МИРБЕК ИМАНБЕКОВ, «ИТТЕН, ЖЫЛАНДАН, ЧЫЧКАНДАН, АНАН АСЫЛ ЭЖЕДЕН КОРКОМ»

Эл билбеген фактылар

Мирбек учурда чачын бир аз өстүрүп, чач жасалгасын өзгөрт­көнү жүрөт.
Орусияга болгон гастролдук сапардан келгенден бери баарынан жаман көргөнү алыска жол жүрүү болуп калды.
Зуулдата катуу ылдамдыкта машина айдагандан ырахат алат.
Өмүрүндө чайга кумшекер кош­пойт.
Тамакка кошулган чөп-чар­лар­ды таптакыр жебейт.
Спорттук стилдеги кийимдерди жактырат.
«Ералаш» киножурналын көрүүнү жактырат.

Мирбек, иштериң кандай?
– Кудайга шүгүр, баары жакшы.
– Биз сени кечээ да күттүк эле…
– Чынын айтсам, өткөн жумада Ору­сияга болгон бир айлык гастролдук сапардан келгенден бери өзүмө келе албай жүрөм. Сиздер чакырган дүйшөмбү күндү мен жекшемби, дем алыш күнү менен алмаштырып алып, телефонумду өчүрүп үйдө жатып алыптырмын. Күндөрдү алмаштырып алганымды кечинде билдим.
– Уйкунун ордун толтура албай жүргөн экенсиң да...
– Ошондой го.
– Орусиядан эмне жаңылык бар?
– Ал жакта бир айдын ичинде 9 шаарга концерт койдук. Баары жакшы өттү. Бир гана бармактай болгон чиркейлери жаккан жок. Баса, Иркутск­та жүргөнүбүздө 6,5 баллдык жер титирөө болуп, жүрөгүбүздүн түшкөнүн айтпа. Эртеси аман-эсен өз элибизге жетели деген ниетте куран окуттук.
– Келгенден бери эмне менен алектенип жүрөсүң?
– Келгенден кийин бир аз эс алып, кайра эле чыгармачылыкка кириштик десем болот. «Карагат», «Достор» деген эки жаңы ырыма клип тарттырдык. Үстүбүздөгү айдын 15инен баштап Ысыккөлгө гастролдоп жол тартканы турам. Андан тышкары, ноябрь айында боло турган жеке концертиме даярдана баштадык.
– Оо, бул күйөр­ман­дарың үчүн чоң жаңылык болсо керек. Даярдык кандай?
– Эми мурда деле концерттерим, Кудайга шүгүр, жакшы эле өтчү эмес беле, эми андан да жакшы өткөргөнгө аракет кылабыз.
– Бул чыгармачылыктагы жа­ңы­лыктарың болду. Ал эми жеке жа­шооң­до эмнелер болуп жатат?
– Жеке жашоо дегенде эле бир нерсе оюма келет. Учурда ушактардын үстүндө калкып жүргөн кезим. Эл «Мир­бек минтип кетиптир, Мирбек антип кетиптир, Мирбектин үйбүлөсү бар экен, жакында кыздуу болуптур» деген сыяктуу жалган кабарлар менен сугарылып калыптыр.
– Өткөндө биздин «Супер поч­тага» «Мир­бек, мен сенин кошу­наң­мын, кызың ыйлап уктатпайт. Өзүң да арыктап жүдөп кеттиң» деген SMS-бил­ди­рүү келген эле…
– Ошол билдирүүнү жазган кызды биз таап сүйлөштүк. Көрсө, душманды алыстан издебеш керек экен. Ал кыз менин таанышым болуп чыкты. Билдирүү ошол кыздын телефонунан жөнөтүлгөнү менен «мен жазган эмесмин, ким жөнөтүп жибергенин билбейм» деп танып койду. Бирок, бир күн кечке жалдырап кечирим сурап жаныбызда отурду. Анын кайсы жерде жашаганын да билебиз. Кааласаңар ал кызды ээрчитип келейин, бул ушак кептин кандайча таралганын өзү айтып берсин. Мунун баарын айтпас элем, бирок, чынында мындай ушактар менин кекиртегиме жетип кетти. Ал тургай силерге далил катары паспортумду да ала келгем. Мына, эч кандай «үйбүлөлүү» деген мөөр жок.
– Мындай ушактар кайдан чыгып, кимге керек болду деп ой­лой­суң?
– Сахна адамы болгондон кийин сөз деген туш тарабыңдан ээрчий берет экен. Анын кайсы бирин басат элек. Акыркы кезде менин дарегиме айтылган жалган кабарларга көңүл да бурбай калгам. Айтор, чыгармачылыгыма да, жеке жашоомо да асылгандар көбөйүп кетти го.
– Мирбек, айт­саң, эгерде чындап үйлөнсөң, элге ачыгын айтат белең?
– Сөзсүз, биринчи орунда кыргыз элиме мактаныч менен жар салмакмын.
– Качан үйлөнөйүн деген оюң бар?
– Кудай буюрса, келерки күздө дүң­гүрөгөн үлпөт тоюн өткөрөм деген ниетим бар. Калганын убакыт көрсө­төт да.
– Демек, сүйлөшкөн кызың бар экен да?
– Мени менен үйбүлө куруп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу болочоктогу түбөлүктүү жарымды издеп жүрөм.
– Анда үйбүлө курганга даяр экенсиң да?
– Ошондой десем да болот. Төкөл­дөш жактан, анан «Манас» аэропорту жактан эки жер тилкесин караштырып койдум. Кудай буюр­са, бирин тандап алып, быйыл үйдүн жер пайын куюп койсомбу деп турам. Эмки жылы болсо, үйлөнгөндө жубайымды өзүм­дүн үйүмө алпарам. Баягы «катын албай, отун ал» деп коюшат эмеспи, анын сыңары, отунду жыйнай баштадым.
– Асыл эже экөөңөрдүн орто­ңордогу келишим качан аягына чыгат? Мүмкүн, үйбүлө курууну да келишимдин аякташына пландап жаткандырсың...
– Келишим 3 айдан кийин, 2009-жылдын жаңы­рышы менен аяктайт.
– Андан кийин да келишимди улантуу жөнүндө ойлонуп көр­дүңөрбү?
– Ал убакыттын иши, аман болсок көрө жатаарбыз.
– Кел, эми мае­ги­бизди башка нукка буралы. Ко­луң­да­гы шакек, чын­жыр­чаларыңды кө­рүп, жасалгаларга кызыгасыңбы деген суроо бергим келип кетти.
– Ооба, негизинен жасалгаларга кызыгам. Бирок, аларды мен өзүм сатып албайм, баары белекке келгендер.
– Күйөрман­дарың­дан да көп белек алсаң керек?
– Күйөр­ман­дарым берген белектерге сан жетпейт болуш керек. Эсте калганы «Мирбек» деген жазуу менен шым, моюн орогуч, кагаздан жасалган ак куу, 26 метрлик кат жана алтын чынжырча.
– Күйөрман демекчи, чыгар­ма­чылыгыңды колдоп, өзүңө ашык бол­гон күйөрман кыздар туурасында айта кетсең…
– Алардын ар бирине сый мамиле жасайм. Бирок, кээде аша чапкандары болот. Алардын айтканы менен болбой койсоң, таарынымыш этип, жаман сөздөр менен сөгүп да кетишет. Кээде жолдо машина айдап жүргөн кезде да ыңгайсыздыктарды жаратышат.
Бул учурда жаныбызда отурган Асыл эже да кепке аралаша кетти:
– Баса, Мирбектен дагы бир жаңылык, январда алган машинасынын документтерин өткөн жума күнү гана тууралап, номерин да эми алды.
– Ай-ий, 8 ай номери жок машинаны айдап жүрсөң, МАИчил ерге канча айып төлөдүң?
– Айыптарым деле көп эле болуп калды. Бирок, ошол тармакта иштеген тааныш акелериме эркелеп жүрдүм да. Орусияга кетээр алдында машинамды алып коюшкан. Андыктан, келээрим менен документтерин бүтүргөнгө туура келди. Айтмакчы, машинама номер алып сүйүнүп айдап жүрүп кечээ бир жерден токтоп түшө калсам эле бир ит дуу-уу этип чуркап келсе болобу! Чочуп кетип, минтип оозума учук чыгып кетти.
– Иттен коркосуңбу?
– Аябай корком, кичинекейимде иттерге таланып эле жүрчүмүн.
– Дагы эмнеден коркосуң?
– Жыландан, чычкандан, м-мм… анан (күлүп) Асыл эжеден корком.
Асыл Апасова: (күлүп) – Байкап сүйлө.
– Тамаша да, албетте, биринчи Кудайдан, анан бөөдө кырсыктан корком.
– Башкасы го түшүнүктүү, жылан менен чычкандан эмнеге коркосуң?
– Бир жолу айылдан оролуп жаткан жыланды жылаңаяк тепселеп кеткем. Катуу ылдамдыкта келатыптырмын, жыландын жатканын көрүп туруп эле өзүмдү токтото албай калгам. Ошондон бери жыландан катуу корком. Ал эми чычканды билбейм. Өзү кичинекей болсо да корко берем. Байкабай турсаң, тыпыр-тыпыр этип жаныңан чуркап кетет го.
– Баса, унута элегимде сурап алайын, биздин «WWW.SUPER.KG» сайтыбыздагы Медиа-порталга жаңы гана жүктөлгөн “Карындашым” деген ырың туурасында кыскача айта кетсең...
– Бул ырдын сөзүндө менин репертуарымдагы ар бир ырымдын аталыштары камтылып жазылгандыгы менен өзгөчө. Ал эми клип комедия жанрында тартылган.
– Кызыктуу маек куруп бергениң үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Сага ийгилик.
– Рахмат, сиздердин редакцияга да ийгилик каалайм.

Маектешкен
Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 306, 12-18 сентябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан