Султандын сырларынан
– Кандайсың, Султан, сени “ооруканада жатат” деп уктук...
– Ооба, бир аз сыркоолоп калып, дарыланууга туура келди.
– Ден соолугуң жакшыбы анан?
– Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Катуу суук тийгизип алыптырмын. Концерттерде ырдап, бийлеп жатып тердеп кетебиз да, анан кайра кийим алмаштырганда суук жеп калат экенбиз. “Ден соолуктун кадырын ооруган жан билет” демекчи, эми өзүмдү тимеле жаш баладай карап, кабат-кабат кийинип калдым.
– “Султан операция болгону жатыптыр” деп бизге сенин күйөрмандарың тынчсызданып чалып жатышты...
– Кудай сактасын, эч кандай операциясы жок эле 12 күн ооруканада жатып чыктым. Тескерисинче, бир аз эс алуу дагы болду окшойт. Укол алып, дары ичип коюп, качып чыгып концерттерге катышып жатканым менен бир аз болсо да тынчыраак жатып, ойлонуп, толгонуп алганга мүмкүнчүлүк болду дегендей. Анан да жалгыз жатканда фантазиям жакшы иштеп, жаңы чыгармалар жаралды. Баса, ооруканада жатып жаңы идея таптым. Бир жолу палатадан сыртка чыксам, ал жерде дарыланып жаткан эки-үч аксакал сүйлөшүп турушуптур. Алардын жанына барып учурашсам, бирөөсү: “Балам, сени билем. Жанагы “13 жашар баланын арманы” менен “Күйдүм чокту” ырдаган жигит сенсиң да, ээ?”- деп сурап калды. Эми карабайсызбы, репертуарымдагы 40 ырымдын ичинен ушул гана эки ырды айтып жатканын. Ошондон улам элдик ыр ырдасаң, элге жагат экенсиң деп калдым. Анан да алар “кыргыз ырчысы ыр ырдап жатканда кыргыздын тоолору, ак калпагы, боз үйү, үрп-адаты көз алдыңа элестеп туруусу керек” дешти. Чынында эле учурда эстрадалык ырларга караганда фольклордук жанрдагы ырлар, дастандар элге жаш курагына карабай, бат сиңерине көзүм жетти. Ошол себептен кийинки концертиме карата биздин улуу ырчыларыбыз Рыспай Абдыкадыровдун, Чубак Сатаевдин, Жеңижоктун, Барпы Алыкуловдун жана башкалардын ырларынан бирден куплет алып, жаңылап, домбра менен попурри ырдоону чечтим.
– Султан, сөзүңө аралжы, концерт демекчи, быйыл күздө концерт бербей калдың...
– Күзүндө ден соолугума байланыштуу концерт бере албай калдым. Буюрса, эми февраль айында Сүйүшкөндөр күнүнө карата жеке концертимди тартууласам деп турам. Жогоруда айтып кеткен попуррини ошондо эл алдына алып чыгам.
– Эмне үчүн комуз менен эмес?
– Себеп дегенде, мен домбранын үнү менен чоңойдум да. 4-5-класска чейин дайыма жайкысын ата-энем менен жайлоого чыкчубуз. Анан ал жакта кечкисин свет жок, шам менен отурабыз. Ошондо атам мага домбрада кол ойнотконду үйрөтчү. Ошондон бери домбра – менин үнүм. Мына, ооруканада жатканда да сагынып кетип добрамды алдырып алдым. Эсимде, бир жолу 10-классымда балдар менен ойноп жатып домбрам тебеленип сынып калган. Ошондо кадимкидей көзүмө жаш алып ыйлагам.
Биринчи курсумда фольклордон атайын сабакка домбрамды көтөрүп келсем, атын айтпай эле коёюн, таанымал эле инсандарыбыздын бири: “Экинчи сабакка алдыгынтип домбра көтөрүп келбегин. Домбра черткиң келсе, бар, Казакстаныңа барып черт!”- деп салган. Аябай ызалангам. Эртеси күнү эле ата-энемден акча алдырып, ЦУМга барып комуз сатып алгам. Экөөнүн айырмасы бир эле кылда болгондуктан, бат эле үйрөнүп кеткем.
– Чынында, сен жан дүйнөңдө казаксыңбы же кыргызсыңбы?
– Биз алгач Казакстанда жашаганыбыз менен кийин мен эс тартып калган кезде Таласка көчүп келдик. Атам мага кичинекей кезимде эле “менин улутум кыргыз” деп айт деп үйрөтчү. Анан ошол кезде «р» тамгасына тилим келбей, “мен кыйгызмын” дечүмүн. Бирок, негедир теңтуштарым “казак” дешчү. Ошондо да атама айтып келип ыйлай берчүмүн. Негизи, мен кыргызмын, кыргыз тилинде сүйлөйм, ырдайм. Кыргызстанда жашайм. Мисалы, менин 5 биртууганымдын ичинен мен гана кыргыздын жаранымын. Муну менен мен өз элимдин кучагында жыргап гана жашабастан, атамдын да көңүлүнө жагып турам. Атам дагы мен кыргызмын деген сайын мени менен сыймыктанат.
– Ошентсе да, «Султан бул жактан ырдап байлык топтоп, Казакстанга барып үй куруп жатат» деген сөздөр бар...
– Эми ал ата-энем үчүн курулган үй да. “Агаш бир жерден көгөрөт” же “бөтөн жерде султан болгуча, өз элиңде ултан бол” деп коюшат эмеспи. Анын сыңары, мен өмүрүмдүн аягына чейин кыргыз жеримден эч жакка кетүүнү ойлонгон жокмун.
– Кел, эми маегибизди жеке турмушка буралы. Кандай жаңылыктар болуп жатат?
– Жеке турмушума жаңылыктар кирип-чыгып жүрө берет. Менимче, 25 жашка чейин ушундай эле нормада сакталса керек. Себеп дегенде, азыр биз балабыз да. Ойноп-күлүп дегендей. Кээде «мына эми чындап издегенимди таптым окшойт» деп сүйүнүп, анан анан көп өтпөй эле тил табыша албай калабыз. Мындайда “сен эмне, туруксузсуңбу?” деп өзүмө өзүм суроо берем. Айтор, күндөр өтүүдө...
– Өзүң менен өзүң сүйлөшөсүңбү?
– Ооба, ошондой жоругум бар. Көбүнчө өзүм менен өзүм жалгыз калган учурда сүйлөшөм. Анан кайра “мен эмне, жиндиминби?” деп да ойлоп кетем. Антейин десем, ушул күнгө чейин эч кимден “сен жиндисиң” деген сөз уга элекмин.
– Сени «үйлөнүп алыптыр» деп да чыгышты эле...
– Ооба, андай сөз тараган. Бирок, бул ушак да. “Эл оозунда элек жок” деген кыргыздын сөзүн мен ушунчалык баалайм. Абдан таамай айтылган сөз. Бир күн эртең менен уктап жатсам, айылдагы классташым чалып: “Айтып да койбойсуң, ээ, дос. Болуптур эми, бешик бооң бек болсун” деп жатпайбы! Алгач түшүнбөй калыптырмын. Анан ушак жөнүндө эстеп кеттим. Биринчи “куш бооң бек болсун!” дешчү эле деп кала бердим. Айылга барганда да ушинтип куттуктай беришет.
– Мындай ушактардын далайы болсо керек...
– Ооба, өткөндө Динара эжеден сурашыптыр, ”эмне, Султан менен Мирбек ойноп жатып бирин-бири бычактап салып, бирөө каза болуп калдыбы?” деп. Кудай сактасын мындайдан. Бирок, ушактар жүрө берет. Ошентсе да, ушактарга көнүп деле калдым. Мени ушул турмушум канааттандырат. Болгону, азыр 22де элемин да, машинамды айдап алы-ып жүрө берем.
– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Мага кыздарсыз жашоо жок. Мен ушинтип нагло эле айтам. Биз бир кыз менен сүйлөшүп койсок эле сөз кыла башташат. Ооба, кыздар менен сүйлөшөм. Ырчы болсом эле эмне экен?! Баары бир эркекмин да! Балдар менен ашып кетсе жарым саат сүйлөшөсүң, ал эми кыздар менен керек болсо суткалап сүйлөшө берем. Эгер көңүлүмө жакса. Досторумдун туулган күнү болуп, кечеге чакырса кыздарды ээрчитесиң да. Эмне, балдар менен бармак белем?!
– Сенин жаныңда болууну каалаган канча деген кыздар жүрүшөт. Алардын арасында биздин “Супер-почтадагы” туруктуу конокторубуз Ади менен Чика жөнүндө эмне дейсиң? SMSтер аркылуу Ади сени менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жатам дейт го?..
– “Супер-почтаны” мен дайыма окуйм. Мага жазган жагымдуу SMSтери үчүн кыздарга рахматымды да айтам. Ал эми Ади менен Чика кичинекей кыздар да. Ади менен Чыңгыздын концертинде таанышкам. Күйөрманым катары жакшы сүйлөшөм. Телефон чалып турат.
– Султан, келе жаткан Жаңы жыл сен үчүн ийгиликтүү жылдардан болсун! Ооруба. Маегиң үчүн чоң рахмат.
– Сиздерге да рахмат. Ар дайым бар болуңуздар!
Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева