ТОЛТУРУП БИЗ БОКАЛДЫ, ЖАПАТЫРМАК КЫРГЫЗГА КААЛОО-ТИЛЕК АЙТАЛЫ!

Игорь Чудинов,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри:

Урматтуу мекендештер!

– Чын дилимден келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктаймын. 2008-жылы ар бир үйбү­лөдө бакыт, ден соолук орун ал­сын. Жаңырган жылы алдыга кой­гон бардык каалоо-тилектер орундалып, ар бир башталган иш-чаралар ийгиликтерге жетишсин.

Кыргыз Республикасынын Өк­мө­тү ар бир кыргызстандык жарандын өсүп-өнүгүүсүнө, жагымдуу абалда татыктуу жашоосуна шарт түзүп берүүгө бардык күч-кубатын жумшаарын ишендирип кетем. Ушул келе жаткан жыл Кыргызстан үчүн жаңы бийиктиктерди багындырган жылдардан болсун!

Дагы бир жолу келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!

Ибрагим Жунусов,
Жогорку Кеңештин депутаты:

– Жаңы жылда конокто болуп катуу майрамдап алган кожоюн эшикти тамекиси менен ача баштайт. Таң калган аялы: “Ой, эмне кылып жатасың? Тамеки менен эмес, ачкыч менен ачпайсыңбы”,- десе, күйөөсү: “Апей, мен ачкычты чегип салганмын го”,- деген экен. Келгиле, келерки жылы кокустуктар болбосун! Капысынан бактыбыздын ачкычын чегип албайлы. Кыргызстандын ар бир жаранынын бактысы үчүн, чексиз келечеги үчүн ушул тостту ысыгында алып жиберели!

Бегалы Наргозуев, Жогорку Кеңештин депутаты:

– Мен жыл сайын Жаңы жылга жайылган дасторкондун үстүндө жоро-жолдошторума, туугандарыма төмөндөгү тостту айтуудан тажабайм:

“Акчалуу адам менен бай кишинин айырмасы асман менен жердей. Акчасы бар адам жөнүндө айтылар сөз түшүнүктүү. Ал эми бай адамдын байлыгы бул дүйнөгө батпайт, себеби, алардын байлыгы пейилинин кеңдигинде. Келгиле, анда чыныгы байлар үчүн ичели!”

Жаңы жылыңыздар менен!

Девид Тетте,
«Дордой-Динамонун» ганалык легионери:

– Бир адам дайыма өзүнө эки өлчөм кичине бут кийим сатып алчу экен. Андан досу: “Эмне үчүн бутуңду жоорутуп, өзүңдү кыйнап кыскан бут кийим тандап аласың?”- деп сурап калат. Анда ал: “Менин аялымдын түрү суук, тамак жасаганды билбейт. Балам дайыма ”2” деген баа алып келет. Ошондуктан, мен кечке чейин бутумду кысып турган бут кийимди чечкенде гана ырахат алам”,- деп жооп берген экен. Андыктан, келе жаткан Жаңы жылда биз ырахат алчу нерселер чектелбес үчүн алып жиберели!

Мирбек Иманбеков,
ырчы:

– Сүйүү, Байлык, Ден соолук саякаттап жүрүшүп барчу жерине жеткиче кеч кирип кетет. Айыл четиндеги бир үйдүн дарбазасын кагып, түнөп кетүүнү суранышат. Бирок, үй ээлери бир эле орун бар экенин айтышып, кимди киргизерди билбей талаша башташат. Оорулуу чоң энеси: “Ден-соолукту киргизели” - дейт. Кызы: “Сүйүүнү” десе, кожейке “Байлыкты”, - деп талашып жаткычакты жолоочулар кетип калышкан экен. Ошондуктан, ар дайым ар бирибиздин үйүбүздө сүйүүгө, байлыкка жана ден соолукка орун табылсын деп, бул тостту көтөрүп жиберели!

Кайрат
примбердиев, ырчы:

– Ар бир адамдын жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө өчпөгөн шамы бар. Бирок, көпчүлүк учурда ал шам эч нерсе өткөрбөгөн капкак менен жабылып калат. Келгиле, Жаңы жылда жан дүйнөбүздүн шамы эч кандай тоскоолдуксуз жарык чачып турсун. Кыргызстанда свет өчпөсүн! Кыргызстаныбыз дайым жарык болсун деп, аппак алып жибергиле!

Бактыгүл Бадыева,
ырчы:

– Италияда Жаңы жылды сөзсүз эски буюмдарды ыргытып салуу менен тосушат экен. Албетте, биз Италияда жашабайбыз. Бирок, менин айтайын дегеним, биз да эски жылда болгон жаман нерселердин баарын эсибизден ыргытып салып, жакшы нерселерди гана сактап калалы. Ал эми Жаңы жылда жалаң жакшы маанай гана чалкып турсун деп, тилек айталы!

Эрмек Нурбаев,
телеалпаруучу:

– Мен элди туурай бербей, кымыз менен тост айтып коёюн, ээ. Таң калбагыла, анткени, мен чыныгы кыргыз букамын да. Эми калайык калк, бул тостту мен мына булар үчүн ичким келип жатат. Сааттын жебеси 12ни каккандан кийин былтыркы жылдын эң жакшы нерселери келе жаткан жылдын эң жаман нерсеси болуп калсын. Ура-а, эми түбүн көңтөрө ичип салалы!

Акбар Сүйүнбаев, ырчы:

– Кыргызымдын кырманы кызылга толуп, Токтогул ГЭСи сууга толуп, кысыр бээлер кулундуу болуп, кыз-жигиттер ыйманга келип, карылар төргө отуруп, жерибизге тынчтык орноп, бири -бирибизге пейлибиз ак болуп, Уй жылы майлуу-сүттүү жылдан болсун!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 321, 26-декабрь - 1-январь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан