НЕЛЯ: «БАКТЫГҮЛ ЭКӨӨБҮЗ ТУУРАЛУУ УШАКТАРДАН ТАЖАДЫМ»

– Неля, көптөн бери бизге келбей, көрүнбөй кеттиң. Эмне менен алек болуп жүрөсүң?
– Силерге көптөн бери келбей, аябай сагынып калыптырмын. Учурда бутум-бутума тийбей концертиме чуркап жүрөм.
– Концертиңди атайын студенттер күнүнө арнап өткөргөнү жатат окшойсуң го.
– Ооба, студент болбой калганыма туура 3 жыл болуп калыптыр. Студенттик күндөрүмдү кадимкидей сагынып жүрөм. Ошол себептен студенттер күнүндө атайын жаштарга арнап жеке концертимди берүүнү чечтим. Баса, айта кетчү нерсе, шоу-бизнестеги ырчы айымдардын ичинен биринчи болуп квартет ыр жаздырганы жатабыз. Бул ырды актриса Асема, “Кылым” тобунун экс-солисткасы Чолпонай, Кундуз Канатбек кызы жана мен ырдайм. Ыр бир топ оригиналдуу жаралды. Анча-мынча сырды ачсам, сахнада төрт ырчы кыз акыйнек айтышабыз. Буюрса, бул ырды концертимде элге тартуулайбыз.
– Аябай арыктап кетиптирсиң...
– Арыктаганымдын себеби ден соолугума байланыштуу. Быйыл абдан көп ооруп, ооруканаларда жаттым. Ошондон аябай арыктап кеттим. Азыр тамак ичсем да, уктасам да оюмдун баары концертимде болуп жатат. Арыктаганыма концерттин түйшүгү да кошулуп жаткан окшойт.
– Жакында эле чыгыш стилин таштап, таптакыр башка стилде ырдайм деп айттың эле. Бирок, жаңы тарттырган клиптериң кайра эле ошол стилде жаралыптыр...
– Ооба. Менин “Жок, жок” деген ырым чыгыш стилиндеги акыркы ырым десем болот. Учурда мен эски ырларга, кыргыздын улуттук колоритине көп басым жасап жатам. Дагы бир кызык нерсе, мен кичинекей кезимде Елена Урсаленко деген ырчынын “Осень” аттуу ырын аябай кунт коюп угуп “чоңойгондо ушул ырды ырдап чыксам” деп кыялданчумун. Эми минтип, ал ырчы айымды таап, анын уруксаты менен ырын жаңы стилде жаздырдым.
– Быйыл ырчылардын дээрлик көпчүлүгү чет жактарда гастролдоп жүрүштү. Сен да чет жактарга чыктыңбы?
– Башка ырчыларга караганда мен чет жактарга көп чыкпайм. Быйыл Москвага, анан Алматыга эле барып келдим.
– Күз мезгили тойлордун сезону эмеспи. Мындайда силер бир күн эс албай иштейсиңер. Ал эми кышты ич ара «мёртвый созон» деп тамашалап каласыңар. Быйыл «мёртвый сезондо» эмне кылмакчысың?
– Чын эле күзүндө тынымы жок иштейбиз да, кышында жыл бою чогултканды жеп жатабыз. Эс алабыз. Бирок, мен быйылкы кышты бекер кетирбей студент болууну чечтим. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун коомдук-маданий ишмердүүлүк бөлүмүнө тапшырдым. Буюрса, январь айында окуум башталат.
– Чыгармачылыкта жүрүп, окугандар сабакка көп бара албай калышчу эле...
– Азыр бардыгы эле “о-ой, сен кантип окумак элең. Башка ырчыларга окшоп сабагыңа барбайсың да” деп ишенбей жатышат. Бирок, мен студенттик күндөрдү сагынып калыптырмын. Буюрса, ар бир сабакка катышып, лекцияларды толук жазам. Көрөсүздөр го.
– Ал жактагы студенттер тийишип тажатышат деп чочуркаган жоксуңбу?
– Алар менин болочоктогу кесиптештерим да, түшүнүү менен мамиле кылат деп ишенем.
– Дегеле, кү­йөрмандарыңа кандай мамиле кыласың?
– Мен ар бир күйөрманыма жылуу мамиле кылганга аракет кылам. Машинам менен баратканда кээ бирлери кол булгашат, аларга сөзсүз түрдө жооп кайтарып башымды ийкеп коём. Мага келген ар бир катты, оюнчукту бапестеп сактаймын. Атам тааныбаган эле адамдар сыйлап, жылуу сөзүн арнап жатышса кубанбай коё албайсың.
– Сенин күйөрмандарыңа кызык болсо керек тойлордо, концерттерде ырдаганыңа канча акча аласың?
– М-мм... бул суроого сөзсүз жооп бериш керекпи?
– Мүмкүн болсо.
– Эми ырчылар арасында кесиптеш катары бекер эле ырдап беребиз. Шоу-бизнесте мага жакын адамдардын концертине катышканда кантип акча алмак элем? Ал эми тойлордо 2 ыр ырдасам, 200 доллар алам. Бирок, кээ бир учурларда тааныш адамдарымдын же досторумдун тойлоруна барсам, көңүлүнөн чыгарып берген акчага ыраазы болом.
– Эми жеке турмушуңа кайрылсак. Үй-бүлөңдө эмне жаңылык болуп жатат?
– Атам көзү өтүп кеткенин жана үйдө мен, апам менен сиңдим бар экенин билесиздер. Сиңдим Алтынай азыр 12 жашта. 6-класстын окуучусу. Аябай сезимтал, боорукер кыз. Апам Кыргыз улуттук университетинде англис тилинен мугалим. Учурда апамды машина айдоого үйрөтүп, окутуп жатам. Буюрса, апама машина белек кылуу ниетим бар.
– Апаң англис тилинин мугалими болсо, сен дагы англис тилин жакшы билсең керек?
– Кайдан?! Мен кыргыз тили менен эле орус тилин билем. Апам англис тилин үйрөтөйүн деп жатат. Апам бир эле англис тилин эмес, немис, түрк, өзбек, казак тилдерин да билет.
– Мындан туура бир жыл мурун бизге чоң интервью берген элең. Ошондогу Неля менен азыркы Нелянын айырмасын айтып бере аласыңбы?
– Өзүбүзгө байкала бербесе да, тынымсыз өзгөрүп турсак керек. Менимче, бир жыл мурдагы Нелядан азыркы Неля акылдуурак, токтоороок, чечкиндүүрөөк болуп калды.
– Уйкучу экениңди күйөрмандарың билишсе керек. Мындай адаттан арылууга аракет кыласыңбы?
– Ооба, азыр короз менен бирге турмай болдум (күлүп). Бирок, концертимди өткөрүп алгычакты эле.
– Баса, акыркы убактарда Урмат Усенов экөөңөрдүн ортоңордогу мамиле, Бактыгүл Бадыева экөөңөрдүн урушуңар тууралуу, дегеле, сен жөнүндө ушактар аябай көбөйүп кетти. Бул кептердин чын-төгүнүн өз оозуңдан уксак дегенбиз.
– “Эл оозунда элек жок” деп коёт турбайбы. Эл көзүндө жүргөн соң артыңдан ушак-айың сөздөр ээрчибей койбойт экен. Урмат экөөбүздүн ортобузда эч кандай мамиле жок. Бактыгүл да мен жөнүндө айткан сөздөрүн негиздеп, анан айтса болмок. Ошондой эле “Неля көзүнө пластикалык операция жасатты. Эми бетине кал койдуруп жатат” деген ушактарды угуп алып аргасыздан күлдүм. Учурдан пайдаланып күйөрмандарыма: “Мен жөнүндө ушак сөздөргө көңүл бөлбөгүлө. Өзүм жөнүндөгү жаңылыктарды “Супер-Инфо” аркылуу өзүм эле жарыялап турам”,- демекчимин.
– Бактыгүл Бадыева “Супер-форумда” “чыккынчылык кылган курбунун мага кереги жок” деп айткан эле. Биз Бактыгүлгө Неля анчалык кандай чыккынчылык кылды экен деп кызыгып калганбыз...
– Билесиңби, мындай кеп-сөзгө маани берип отурууга азыр менде такыр убакыт жок. Чынын айтсам, ушул сөздөрдөн тажадым. Азыр мен бир кеп айтсам, эртең Бактыгүл дагы башканы айтып чыгат. “Как старшая, мудрая” дегендей, жакшысы бул темага кайрылбай эле койгонум оң. Андай жаакташууну мен өзүмө ылайык көрбөйм.
– Макул, сага жагымсыз болсо, бул теманы козгобой эле коёлу. Биздин www.super.kg расмий сайтыбыздагы Медиа-порталга жүктөлгөн “Балалыгым” аттуу ырың жана ырдын клиби тууралуу кеп кылып кетсең.
– Бул ырдын сөзүн Урмат Усенов жазган, обону Мирбек Атабековго таандык. Негизи, балалык тууралуу ыр жаздыруу Мирбектин идеясы болчу. Анан Урматка ыр жазып берүүсүн өтүнгөм. Ал эми клип атайын сценарий менен тартылган эмес. Болгону, клиптеги кичинекей балдар менин туугандарымдын, курбу кыздарымдын балдары. Алардын арасында менин сиңдим да бар.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 311, 17-24-октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан