АЙГЕРИМ РАСУЛ кызы: «МАРК ДАКАСКОС МЕНЕН КИНОГО ТАРТЫЛЫШЫМ МҮМКҮН»

«Мен жөнүндө кыскача ...»

  • Мен бир да жигит менен жүргөн эмесмин.
  • Жылына номеримди 9-10 жолу алмаштырам. Бардыгы болуп 50 чакты номер алмаштырдым окшойт.
  • Бийик такасыз бут кийим таптакыр кийбейм.
  • Чачымды жөн эле шампунь менен жуусам тармал, шампундан кийин бальзам менен чайкасам түз болуп кургайт.
  • Жаныбарларга жакынмын. Айрыкча мышыкка. Үйдө Жади деген мышыгым бар. Тырмактары аябай узун, көздөрү бакыракай. Бетимден башка жеримдин баарын тытты окшойт.
  • Кээде күзгү аркылуу өзүм менен өзүм сүйлөшөм. Айрыкча эртең менен өзүмө “акылдуу бол” деп дайыма эскертем.
  • Ар бир кийимди жыттап, анан кием. Тамакты да жыттап, анан жейм.
  • Таптакыр баш кийим кий­бейм.
  • Тамак жеп жатканда вилканын тишке тийген үнүн уксам, табитим бузулат.
  • Тооктун этинин (гриль) жыты жагат.
  • Колумду мурдума тийгизип коймой адатым бар.
  • Сахнага чыгарда гана боёном.
  • Кээде байкабай, музыка жок болсо деле ойлонуп кетип бийлеп жиберем. Көргөндөр болсо түшүнүшсүн (күлүп).
  • Аябай көк бетмин. Бир айткан сөзүмдүн акырына чыкмайын кайтпайм. Туура эмес экендигин билип калсам да.
  • Эттеги майды таптакыр жебейм.
  • Концертимде Динара Акулова өз колу менен мага эки костюм тигип берди.
  • Бир жумада бир жолу өзүмдү эркелетип картошка бышырып, үстүнө кетчуп куюп жейм. Андан башка жумуш деле кылбайм.
  • Уктаганда чачымды да түздөп, узунунан жаткырып коём.
  • Ырчы болгондон кийин ачык түстөгү кийимдерди кийип, жанымдагыларга шаң тартуулап турган жагат. Анан да шуруларга аябай жакынмын.

– Айгерим, бул жолу бизге кандай жаңылыктар менен келдиң?
– Азыркы учурда башкы жаңылыгым эле тасмага тартылып жатканым болсо керек. Учурда Геннадий Базаровдун “Танго” деген аталыштагы жаңы кино тасмасына тартылуу менен алекмин. Баса, белгилей кетсем, үч Эл артистинин катарында роль жаратуу мен үчүн чоң жетишкендик. Өткөндө Ысык-Көлдө болуп өткөн кинофестивалга да барып ырдагам. Ал жактан тасмага тартылуу боюнча 3-4 сунуш түштү. Алардын эң башкысы – жаңы долбоордун негизинде атактуу Голливуд актёру Марк Дакаскос менен биргеликте тасмага тартылуу сунушу болду. Буюрса, жакынкы аралыкта дагы байланышып, сүйлөшүүлөрдү бекемдейбиз деген үмүттө турам. Бирок, азырынча бул долбоор каралууда турат.
– Ырчылыкты таштап, актриса болуп кетпейсиңби эми? Буга чейин индия кинолоруна да тартылуу сунуштары түштү деген элең?
– Ооба, бирок, сунушталган индия киносунун сценарийи мага таптакыр жакпай калды. Ага жашы улуу кыздар ойнобосо...
– Негизи эле индия кинолоруна жарашып калсаң керек?
– Мага көпчүлүк «индия кыздарына окшошсуң. Кыймыл аракетиң да ошолордукундай, эмне туурайсыңбы?» - деп сурап калышат. А чындыгында, мен ошол кинолордун таасири астында чоңойдум да. Анан балким, экран аркылуу деле жугуп калса керек деп ойлойм.
– Кепти ырчылык жаатында уласак, канча жашыңдан баштап ырдай баштадың?
– Мен кичинекей кезимде эле ырдачумун. Бирок, атам “үн 15 жаштан кийин калыптанат, ошондо ырдатам” деп койгон. Ал эми атамдын сөзү биздин үйдө мыйзам да. Анан чыдабай бийлеп кеткем (күлүп).
– Жаш ке­зиң­ден шоу-бизнес дүйнөсүнө ара­лашуу менен сахнанын кыйынчылыктарын сез­диң­би?
– Менин сахна артында болгон кыйынчылыктарды сезбей, жыргап ырдап жүргөнүмө ата-энемдин салымы чоң. Менин бардык түйшүгүм алардын моюнунда. Өзүм болгону, сахнага чыгып эле ырдап коём.
– Негизи, «сахналаштар билинбегени менен ич ара атаандашышат» деп коюшат го…
– Мен сахналаштарымдын баары менен эле бирдей жакшы мамиледе болууга аракет кылам. Тилекке каршы, кээде өзүмдөн улуу эле ырчы кыздардын мага атаандашып жатканын байкап калам. Анан да алардын арасында көздөрүнүн кыйыгы менен карагандары да бар. Анысы аз келгенсип, “Айгерим мындай кыз. Айгерим андай кыз” деп ушак чыгаргандары да жок эмес. Буларды угуп алып аябай ызаланам.
– Эми “жакшыга сөз жабышат, жаманга чөп жабышат” деп коёт эмеспи. Эл адамы болгондон кийин андай сөздөр боло берет да…
– Болгондо да кандай, чынында эле ыйлата турган сөздөр чыгат. Байкелерим менен эле кетип баратсам, “Айгерим чоң киши менен кетип баратат. Ал жигити экен” дешет. Бир кезде эмнеден экенин билбейм, «Айгеримди атып кетишиптир. Автокырсыктан каза болуптур. Айгерим жакында турмушка чыкканы жатыптыр» деген ушактар тараган. Баарынан да бир күнү сыналгы көрүп отурсак, “Айгеримге индиялыктар куда түшүп келишип, Мерседес белекке берип кетишиптир. Жакында алып кетет экен” деп жатышпайбы! Ошондо ызама чыдабай отуруп алып ыйладым. Чынында эле кээде жөнөкөй эле адамдар сыяктуу тынч жашагым келип кетет.
– Өзүң каалагандай тынч жашоого по­пу­ляр­дуулугуң жолтоо болсо керек…
– Ооба, таптакыр жалгыз баса албайм. Дүкөнгө да эркин бара ал­байсың. Кээде үйдө жалгыз калсам, нанга чыга албай күтүп отура берем. Мен өзүм жөнөкөйлүктү аябай жактырам. Ресторан, кафелерге караганда өзүн-өзү тейлеген ашканалардан тамактанганды, дүкөндөргө караганда базарларды аралаганды жактырам. Кыскасы, жөнөкөймүн. Мына азыр эле Оштон тойдон учуп келатам. Той бүткөндөн кийин «биз менен сүрөткө түшүп кой» дегендер талашып кетип, колумду оорутуп коюшту.
- Күйөрмандарың туурасында кеп сала кетсең…
– Кудайга шүгүр, күйөрмандарым көп эле. Колдоп турушат. Өткөндө бий тобума кастинг жарыялап койсом, толтура балдар келишти. Бийлей алганы да, албаганы да келип алышыптыр. «Кайсы багытта бийлечү элеңер?» десем, «сен кандай кааласаң, ошондой бийлей беребиз» деп күлдүрүштү. Айтор, күйөрмандардын түрү бар.
– Кээде аша чаап кетишпейби?
– Аша чапканда кандай? Үйгө келип калышат. Күйөр­мандар­дын айынан те­лефон номеримди бат-баттан алмаштырып турам. Бир жолу атам мага машина белек кылгандан кийин биринчи жолу өзүм машинамды айдап көчөгө чыккам. Жанымда курбу кызым бар болчу. Бир маалда артыбыздан машина кууп келатканын байкадык. Карасак, ичи толо балдар экен. Алардан качып отуруп араң кутулгам. Ошондон кийин машина айдагыс болдум.
– Эми качан кайра рулга отурсам деген оюң бар?
– Азырынча айдоочу менен эле жүрөм. Айдаганга да жетишермин. Атам жакында мага Лексус белек кылам деди. Ошого сүйүнүп жүрөм.
– Анда сага жансакчы керек болот го…
– Жансакчыларым бар да. Көпчү­лүккө чыкканда дайыма жансакчы менен жүрөм.
– Өзүң анча-мынча чектен аша тийишкендерден коргонуунун ыкмаларын билесиңби?
– Билем. Мени каратэ менен машыктырган бир тааныш байкем бар. Бирок, азырынча бул өнөрүмдү колдонуп көрө элекмин. Мектепте окуп жүргөндө балдарды сабачу элем.
– Эмнеге?
– Кат жаза беришчү да. Кат келген сайын ошол балага барып алып, «бул катты сен жаздыңбы?» деп сурачумун. Анан «ооба» дегенде эле «мына сага» деп сабап кирчүмүн.
– Азыр да сага сүйүү­­сүн арнаган жигиттер көп болсо керек.
– Көп эле, бирок, мен ушул күнгө чейин бир да баланы жактырып, сүйүп көргөн эмесмин. Мен өзүм али баламын да, мага сүйүүгө али эрте. Аны чыдамсыздык менен күткөн да жокмун. Буюрган күнү өзү келсе керек.
– Качан турмуш жолуна аттанам деп ойлойсуң?
– Негизи, мен план менен иш жүргүзүүнү жактырам. Ошол пландарымда 5 жылдан кийин турмуш курууга даяр болсом керек.
– “Айгеримди элитанын балдары жакшы көрүшөт” дешет …
– Бул чын. Атасынын кадыр-баркына чиренген канчалаган жигиттерди “отшивать” эттим. Мага балдардын атасынын кызматы менен байлыгы кереги жок. Эң негизгиси, ошол баланын өзүнүн адамдык сапаттары, анан жигит деген атка татыктуу болушу маанилүү. Айткан сөзүнө турган, чынчыл, намыстуу, акылдуу дегендей.
– Айгерим, келечектеги максат­тарыңдан бир-эки ооз...
– Келечекте журналист болуп, шоу-бизнес тармагын чагылдырган газета, моделдик агенттик, мода үйүн, сулуулук салонун ачсам деген максаттарым бар. Бул менин ырчы айымдарды тейлесем деген кыялдарым.
– Негизи, өзүң стиль жагынан башкалардан айырмаланып турасың. Стилистиң барбы?
– Болгон. Бирок, экөөбүздүн табитибиз эки башка чыгып, иштешпей калгам. Азыр ата-энемдин, жакындарымдын көзөмөлүндө өз табитим менен кийинип жасанам. Туура эмес кийинсем, мени туурагандар болмок эмес да. Бир костюм кийип чыксам эле артымдан башка ырчылар ошону туурап чыгышат. Муну көрүп кайра сүйүнүп калам.
Жакшы экен. Кызыктуу маегиңе чоң рахмат. Салт болуп калгандай биздин WWW.SUPER.KG сайтыбыздагы Медиа-порталга кайсы ырыңды ала келдиң?
– Эми күйөрмандарым, Медиа-порталдан «Кызганам» аттуу ырымдын клибин көрө алышат.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 316, 21-27-ноябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан