Кенже Дүйшеева: «САЛТТЫ КАТУУ КАРМАГАН ЖАНМЫН»

– Кенже эже, маегибизди сиздин «Кыз-Бурак» тобуна келген күнүңүздөн баштасак...
– 1994-жылдын жай мезгили болчу. Айсалкын деген группалашым менен сүйлөшүп отуруп «Кыз-Бурак» тобунда ырдасам, ээ?» деп балалыктагы кыялдарымды айтып калдым. Анан ал: “Мен бул топтун кайсы жерде репетиция кылаарын билем, жүр, барып келебиз”,- дей баштады. Ошентип, бардык. Биринчи эле мурда сыналгыдан көрүп жүргөн Гүлшайыр эжени жанынан көргөнүмө кубандым. “Ушул эженин жанында жарым саат отуруп сүйлөшсөм гана” деп апама айткан сөздөрүм оюма түштү. Кудайга шүгүр, азыр жарым саат эмес, 24 саат чогуу жүрүп калбадымбы. Ошондо Гүлшайыр эже “жаңы келген кыз чыксын” дегенде “Чын эле мен сени таптымбы?”, “Заманам” деген эки ырды ырдагам. Эже: “Сага бирөө учак менен машина сатып берем десе топтон кетесиңби?”- деп сынап сураган. Мен “эч жакка кетпейм” дегем. Ошол кезде жеңем “иниме алперем” деп куда түшүп келгени жаткан. Мен болсо “Кыз-Бурак” менен качкан бойдон гастролдоп кеткем.
– Биринчи жолу эл алдына ошондо чыккан экенсиз да...
– Эл алдында бала кезден эле ырдачумун. Ал эми гастролго биринчи жолу чыккам десем туура болот. Ошондо Гүлнара менен Айжамал да топко жаңы келишиптир. Айжамал болгону 5-класстын окуучусу болчу.
– Ошол кезде эле жуучулар келип жатышса, ушул күнгө чейин канча киши колуңузду сурады экен?
– Азыркыга чейин менин колумду сурагандардын аягы сууй элек. Ал кезде мектепти жаңы бүтүргөндүктөнбү, айтор, бир айдын ичинде 7-8 жерден жуучу келчү.
– Ошентсе да, алигиче турмушка чыга элегиңиздин себеби барбы?
– Себеби – жүрөгүмдүн ээсин таба элегим. Ал эми аны таппай жүргөнүмдүн себеби, буюрган күндүн келе элегинде болсо керек. Байкем дайыма: “Кыздарды жадакалса мектепке окутуунун кереги жок. Баарыбир кетип калышат”,- деп айтып калаар эле. Ошондо ичимден “көрөсүңөр, мен билим алып, окумайынча турмушка чыкпайм” дегем. Мүнөзүмдө айткан сөзүмдү аткармайынча тынбаган адатым бар да, сөзүмө турдум. Өткөндө байкемдин балдарын окууга өткөрүүгө жардам берип, “мына, кыздардын деле колунан келет бекен?” деп айтсам, күлүп калышты.
– Негизи, турмушка чыкканга даярсыз да?
– Даяр элемин. Мурда бул жөнүндө көп ойлончу эмесмин. Чыгармачылыкка баш-отум менен киришип кетип, өзүмдү деле унутуп калыптырмын. Гүлнара, Айжамалдар турмушка чыкканда гана үйбүлө куруу туурасында ойлоно баштадым. Буюрса, турмушка чыгып, мотурайган балдардын энеси, сүйүктүү жар, ыймандуу келин болом. Болгону, белгилүү ырчы Кенжени эмес, жөнөкөй гана Кенжени сүйгөн адамды тапсам болду.
– Өткөндө “ушул убакка чейин өбүшүп көрө элекмин” деген элеңиз...
– Кээбирөөлөр “ушундай да болмок беле?!” деп таңкалышы мүм­күн. Бирок, мен кыргыз элимдин салттарын аябай сыйлайм жана дайыма салтты карманып жүргөнгө аракет кылам. Турмушка чыккандан кийин өзүңдүн, кайынжуртуңдун жана өмүрлүк жолдошуңдун алдында жүзүң жарык болуп жүргөнгө не жетсин. Мен өтө заманбап адаммын. Бирок, өзөгүмдү өзгөртпөгөнгө аракет кылам.
– Биринчи жолу сүйүү сезимдерине качан кабылдыңыз эле?
– 1-класстан 3-класска чейин бир бала мага момпосуй берип жүргөн. Күндө мектепке келгенде мен да «тиги келди бекен?» дегенсип аны элдин арасынан издеп калаар элем. Кийин мектепти бүтүп атканда ал баланын мага болгон сезимдерин башка балдар айтып коюп атышпайбы. Тиги байкуш уялып эле чыгып кеткен. Ошондон бери көрө элекмин... Көптөр менден коркушчу. Далай бала мага кат жазышып, бирок, каттарын жеткире алышкан эмес.
– Балдар сизден сүрдөп турушса, аябай каардуу кыз болгонсуз го...
– Эми кандай десем, мен каардуу эмес, эркек мүнөз кыз болчумун. Атам да мени “эркек кызым” деп эркелетип калаар эле. Анан да шайыр, шок, айтканын бербеген бир аз көктүгүм бар болчу. Бардык жерде лидер болуп алуу менин мүнөзүм гана эмес, адатым да болуп калды көрүнөт. Ал кездеримди кубануу менен гана эстеп коём. Шоктугумдан коңшу айылдын кыздары менен сууга түшкөнгө канал талашып мушташчумун. Алар биздин айылга келсе, биз кыйын болобуз, алар болсо биз барганда кыйын болушат, айтор, көп урушчубуз. Кийин “келишим” түзүп, “силер бизге тийбегиле, биз силерге тийбейбиз” деп сүйлөшүп алганбыз.
– Көңүлүңүз чөккөндө же бирөө капа кылганда жиниңизди кантип чыгарчу элеңиз?
– Үйүбүздө бир чоң алма бак бар болчу. Ошонун башына чыгып алып кыйкырып ырдаганды жакшы көрчүмүн. Шамалга чачтарым серпилип бактын башында отурсам, тимеле өзүмдү учуп жүргөндөй сезчүмүн. Мен ырдаганда эки четибиздеги кошуналарыбыз баары үйлөрүнөн чыгып алып угушчу экен.
– Ырчылык сизге кимден өт­көн?
– Өткөндө иним үйлөндү. Чынын айтсам, тойдо ырдаганга мага кезек жетпей калды. Байкелерим, эжелеримдин баары ырдашат экен. Негизи, үнүмдү апамдын үнүнө окшоштурам.
– Баса, сөз кезеги келгенде “Алма гүлү” деген ырыңыз туурасында айта кетсеңиз...
– Бул ыр менин ата-энеме тургузган эстелигим деп айтсам да болот. Себеби, ырдын “Алма гүлүн ачкан кезде, ата, сизден айрылгам, алма гүлүн төккөн кезде, апа, сизден айрылгам” деген эки сап кайрыгын мен ата-энемден айрылгандан бери эле ырдап жүрчүмүн. Кийин ушул кайрыктарды Фаризатка (Асанкалый кызы) айтсам, эртеси күнү эле “Алма гүлүнүн” сөзүн жазып берген. Негизи, ата-энем алма эмес, өрүк гүлдөгөн кезде каза болушкан. Атам жаңы өрүк гүлдөгөн кезде бул дүйнөдөн көзү өтсө, апам андан 40 күндөн кийин өрүк гүлүн төккөн кезде каза болгон. Апамдын “жазында өрүк гүлдөгөн кезде, анан кызгалдак гүлүн ачканда ооруган адам өлөт экен” деген сөзү азыркыга чейин көкүрөгүмдө. Атам каза болгондо ыйлап сыртка чыксам, эшиктин алдындагы эки түп өрүк апаппак болуп гүлдөп туруптур. Ал эми апам каза болгондо талаалар кызгалдакка толуп турган эле. Ошол себептен азыркыга чейин өрүк гүлдөгөн маал – менин жандүйнөмө жагымсыз убак. Анан ыр жаралгандан кийин «ырдаганга ыңгайлуу» деп өрүк гүлүн алма гүлү деп алганбыз.
– А клиптин мазмуну да өзүнчө кайгылуу. Андагы кичинекей кыз да ийине жеткире аткарыптыр...
– Мен бул ырды жаздыруу үчүн студияга барганда ыйлап атып араң ырдагам. Чыксам, ал жердеги операторлордун да көңүлү түшүп, кабактары бүркөө отурушуптур. Алардын бири: “Кенже эже, сиз ырдап жатканда көз алдыма клиптин сюжети тартылды”,- деп өз оюн айткан. Анан ага бир аз өзгөртүүлөрдү киргизип, клипти тартканбыз. Ал эми жанагы кызды болсо көчөдөн көрүп эле жактыргам. Мен да кичинекейимде ошол кыздай болуп чачымды өрүп алчумун.
– Келиңиз, эми ырчылыктан чет­­теп, сиздин башка да таланттарыңыз, өнөрлөрүңүз туурасында сөз кылабыз...
– Негизи, биздин үйбүлө сүрөт жагына шыктуу. Баарыбыз сүрөттү жакшы тартабыз. Ошондой эле мен ар түрдүү кооз курактарды кураганды аябай жакшы көрөм. Бош боло калсам төшөк кабыйм. Үй жумуштарын жасайм. Чындыгында, бир орунда отурган жан эмесмин. Эртеден кечке чуркап гана турушум керек. Спорт менен машыгууну да жактырам. Айрыкча баскетбол ойнойм. Кээде жиним келгенде бокс менен да машыгып, грушаны согуп-согуп алам. Азыр айылдагы үйгө чакан машыгуу бөлмөсүн даярдаткым келип жатат.
– Кандай учурда эс аласыз?
– Эс алуу да адамга эң керек. Андыктан, кээде ызы-чуудан тажаганда атайын тынч жайларга барып, албетте, “Кыз-Бурактын” кыздары менен эс алганды жактырам.
– Маегиңизге рахмат, чыгар­мачылыгыңызга ийгилик!

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 304, 29-август - 4-сентябрь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан