ОМА: «ҮЙЛӨНГӨНГӨ ДАЯРМЫН»

Ома жөнүндө кызыктуу фактылар:
• Окрошканы жактырбайт.
• Спорт менен машыгып жүрүп 3 жолу бутун сындырып, 6 жолу колун кокустаткан. Манжаларынын бардыгы бир иреттен сынган.
• Жашоодо эң көп колдонгон сөзү - Кудайым буюрса.
• Эки жолу машинасын алмаштырган жана экөөнү тең ак эмгеги менен тапкан акчага сатып алган.
• Бишкекте буга чейин 8 кафеде музыкант болуп иштеген.
• Алгачкы жолу 6 жашында тойдо чуркап, жарышуудан 1-орунду алып, 1000 рубль акча тапкан.
• Азыркы күнгө чейин катуу ооруган эмес.(Оорубай эле койсун!)
Маегибизди таттуу балалыктан баштасак. Балалыгың кайсы жакта өттү?
– Балалыгымдын өткөнүнөн эмес, башталганынан баштабайлы­бы?
– Макул. Кантип башталды эле?
– Балалыгым караңгыда башталган. Анан жарыкка чыксам, акушер туруптур мени карап. Ошентип, жашоом башталган (күлүп). Тамаша. Өзүм Манас атамдын жери Таласта төрөлүп, ошол жакта өстүм. Кичинекейимде эле тентек, өжөр, көк бет бала элем. Тийбе деген нерсеге тийип, кылба деген ишти атайлап кылчумун. Чоңоюп эс тартканча ата-энемдин жана менден улуу байкем менен эжемдин эсин эки кылдым го.
– Ошол кездеги шоктук кылган жорук­тарың­дан айта кетпейсиңби?
– Эми баарын айтсам, гезиттин барактары жетпей калат. Ошентсе да, бир- экөөнү айтып берейин. 6-7 жашымда болуш керек, казанда тамак бышып жаткан. Анан ата-энем “Өмүрбек, казандын жанына жолобо! Тамак бышып жатат” десе, мен барып топуракты кетмен менен казанга салып жибергем. Бул ишим үчүн атамдан уруш укканым али эсимде. Дагы бир жолу от күйүп жаткан очоктун жанында ойноп жаткам. Отко жакын жерде отурганымды көргөн агам менен эжем “отко жолобо, алыс ойно” деп урушуп калышты. Буга жиним келип, айткандарын тескери аткарып бир кружка керосинди күйүп жаткан отко чачып жибергем. Оттун жалыны кайра мени каптап, ошондо бутумду күйгүзгөм.
– Мындай тентек балдардан ата-энеден мурун кошуналар тажашчу эле...
– Айтпа, кошуналардын мени көрөйүн деген көздөрү жок болсо керек эле. Анткени, алардын тоок, үндүктөрүн биздин короого кирсе эле кетмен менен башка чаап өлтүрө берчүмүн. Бирок, ал эмес өзүбүздүн деле тоокторду өлтүргөн күндөрүм болгон. Кечкисин аларды тоокканага киргизе албай койсом эле колума урунган буюм менен жыга чапчумун. Кошуналарга тиешелүү дагы бир окуя эсимде калыптыр. 8-9 жашымда болсо керек, целлофанды күйгүзүп алып жерге тамызып ойноп жүрүп бир кемпирдин дааратканасын өрттөп жибергем.
– Көчөдө балдар менен да көп күрөшчү белең?
– Эми балалыкта боло берет да. Бир күнү апама “мен күрөшкө барам” деп калбаймынбы. Атам экөөнүн тең чачы тикесинен тик туруп “сага ушул эле шоктугуң жетишет. Күрөшкө барып калсаң сенин соо жериң калбай сынып, кулагың жок калат” деп алпарып бий ийримине катыштырып коюшкан. Муну уккан досторум мени “бийчи” деп шылдыңдай башташты. Буга ызаланып, өзүм эле үйүбүздүн жанындагы күрөш клубуна жазылып алып, бийге кеттим деп ошол жакка бара баштагам. Анан бир жылдан кийин күрөш боюнча мелдеште биринчи орунду алгандан кийин үйдөгүлөр күрөш­кө барганыма каршы болбой калышкан.
– Ушунчалык шок бала белең? Айтып берген кылыктарыңа караганда жиниң бат келет окшойт?
– Жиним бат келет, бирок, андайда өзүмдү токтоо кармаганга аракет кылам. Бирок, бирөө жарым жиниме катуу тийсе менин көзүмө көрүнбөй эле койсун (Күлүп).
– Мектепте кандай окуган окуучу элең?
– Класс­таш кыздарымды өзүм билгендей кылып тамашалап ойночумун. Байкуштар мени көрүп эле ыйлашчу. Мектептин эң хулиганы, анан эң жакшы окуган окуучусу болдум. Мектепти кызыл күбөлүк менен аяктадым. Анан да кичинекейимен эле кыргыз элинин патриоту болчумун. Башымдан эч качан ак калпак түшчү эмес.
– Студент кезиңде да группалаш кыздарыңды ыйлатчу белең? Деги эле студенттик күндөрүң кандай өттү?
– 1999-жылы Бишкекке келдим. Кыргыз улуттук университетинин экономика бөлүмүнө бюджеттик негизде өтүп кеттим. Чынын айтуу керек студент болгондон кийин токтолдум. Буюрса, келечекте мыкты элчи болуу тилегим бар. Ошондой эле мамлекет үчүн иштеп, чоң адам болууну тилек кылдым. Ошону менен кыздарды ыйлатып, шоктук кылганга убактым да жок болуп калды.
– Келечекте ырчылыкты таштап элчи бо­лосуңбу?
– Ырчылык өнөр мага Алладан берилген талант. Аны мен эч качан таштабайм. Билл Клинтон Американын президенти болуп деле саксофондо ойногонун калтырган эмес.
– Учурда ырчылыктан тышкары эмне менен алек­те­несиң?
– Бир гана ырчылыкта эмгектенип жаткан кезим. Анан да айта кетчү нерсе, мен жергилик­түү жөнөкөй концерттерде эмес, чоң-чоң эл аралык дең­гээл­деги сынактарга катышууга көбүрөөк басым жасап жатам.
– Сенин АКШдан алып келген 4 меда­лыңдын күчү байкалып жатабы?
– Медалдарым мага чоң сыймык болду. Мени мактагандардын саны арбыды десем болот. Мурдагыдан да таанымал боло түштүм окшойт.
– Өткөндө бизге берген интер­вьюңда Президенттин кабыл алуусуна чакырылдым дедиң эле. Эмне болду?
– Ошондон бери мамлекет башчыбызга кире элекмин. Курманбек Салиевичтин жумуштарынан улам кабылдоо 3-октябрга жылдырылган.
– Жогоруда элимдин патриотумун деп калбадыңбы. Учурда мамлекетибиздеги кароосуз калган кары адамдар, балдар, майыптар көп эмеспи... Сурайын дегеним, аларга кандай жардам көрсөтөт элең?
– Эң жакшы суроо экен. Албетте, мындай адамдарды көрүп бооруң оорубай койбойт. Жал кичирайонунда психикалык жактан жабыр тарткандардын балдар үйү бар. Ал жакка мен жыл сайын балдар майрамында таттууларды алпарып, бир күн тамак берип, сүйүндүрүп турам. Азыр колумдан келгени ушул болуп турат. Кудайым буюрса, чоң кызматта иштеп калсам, сөзсүз түрдө мамлекеттик деңгээлде жардам берем. Негизи эле кары адамбы, жаш балабы, эмнеси болсо да аларды майрамда эле ойлобостон ар дайым ойлоп турсак жакшы болмок.
– Эми жеке жа­шооңо тиешелүү суроо узатсам. Качан үй-бүлө курууну пландап жа­тасың?
– Болочоктогу балдарымдын мээримдүү, эстүү энеси боло турган кызды тапсам эле үйлөнөм. Ошол издеп жүргөн адамымды азыр тапсам, кийинки 30 мүнөттүн ичинде үйлөнүп алганга даярмын. Негизи, маңдайга жазганы деп коюшат го. Ошол сыңары, көрө жатаарбыз.
– Болочок жубайыңды кандай элесте­тесиң?
– Мен кыздардын сырткы сулуулугуна таптакыр карабайм. Андыктан, бар билгеним менин жубайымдын ички дүйнөсү сулуу болот.
– Баса, өткөндө футбол таймашына чакырдык эле эмнеге келген жок­суң?
– Мен барсам, утуп алмакмын. Анан утуп алгандыгым үчүн мени жаман көрүп, гезитке чыгарбай койбосун дедим. (Күлүп)
– Байкашымча, журналисттер менен тамашалашып сүйлөшөт экенсиң? Интервью берген сага жагабы?
– Журналисттердин баары менен тамашалашып сүйлөшө бербейм. Көңүлүмө жаккан адам менен тамашалашам. Бирок, өзүм жөнүндө көрүнгөн нерсени айтып мактана бергим келбейт. Ошондуктан, мен жөнүндөгү макалаларды, интервьюларды үтүр чекитине чейин окуп отурбайм.
– Биздин гезитке чыккан интервьюңду да оку­байсыңбы?
– Сиздердин гезити­ңиз­дерге чыккан макаламды мен жакындарым аркылуу билип, ар кандай комплименттерди угам деп ойлойм. Көбүнчө менин досторум, туугандарым айтып беришет. Бирок, сиздердин гезитти абдан жакшы көрөм. Колума гезит тиер замат окуп чыгам деп турам.

Ома
“Махабатым”
Сөзү: К.Урмамбетовдуку
Обону: Оманыкы
Көргүм келет сени күндө,

Көлөкөңө зар болуп, алтыным.
Түшөм жалынга,
Көлдөй толкуп көңүлүңдө.
Көкөлөймүн жар болуп, жаркыным,
Жүрсөң жанымда.
Кайырма:
Махабатым, сен,
Бакыт кушум, сен.
Ыйык жандай.
Айлуу түндөр, ай,
Арбайт жарык шамдай.
Махабатым, сен көкөлөп,
Чалкып учкандай.
Сагынычтан арылбадым,
Саамайыңа байланып, алтыным.
Жаным эзилди,
Канат болуп кагылайын.
Карегиңден айланып, жаркыным,
Арнап сезимди.
Ак дилимден төгүлөйүн алдыңа,
Адамзатка калсын бизден санжыра.
Жадырап күн нурундай,
Жарашып эгиз талдай,
Боз үй тигип махабаттын айылына.

Бул ырды «www.super.kg» сайтындагы Медиа-порталдан уга аласыздар.
Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 309, 3-9-октябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан