдында ФИЛАнын мүчөсү Даулет Турлыханов: “Эгер сен таза жеңишке жетиш­песең, алтын медалдан үмүтүңдү үзө берсең болот. Калыстар баарыбир французга жан тартышат”,- деди. Өзүңөр күбө болгондой, чүчүкулак 2 жолу катары менен анын пайдасына чечилди.

Беттештен кийин көңүлүңүз чөккөн жокпу? Француз спортчусу эмненин аркасында утуп кетти деп ойлойсуз?
– Көңүлүм чөккөн жок. Башынан эле Бээжинге алтын медаль тагынам деп баргам. Бирок, күмүш медаль буюрган экен, ушуга да шүгүр дейм. Ал эми Стив Гено менен Олимпиаданын алдында Белоруссияда сбордо чогуу болгонбуз. Аны менен 5 жолу күрөшсөм, төртөөнү утчумун. Көрсө, ошондо мен ага ачылып берип, ал менин күрөшүү ыкмаларымды өздөштүрүп алган экен. Финалда ал жөн гана жабылып туруп алды да, калганы калыстардын иши болду.
Олимпиададан тышкары 2006-жылы жана быйылкы Дүйнө биринчилигинде да күмүш медаль тагындыңыз. Бул тагдырбы?
– Буга өзүм да таңкалам. Мени атаандаштарым, чет элдик досторум “күмүш жигит” деп атай башташты. Ме­нимче, финалга чейин күчтүү атаандаштарга туш келип чарчап калгандыктан, финалда ойдогудай күрөшө албай калат окшойм.
– Негизи, килемде сизди тайманбас жана өжөр, ошол эле учурда токтоо мүнөз экениңиз байкалат. Сурайын дегеним, жашоодо да ошондойсузбу?
– Мен жашоодо абдан тама­ша­көймүн. Бала кезимден эле көңүл­дүү жүргөндү жактырам. Машыктыруучуларым, досторум “не­серьёзныйсың” дешет. Мектепте окууга анча көңүл бурбай, бейбаш болгом. Спорт интернатына келгенде гана токтолдум окшойт. Килемге чыкканда мага каршы ким турбасын, ал көзүмө душман болуп көрүнөт. Ал эми килемден сырткары ал менин досум.
Сиздин жеке жашооңуз окурмандардын кызыгуусун туудурбай койбойт. Үйлөнгөнүңүзгө көп болдубу?
– Келинчегим Айпери менен 2004-жылы кафеден таанышкам. Биринчи көргөндө эле ашык болгом. “Үйлөнөм” десем, машыктыруучуларым каршы болгон. Алар: “Сени Олимпиадага даярдап, үмүттөнүп жатсак... Үйлөнсөң спортко көңүл бурбай каласың”,- деп таарынышкан.
Келинчегиңиз буга түшүнүү менен мамиле жасадыбы?
– Башында түшүнбөй жүрдү. Бирок, мен ойлойм, тескерисинче, үйлөнгөнүмдүн чоң жардамы тийди. Айпери менен кол кармашып жашап жатканыбызга 2 жыл болду. Ортобузда Камила аттуу кызыбыз бар. Келинчегим мени дайыма колдоп келет. Үйгө эс алганы эле келем. Кечинде чарчап келип, жатып алам. Кызымдын кантип чоңойгонун да байкабай калыпмын. Бээжинде жүрүп анын басып калганын уктум.
Спортто гана эмес, жашоодо да чоң ийгиликке жетишүүдө бир нерсени курмандык кылууга туура келет эмеспи...
– Ооба, мен машыгууларда жүрүп жеке жашоомо көп убакыт бөлө албай жүрөм.
Ата-энеңиз, үйбүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз...
– Өзүм алты биртуугандын бешинчисимин. Эки агам, эки эжем жана иним бар. Спортчу болуп калышыма үйбүлөмдүн таасири тийген. Каныбызда бар болушу керек. Чоң аталарым, атам да спортту сүйгөн кишилер. Апамдын болсо спорт жөнүндө түшүнүгү кээбир балдарга караганда алда канча жакшы. “Партер”, “стойка”, “калыс тартып жатат” деп айтып калат. Жашоодогу кеңешчилерим болгон агаларым Тариэл жана Талас да спорттун чеберлери. Алар мени спортчу болууга шыктандыруу менен эле чектелбестен, жашоодо үлгү болуп келишет.
Сизди жакшы ырдайт деп уккан жайым бар...
– Ооба ырга шыгым бар. Чарчаганда машинамдын терезелерин көтөрүп, кыйкырып ырдап, бугумду чыгарып алам.
Бош убактыңызда кантип эс аласыз?
– Бош убакыт жекшемби күнү гана табылат. Ар бир жекшемби мен үчүн той. Каалаган жагыма барам, каалаганча тамактанам. Досторум менен 4-5 саат бильярд ойнойм.
Акыркы жолу мас бол­гонуңуз эсиңиздеби?
– Негизи, ичпейм, чекпейм. Бирок, кээде салмак кууганда уктай албай кыйналган учурлар да болот. Ошондо ичимдик ичүүгө аргасыз болосуң. Уктап калыш үчүн 400 грамм сыра ичип коюп турабыз. Италияда жүргөндө сыранын күчтүүсүн алып алсам керек, мас болуп калганым эсимде. Көп сүйлөп дегендей...
Мушташканыңызчы?
– Былтыр күзүндө Бишкектеги кафелердин биринде намысыма тийип коюшканда жинге алдырып мушташа кеткем. Мушташкан балдар эркекчилик кылбай милицияга арыз жазып коюшуптур. Милиция “камайм” деп... Ошондо оюм экиге бөлүнүп атып Дүйнө чемпионатына ийгиликсиз катышкам. Ал мелдешке мен олуттуу даярданып, медаль тагынам деп ишенген элем. Мушташ жакшылыкка алып келбейт да...
Чет өлкөлөрдөн сунуштар түшө­бү?
– Буга чейин түшүп келген сунуштар Олимпиададан кийин көбөйдү. Жапонияга, Европага чакырып жатышат. Чоң суммадагы акча убада кылып, келишим сунушташууда. Мен акча үчүн мекенимди таштап кете албайм. Кудайга шүгүр, бул жакта мен ачка калбайм. Акыркы учурда спортко мамлекет тарабынан жакшы колдоо көрсөтүлүүдө. Үйбүлөм, ата-энем менен бирге турам. Спорттон тапкан акчам жетиштүү.
Канатбек, сиздин ийги­ли­гиңиздин жөнөкөй сыры эмнеде?
– Мени ушул күнгө талыкпаган эмгек жеткирди. Атаандаштарым эс алып жатканда мен ма шыгам.
«Канат спорттон кетет экен» деген сөздү кулагыбыз чалды. Келечектеги пландарыңыз кандай?
– Азырынча 2 ай денсоолугумду калыбына келтирип, эс алууну чечтим. Спорттук карьера боюнча айтсам, кыргыз элиме Дүйнө биринчилигинде алтын медалды алып бербей кетип калсам туура эмес болуп калат го.
– Анда сиздин “күмүш жигит” эмес, “алтын жигит” атка конушуңузду күтөбүз. Маегиңизге рахмат!

Маектешкен
Базарбек Абдураимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 303, 22-28-август, 2008
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан