ЧЫҢГЫЗ МЫРЗАЕВ: «БЕТИМДИ КАРЫНДАШЫМ ТЫТЫП АЛГАН»

Кыскасын айтканда...
  • 85-90 жыл жашагым келет. Андан ашсам, жашагандан зеригип кетем го(тамаша).
  • Бетимдеги тырыгым ты­тыл­гандан калган. Кичинемде карындашым тытып алган.
  • Бир жаман адатым бар. Бир нерсени кармасам да, бирөө менен учурашсам да дароо колумду жыттап коём.
  • Тегерегимдеги адамдардан бөлүнүп, жалгыз калуудан корком.
  • Эки жолу башым жарылган.
  • Ит менен сүзүшүп кетип, бу­тумду тиштеп алган. Оң бутумда ошондон калган тагым бар.
  • Баарынан да сакал алганды жаман көрөм.
  • Жыландын терисин сыйрып, бакка байлап койчумун.
  • Жылкынын чөп жеп жаткан­дагы үнү менен анын бышкырган үнүн баарынан жакшы көрөм.
  • Пенопласттын үнүнөн кыжырым келет.
  • Акыркы жолу карындашым «Сынган кылычты» окуп жаткан экен, ошондон 17 барак окугам.
  • Атам «курсагың токпу?» деп сураса, «бензиним бар» деп жооп берем.
  • Китеп жазуу – менин максатым. Өзүм тууралуу роман жазам.
  • Ыр жазгандан рахат алам. Ырлар жыйнагымды чыгарсам деп жүрөм.
  • Эң биринчи гезитке чыкканым, сиздердин «Супер-фотороманга» тартылганым болгон.
  • Атым Чыңгыз Айтма­товдукуна окшош болгон үчүн жеңелерим мени «жазуучу бала» деп тергешет.

– Чыңгыз, бул жолу кандай жаңы­лыктар менен келдиң?
– Азыр жаңылыгым да, чуркаганым да, даярданганым да, негизи эле жашоомдун учурдагы убактысы ноябрь айында боло турган концертиме камынуу менен өтүп жатат. Бир күн үйгө барсам, эки күн машинамда түнөп дегендей.
– Даярдыкты катуу көрүп жат­кансың го?
– Чынын айтсам, жумуштарыма байланыштуу үйгө барганга убакыт жок. Кечке чейин иштер менен чур­кап жүрүп, анан кечкисин тойлорго барам. Бошогондо саатты карасам, түнкү үч болуп калат. Үйгө жеткенче төрт болот. Анан кайра эле бир сааттан кийин жумушка аттануу керек. Андан көрө жолго кетирген убактымда уктап алайын деп машинама камдап койгон жуурканымды алып чыгам да, жатып алам. Үйгө барганда уктоо үчүн эле баргандай, барарым менен эле уйкуга кетем, ойгонорум менен жумушка. Кээде атам: «Кел эми, биздин үйдөн деле чай ичип кет»,- деп тамашалап калат.
– Негизи эле үйдө кандайсың?
– Үйдө чынын айтсам, көп сүйлөбөйм. Негизи, токтоомун. Кээде чай ичип отурганда үйдөгүлөр «радиодо балээдей эле сүйлөйсүң го, сүйлөп отурсаң боло» деп калышат. Мен да тамашалап, «алар сүйлөгөнүм үчүн акча төлөшөт да» деп калам. Ал эми досторумдун арасында таптакыр башкамын, шайыр-шамдагай дегендей. Иши кылса, кандай чөйрөнүн адамдары менен баарлашсам, аларга тең болуу үчүн хамелеон болуп өзгөрүлүп турам.
– Хамелеонмун дегениңен улам негизи эле мүнөзүң кандай деген суроо узаткым келип турат.
– Бир аз корсмун. Кээде аша чапкан күйөрман кыздарга да катуураак сүйлөп алып, алардан сөгүш угуп калган күндөрүм болгон.
– Мисалы…
– Мисалы, бир кыз чалып алып эле «жа­ным, Чыңгыз, кан­дай­сың?» деп жат­пайбы, «сиз кимсиз?» десем, «өз каныңдан жаралган балаңдын апасын тааныбай калдыңбы?» дейт. Анан аны кагып жиберип, трубканы коюп салдым да, «балким, гезиттен мени тамаша торго илип жатышпасын» деп бир аз ойлонуп калдым. Кайра дагы чалды эле элге уят болбоюн деп жумшагыраак сүйлөп «сизде намыс деген жокпу, уялсаңыз боло?!» дей баштадым.
– Буга окшо­гон күйөр­ман­да­рың­дын кылыктары жөнүндө кызыктуу окуя­лар көп болсо керек…
– Андайлар көп эле болот. Кээси чектен ашып үйгө барып алышат. «Чың­гыз үйдө жок» десе, апам менен урушуп да кетишет экен. Бирок, ошентсе да, күйөрмандар бар биз барбыз да. Көбүнчө кат жазышат, үйдө он килограммдай кат турат го дейм. Аларды мен көп окубагандыктан, атам «сен окубасаң, мен окуп коёюн» деп окуп чыгат. Баса, атам да менин күйөрмандарымды жакшы көрөт. Үйдөгү телефондон мени кыздар сурашса, «ай, кызым, Чыңгыз баланча деген досу менен түкүнчө деген жердеги иштерин бүтүргөнү кетти эле» деп отчёт берет экен.
– Балким, ошол күйөрман­да­рыңдын арасында сенин болочок жарың бардыр…
– Болушу мүмкүн. Эмнеге болбосун?! Эң башкысы, жылдызыбыз келишсе болгону. Анан калганы акырындык менен калыптана турган нерсе да. Таптакыр кемчилиги жок адам издей берсең, өмүр бою жалгыз өтүп кетесиң го. Апам айткандай, эң жакшы деген мейиздин да артында чөбү бар.
– Ошол жылдызың келишкен кызды таптыңбы?
– М-мм… Эми талапкерлер бар (күлүп). Жок десем туура эмес болуп калат го. Бирок, бирөөсүнө ише­ним­дүү токтоло элекмин. Ата-энем да «качан бизди келиндүү кылып сүйүнтөсүң?» деп жатышат. Буюрган күн турган чыгар. Азырынча бул жаатта акыркы чечимди чыгара элекмин.
– Бир ишти аткарганда бирөө менен акыл­да­ша­сың­бы?
– Акылдашпайм. Колумдан келгенин иштей берем. Анан акырында иштин жыйынтыгын баалап, өзүмдү күзгүдөн карап туруп «азаматсың!» же «акылы жок десе!» деп урушуп калам. Ошентип, өзүм менен өзүм да сүйлөшө кетем.
– «Үйгө барып кененирээк эс ал­ганга да убактым жок» дебедиңби. Кээде мындай турмуштан да тажап кетсең керек...
– Кээде эмес, дайыма эле. Ошондуктан, түштөнүү үчүн атайын шаардын четиндеги машинанын үндөрү аз жерге барып, бир-эки саат отуруп келем. Баса, тамактануу дегенде эстеп кеттим. Убактымдын тардыгынан кээ­де түштөн кийин саат үчтө эртең ме­ненки тамагымды ичкен күндөрүм болот. Ашказаным байкуш да буга көнүп калды. Кайсы убакта тамактансам да, түшүнүү менен мамиле кылып, маңдайы жарык тосуп алат.
– Ошол үчүн арыксың го?
– Мүмкүн. Бирок, азыр мага жаштыгымда чуркап турганга шамдагай болгонго арык эле болуп турганым жакшы го. Ошентсе да, бир аз толгум келет.
– Эми чыгармачылык багыттагы суроо узатсам. Ырчылыкка кантип аралашып калдың эле?
– Мен биринчи жолу 5-классымда мектептин сахнасына «Манас» айтып чыккам. Андан кийин ырчылыкка болгон кызыгуумдун артынан Жалал-Абаддагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумун бүтүрдүм. Негизинен, эстрадага караганда комузда ырдоо жагынан шыктуу болчумун. Окууну бүткөндөн кийин эки жыл Чаткалда мектепте көркөм жетекчи катары музыка мугалими болуп иштеп жүрдүм. Анан Бишкекке көчүп келгенден кийин радиодо иштей баштагандан тартып ыр жаздырып, ырдап да чыга баштадым.
– Мугалим кезиңди эсте­сең…
– Биринчи жылы өзүмдөн эки жаш кичүү окуучуларга сабак берип калдым. Кыздар «агай» деп тийише бе­ришчү (күлүп). Анан дагы бир эсте калганы класс жетекчилигим үчүн бир жолу 80 сомум чыкпай калыптыр. Ошол үчүн эсептегичимди көтөрүп алып районго чейин баргам. Анан чогулушта мектеп директорубуз «биздин мугалимдер эсепчи болуп баратышат» деп мени какшыктаган эле.
– Акча демекчи, биринчи тапкан акчаң эсиңдеби?
– Эсимде. Үчүнчү классымда атама сары зымдан толтура шакектерди жасатып алып, алпарып кыздарга сатып акча кылгам. Бир жумадан кийин карасаң, мектептеги кыздардын баары атамдын шакектерин тагынып алышкан. Негизи эле балалыгымда эч тартынбаган, шок болчумун. Жеңелериме көп тийишчүмүн. Аларды коркутам деп тамдын башына чыгып, таңылган чөптү жеңемдин башына ыргытып, терезеден кирип халат кийип алып бурчка тескери карап гитарада ойноп отуруп алган күндөрүм болгон.
– Чынында эле көп кырдуу талант тур­байсыңбы. Дагы ким болуп иштеп көрдүң эле?
– Жалал-Абадда окуп жүргөндө атамдын жолуна түшүп, эки жыл сү­рөтчү болуп иштедим. Студенттерди сүрөткө карызга тартчумун да, стипендия бергенде бухгалтериянын алдына туруп алып, акча жыйначумун. Анан, албетте, айылдын кулуну болгондон кийин мал жайып, чөп чапмай менден калган. Шаарга келгенден кийин да бир жыл талаада иштеп жүрдүм. Анан Искусство институтуна тапшырып, Улуттук Биринчи каналга ишке киргем. Алгач кадр артында аба ырайын айтып жүрүп, кийин эфирге чыга баштадым. Анан радиого кеттим.
– Келечекте өзүңдү кандай элес­тетесиң?
– Ырчылык менин хоббим катары калат. Азыр юридикалык жактан билим алып жатам. Буюрса, элге пайдасы тийген мыкты кызматкер болсом деген тилегим бар.
– Чыңгыз, акыркы суроом, биздин WWW.SUPER.KG сайтындагы Медиа-порталга жаңы эле жүктөлгөн «25 жаш» деген ырыңды кандайча ырдап калдың эле?
– Бул ырды мага Бек байке «Арман» деген ырын ырдап чыккандан кийин белекке берген. Мага сунуштаган эки ырдан дароо эле ушунусун тандап алгам. Өзүм да жыйырма беште эмесминби.
– Келип кызыктуу маек куруп бер­гениңе чоң рахмат, кон­цертиң ийгиликтүү өтсүн.
– Сиздерге да чоң рахмат.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 312, 24-31, октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан