БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА: «ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮМДҮ ЭМИ ТАПТЫМ»

– Кандайсың, Бактыгүл? Кептин башын акыркы кабарлардан баштаганыбыз туура болсо керек. Сени жаңы тулпарлуу болду деп уктук...
– Баары жакшы. Чыгармачылыгым өз нугунда эле бара жатат. Ооба, жакында эле S классындагы Мерседес 500 үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болдум.
– Кут болсун! Бул да болсо ишиңдин илгерилеп жатканынан кабар берет.
– Ошондой го. Бирок, мен кандай гана жакшы нерселерге жетишпейин, тескери сөздөрдү чыгарып жиберишчү эле.
– Мисалы...
– Мисалы, мен биринчи машинамды алганда элге “Бактыгүл бир олигарх менен жүрөт экен. Анысы машина белек кылыптыр” деген кеп таркаган. Чынында, биринчи укканда ыйлагым келген. Апама барып алып эле баарын айтып ыйлай берчүмүн. Анан апам “кызым, жолго чыктыңбы, артка кайтпа. Эл айта берет. Эң башкысы, өзүң ыймандуу бол. Ырчы болууну өзүң каалагансың” деп койчу. Ошентип жүрүп быштым көрүнөт. Анан тереңирээк ойлонсом, бул кептер акылга да сыйбайт экен. Себеби, мисалы, бир олигарх менен жүрсөм, мен эмнеге ага Гольф-3 алдырмак элем. Алдырсам, учак, жок дегенде лимузин алдырып айдабайт белем! Азыр эки бөлмөлүү квартирада жашабай, үч-төрт кабаттуу особняктарда жашабайт белем. Чынбы? Анан эле бирөөлөрдүн бир кичинекей сөзүн экинчиси кооздоп, бир эки сөз кошуп айтып койсо, үчүнчүсү андан бетер көбүртүп-жабыртып салат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Негизи, ушактарга көнүп бүттүм.
– Көнүп ка­лы­шың мүм­күн. Бирок, тажасаң керек?
– Тажаганды айтпа. Бири айтат “министр менен жүрөт” деп, бири депутат менен, экинчиси «президенттин биртууганы менен» деп, айтор, мени укмуш кыз кылып коюшат. Бир жолу үйдө температура болуп ооруп жатсам, бир таанышым телефон чалыптыр. “Сени Мадумаров менен бир кафеде түштөнүп жатканыңды көрдүм”,- дейт. Кайдан?! Мен Мадумаровду саясатчы катары сыналгыдан гана көргөнүм болбосо, таптакыр тааныбайм. Анан да атамдай болгон кишилерди жабыштырганда жаның кашаят да. Мага алардын эмне кереги бар?! Мен дени-карды соо болуп туруп, ошондой иштерге барсам, анда өз жаштыгымды кордогон болом да. Анан да байлыкка азгырылган кыздардан эмесмин. Керек болсо, 4-класстан бери иштеп, акча таап, өзүмдү өзүм багып келатам. Ал тургай 7-классымда дарбыз сатып да иштегем. Ошондуктан, эгер мен чоң жетишкендиктерди багындырсам, эл мага таң калбай эле койсун. Себеби, мен эмгекти сүйгөн жанмын. Азыр да ырчылыктан тышкары, соода тармагында чакан бизнесим бар.
– Биз ырчылардын популярдуулугун “Супер-почтага” келген SMSтер аркылуу билебиз. Ошол жакка сага аябагандай көп бил­ди­рүүлөр келет. Алардын көп­чү­лү­гү сени колдоп жазышса, арасында жамандагандары да жок эмес...
– Мен эмнем ме­нен көпчүлүккө жак­­пай калышымды билем. Бар болгону, өтө ачыкмын. Оюмду бетке айтам. Чынында эле менин көөдөнүм таза, ичимде эски таарынычтар, буктар деген жок. Себеби, болгон учурда эле сыртка чыгарып айтып салам. Бул болсо баарына эле жага бербейт. Анан мен жөнүндө терс ойлорун тарата башташат да. Кээ бирөөлөргө окшоп жасалма боло албайм. Ошондуктан, мени жактырбагандарга таарынбайм, эмгегимди баалаган күйөрмандарымдын барына каниет кылып, өз ишимди уланта берем. Анан да исламда кек сактоо деген өтө жаман көрүнүш.
– Учуру келгенде сурап алайын, азыркы тапта бир кездеги курбуң Неля экөөңөрдүн ма­милеңер кандай?
– Мен Элмирага (Неля) таарынбайм. Тескерисинче, рахматымды айтам. Себеби, ал мага чыныгы сүйүүмдү тапканга жол ачты. Мага караганда, өзү айткандай, “старшая и мудрая” эмеспи.
– Кандайча? Чын эле Урмат экөөңөрдүн кыз-жигит катары мамилеңер бар беле?
– Ооба. Урмат мага сүйүүсүн арнап жүргөн. Бирок, ал кезде менин сүйүүм башка адамда катылганын билбептирмин. Азыр мен кубануу менен гана “Урмат менен Элмира бактылуу болушсун” деп айтам.
– Чыныгы сүйүүң туурасында кеп кылсаң?
– Ал жигит менден 4 жашка улуу. Ийгиликтүү бизнеси бар. Өзүмө жарашкан кыргыздын намыстуу, күчтүү, эрк­түү чыныгы мырзасы. Орусча айтканда, мени “на руках носит”. Күн сайын мага 33 даана розадан гүлдесте берип кубантып турат.
– Качан турмуш жолуна аттанууну ойлоп жатасың?
– Жигитим колумду сураган. Буюр­са, эмки жылы деп турабыз. Анан Кудай буюрса, 5-6 баланын бактылуу энеси, жолдошумдун сүйүктүү жары, элиме кызматы сиңген инсан болом деген ишеничтерим бар.
– Оюңар ишке ашса, анда качанкыга чейин ырдайсың?
– «Мен эртең ырдайм же ырдабайм» деп айта албайм, анткени, азыр силер менен коштошуп чыкканда эмне болуп кетем, ким билет. Өткөндө жолдо баратсам, төрт тарабымдан 4 машина курчап алып, жүрөгүмдү түшүрүштү. Ошондон бери моминтип тапанча менен жүрүп калдым. Үч жылдык уруксаты менен досторум белек кылышты.

– Келип, кызыктуу маек куруп бергениңе чоң рахмат. Чыгармачылык ийгилик.
– Сиздерге да рахмат, бар болу­ңуздар.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 319, 12 - 18-декабрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан