ААЛЫ ТУТКУЧЕВ: «ТӨКМӨ АКЫНДЫККА ЖАРАБАЙСЫҢ ДЕП ОКУУГА АЛБАЙ КОЮШКАН»

– Аалы, куш келипсиң биздин редакцияга. Иштериң кандай?
– Баары жакшы. Рахмат.
– “Айтыш-2008” Эл аралык фестивалынын өткөнүнө бир ай болуп калды. Ошол айтыш азыр телеканалдардан байма-бай көрсөтүлүп жатпайбы. Кандай ойдо болуп жатасың?
– Фестивалда мени нааразы кылган нерсе, өзүм курактуу төкмөлөр менен айтышпай, жашы менден бир топ улуу Каныша Раисовага эки жолу туш келгеним болду. Апамдай болгон төкмө менен алым-сабак айтышуу мен үчүн кыйын болду. Дагы бир өкүнгөнүм, казак төкмөсү Аслан Гафуровго туш келбей калганым. 2006-жылдын ноябрында Казакстандын Орал шаарына дастанчы Мухит Мерейм уулунун 165 жылдыгына барганыбыз. Ошондо Аслан экөөбүз финалга чыкканда ал мага катуу сөз айткан эле. “Жерин саткан кыргыздар, Жердин баркын билеби? Элин аткан кыргыздар, Элдин баркын билеби? Тамак ичип көрбөгөн, Туздун баркын билеби? Кыз көрбөгөн кыргыздар, Кыздын баркын билеби? Жериңерде пикет-митинг болуп жатса, силер бул жакта ырдап жүрөсүңөр”,- деп кирди. Бизде ошондо чын эле бир жумалык митинг болуп жаткан. Ичимден таарынып калсам да, өзүнө жараша мындайча жооп бергем:
Кыз баркын билбейт кыргыз деп,
Кордобо элдин бардыгын.
Акаев менен Назарбаевдин,
Ычкырына байлаба,
Эки элдин бирдей тагдырын.
Силер “айгайлап” обон созсоңор,
Биз токтолбой туруп төгөбүз.
Анан жеңилмек элек неге биз?
Кыз баркын билбейт кыргыз дейт.
Карындашың бар болсо,
Берсең анан көрөбүз – деп ырдадым. Андан сырткары, алардын жел токсон окуясын биздин Аксы окуясына салыштырып “силердин башка оор кайгы түшкөндө кыргыз жаштары казак эли үчүн Отарга чейин барып, мылтыкка төшүн тосушкан. А сен элин аткан кыргыздар деп шылдыңдап күлөсүң” деген мааниде ырдадым. Ошондо залда кол чаппай отурган улуу муундагылардын баары дүркүрөтө кол чаап “байгени бер кыргызга” деп кыйкырышты. Көп упай топтогон казак төкмөлөрү мени менен айтышпай туруп эле башбайгени жана биринчиликти алып кетишти. Мен болсо 2-орунду алгам.
– Анда казак төкмөлөрүнө айтайын деп жүргөн сөзүң бар турбайбы?
– Өткөн айтышта Асланга туш болсом бир топ сөз айтмакмын. Ага Жеңишбек өнөк болуп чыкканда “Аслан, Отарда айтканыңды азыр эл алдында айтчы” дебедиби. Аслан сөздү башка жакка буруп, Бишкекти, кыргыз элин мактап туруп алды. Биз төкмөлөр сахнада курч ырдаганыбыз менен ырларыбыз үчүн бири-бирибизге кек сактабайбыз.
– Канча жолку баш байгенин ээсисиң?
– 2005-жылы филармонияда Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдыгына карата өткөрүлгөн республикалык айтышта башбайгени жеңип алгам. Андан тышкары, бир нече жолу биринчи, экинчи орундардын жеңүүчүсү болгом.
– Ийгиликтериңди көргөн жа­кындарың сени менен дайыма сыймыктанып келишсе керек...
– Атам байкуш менин ырдаганымды укпай кетти. Ал бар кезде деле төгүп ырдаганым менен үйдөн ата-эне, биртуугандарымдын көзүнчө такыр ырдай албайт элем. Мен кайсы убакта жеңишке жетишпейин, дароо атамды эстейм. Анын менин ийгиликтеримди көрбөй кеткенине ичим ачышат. Апам менин жамактаганымды телевизордон көрүп эле жүрсө керек. Маңдайыма отуруп көргөнү 2005-жылда болгон республикалык айтыш болду.
– Айтыш өнөрүнүн ички сырлары боюнча атайын окуп үйрөндүң беле? Же тубаса талантпы?
– Айтыш өнөрүнүн сырларын бир жыл окудум. Мага ушул гана жетиштүү болду. Бирок, дээринде барлар, жөндөмдүүлөр окубай деле төгүп жүрүшпөйбү.
– Кайдан окудуң эле?
– Мектепти бүтүп, эртең мамлекеттик экзамендердин экинчиси болот деген күнү атам 51 жашында каза болуп калды. Ошону менен «үйгө жакыныраак болосуң» деп апам мени Таластан окутмай болду. Биздин айылдын колунда бар жигиттери «жардам катары жылына эки окуучуну Талас университетине өткөрөбүз» дешкен. “Жакшы окуйт” деп эки баланын бирине мугалимдер мени жазып коюшкан эле. Чынында, ал жакка окугум келген эмес. Кудай жалгап, тиги кишилер да “окутпайбыз” деп айнып калышты. Сүйүнгөнүмдү сураба. Ошентип, Бишкекке жол тарттым. Келсем, бардык окуу жайларда документ кабыл алуу аяктап калыптыр. Анан филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырдым. Экзамен алып жаткан бир нече адамдын алдында төкмө акын болгум келээрин айтып ырдадым. Арасында отурган бирөө “сен жаттап алсаң керек, бул жерде атактуулар отурат. Ошолорду кошуп ырдачы” деди. “Башка тема бересиңерби, отургандарды тааныбайт экем” десем, “эмнесин тааныбайсың, булар–Самара Токтакунова, Анарбек Ибраев” деп тааныштыра кетти. Аларды телерадиодон угуп, көрүп жүргөнүм менен бет маңдай келгенде тааныбай койдум. Ошентип, аларды жамактап ырдагандан кийин «сенден акын чыкпайт» деп кылкыяк бөлүмүнө өткөрүп коюшту.
– Эмне үчүн?
– Азыр ойлосом, алардын мени айтыш бөлүмүнө өткөрбөй коюшкандыгы, комиссиянын курамында төкмө акындардын жоктугу экен.
– Кыл кыяк бөлүмүнө өтсөң, бул аспапты мурун чер­тип жүрчү белең?
– Чертип жүргөндү айтасың, ага чейин кылкыяк көрдүң беле деп сурабайсыңбы. Колума алып чертсем, кыйчылдайт же түшүнбөйм. Кечинде жатып алып “ушинтип кор болот белем” деп ыйлайм. Кылкыякты үйрөнүп кеткенден кийин “Курманбек”, “Гүлгаакы” дастандарын ырдап калдым. Ошол жылдары аскерге улам-улам чакырта беришкенинен «филармонияда окуйт» деген маалымдама алып барсам, ал дагы жарабай калды. Ошондон улам бир жылдан кийин искусство институтунун музыка бөлүмүнө тапшырдым. Ал жерде төрт жыл окуп, 5-курста жүрөгүм эңсеп келген фольклор бөлүмүнө которулуп, дастан айтуу, айтыш өнөрү боюнча Замирбек Үсөнбаевден сабак алдым.
– Фольклор бөлү­мүндө окусаң, айтыш, дастан айтуудан сырткары элдик ырларды да жакшы созсоң керек...
– Мектепте манас айтып, комуз менен элдик ырларды жакшы ырдачумун. Филармониянын алдындагы студияга өткөндөн кийин кылкыяк бөлүмүндө окуганым менен вокалдан сабак алып жаткандарды туурай берчүмүн. Тактап айтканда, аларды туурап үйдөн үнүмдү бийик чыгарып кыйкырып жүрүп үнүмдү бузуп алгам. Ошентип, өзүмдүн үнүмдөн жок же тарбияланган үндөн жок калгам.
– Мектептен эле комуз чертип ырдачу экенсиң, ал эми окуу жагынан кандай элең?
– Сабактан деле жакшы окуган окуучулардын катарында элем. Бирок, төкмөлүккө көбүрөөк маани берсем керек.
– Кыргыздын байыркы өнөрлө­рүнөн болгон айтыш өнөрүн улоочулардын катарын жөн жерден толуктабасаң керек...
– Туура айтасың. Чоң атам, өз атам экөө тең жамактап ырдаган, макалдаштырып сүйлөгөн, ооздорунан сөз куюлган адамдар болушкан. Атам сүйлөгөндө өзүнөн улуу адамдар дем чыгарбай угушчу экен. Эсимде, раматылык атам үйдө нан, чай жок болсо да, көчөдөн өтүп бараткан адамды чакырып келип аны менен кечке сүйлөшүп отура берчү.
– Биринчи жолу качан жамактап ырдадың?
– Жамактап ырдоо менин ыр чыгаруумдан улам өнүктү окшойт. Биринчи жолу 5-классымда “Ата-энем тойго кетти” деген ыр жазгам. Сыртта каттуу бороон болуп жаткан, ата-энем болсо тойго кеткен. Анан эле тамдын төбөсүндө бирөө басып жүргөнсүп дүңк-дүңк дейт. Ошондо бөбөктөрүм уктап калбаса экен деп коркконуман аларды кечке уктатпай ыр чыгаргам. Тамдын төбөсүндө бирөө басып жүргөндөй болгону шамалдан улам антенна шыпка тийип, катуу үн чыгып жатыптыр. Ал эми жамактап ырдаганым 10-классымда башталды. Мектептин кире беришинде биздин айылдан чыккан Алымкул, Замир, Эстебес, Абдылдалардын сүрөттөрү илинип турчу. Аларды көрүп “менин да сүрөтүм ушул жерде илинсе... Булар кантип төгүшөт болду экен?” деп ойлоно берчүмүн. Ошентип жүрүп, классташ балдарымдын баарына ат коюп жамактап ырдай баштадым. Балдар түгөнгөндө кыздарга да ат койдум. Мунумду мугалимдер чогулушка чыгарып, урушуп жатып койдурушкан. Райондорго айтыш өнөрү менен конкурска барганда мени менен айтыша турган балдар жок болгондуктан, байгени ырдабай эле алчумун.
– Канча биртуугансың? Алардын ичинен айтышка кызыккандары барбы?
– Жети биртууганмын. Үчөө үй-жай күтүшкөн. Ал эми үчөө бойдок. Алардын ичинен көркөм сөзгө кызыккандары бар. Бирок, мендей айтышты аркалап кеткендери жок.
– Эми сөздү сенин жеке жа­шооңо бурсак, сүйлөшкөн кызың барбы?
– Үч жылдан бери сүйлөшүп жүр­гөн кызым бар. Кудай буюрса, эмки орозодо үйлөнүп, ичкилиги жок той берип, апамды сүйүнтөйүн деп жатам.
– Чыгармачылыгың өркүндөй берсин. Маегиңе рахмат.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 307, 19-25-сентябрь, 2008ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан