Гүлшайыр Садыбакасова: «Бир жолу Жаңы жылды лифтте тосконбуз»

Топтун архивинен

  • Топ 1976-жылы түзүлгөн.
  • “Кыз Бурактын” 57 сааттык концерти УТРКнын Алтын фондунда сакталуу.
  • Жалпысынан топтун 3 миң­ден ашык концерти болуп, 4 миллиондон ашык элди маданий жактан тейлеген.
  • 30 ирет жалпы Кыргызстанды гастролдоп кыдырып чыккан.
  • 1985-жылы Бүткүл Дүйнө­лүк жаштар жана студенттер фестивалына катышып, алтын медалдын ээси болгон.
  • Расмий делегациянын курамында жана жеке иш сапарлар менен дүйнөнүн Венгрия, Югославия, Бельгия, Польша, Иордания, Монголия, Түркия, Кипр, Кытай сыяктуу бир канча мамлекеттерин кыдырган.
  • 1987-жылы Кыргызстанда биринчилерден болуп клип тартышкан. Бул клип союздук комиссиядан 1-категория менен өтүп, Бүткүл СССРге 7 жолу көрсөтүлгөн.
  • 1978-жылы Кыргызстанда биринчи жолу “Кыз Бурак” тобу жөнүндө телефильм тартылып, ал СССР телеканалдарынан 5 жолу көрсөтүлгөн.
  • Ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында 17 жолу болуп, маданий жактан тейлеген.
  • 5 Эл аралык фестивалдын лауреаты, 7 Эл аралык фестивалдын дипломанты болгон.

– Саламатсызбы, Гүлшайыр эже, Жаңы жылыңыз менен! Ден соолугуңуз жакшыбы? Бир аз сыркоолоп, ооруканага жатып чыгыптырсыз...

– Рахмат, сиздердин да Жаңы жылыңыздар менен. Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Менин жүрөк оорум бар, кан басымым да жогору. Жакында тобумду алып Кытайга барып келбедимби, чынын айтсам, кыйналып араң келгем. Кой дегениме болбой Кенже ооруканага жаткырып койду эле, жакшы кылыптыр, өзүмдү алда канча жеңил сезип калдым.

– Ошондой эле болсун. Кенже эжеден бир жакшы жаңылык уктум эле...

– Ооба, “Кыз Бурак” тобу мага декабрь айындагы туулган күнүмө жана Жаңы жылга Лексус үлгүсүндөгү Жип машина белек кылышты.

– Темир тулпарыңыз кут болсун! Дөңгөлөгү канчалык көп айланган сайын, ошончолук ийгиликтериңиз көбөйө берсин. Машинаны өзүңүз тандап алдыңызбы же чыныгы сюрприз кылып даяр ачкычты тапшырыштыбы?

– Рахмат, айтканың келсин. Базарга өзүмдү алып чыгышып, тандатышты. Күмүш түстүүсүнөн өзүм жактырып алдым.

– Жаңы жылды кандай тосууну пландап жатасыздар?

– Негизи, “Кыз Бурак” тобу жыл сайын Жаңы жылды декабрь айынын 28-29дарында тособуз. Ал эми 31инде топтогулар өз үйбүлөлөрү менен тосууга кетишет. Жаңы жылдык кече бизде өтө эле кызыктуу болот десем жаңылышпасам керек. Бир ресторанга барып, түнү менен көңүл ачабыз. Топтогулардын ар бирине номинация берилет. Мисалы, быйылкы номинациялардын арасында “Жылдын арык айымы, толук айымы, узун кулак мырзасы, жер тыңшаар мырза, жылдын калпычысы, эң чоң салмак таштаганы” деген сыяктуулары болду. Бул аттар жазылган атайын медальон тапшырылат. Анан да атайын Аяз ата менен Аяз кыз жалдайбыз.

– “Кыз Бурак” тобу жаңы түзүлгөн кездеги жаңы жылдык кечелерден эсиңизге сала кетсеңиз...

– Ал кезде 31-күнү да гастролдоп кете берчүбүз. Бир жолу концерттен чыгып келатып Алай менен Оштун ортосунда тоолордун арасында автобусубуз бузулуп калып, Жаңы жылды ошол жерде тосконбуз. Күн аябай суук болчу. Кыздарымдын баары тоңуп калышкан. Анан шопурубуздун бир бөтөлкө арагы бар экен, ошондон баарына ичирип, тост айтып, Жаңы жылга сапар алган элек. Анан эки сааттан кийин автобусубуз жүрүп, үйгө келгенбиз. Өкүнүчтүүсү, ошондон кийин кыздарымдын баары ооруп калышкан. Баса, дагы бир жолу Бишкекке концертке келип, кайра Ошко учак болбой калып “Кыргызстан” мейманканасында калып калдык. Анан мейманкананын биринчи кабатындагы ресторандан орун алып, дасторкон жайып, жакшы эле даярдандык. Мына эми кечеге баралы деп эки жардамчы балам менен лифт аркылуу түшүп баратып камалып калсак болобу! Жардамга чакырсак эч ким келбейт. Ошентип, саат 12 болуп Жаңы жылды лифтте камалып туруп тостук. Анан чыксак кыздарымдын баары Жаңы жыл тоспой эле, чурулдашып бизди издеп жүрүшүптүр.

– Кыздарыңыз тамак бышыруу жагынан да таланттуу дешет.

– Мен негизи, азыркы энелерге бир аз нааразы болуп кетем. Мага келген кыздардын дээрлик көпчүлүгү тамак бышырганды билишпейт. Анан мен башынан баарын үйрөтүп чыгам. Мисалы, Кенже жаңы келгенде бир тамак жасаган экен. Эми адам жегис, барып туруп көзүнчө тамагын төгүп салгам. Капа болуп ыйлап калган. ”Ыйлабай үйрөн” деп урушканым эсимде. Анан да Айжамал жаңы келгенде бир тамак бышырыптыр. “Эгер сен ушинтип тамак бышырсаң, жалаң гана иттерге тамак жасоочу болуп каласың. Сенин тамагыңды адам жей албайт го” деп эки итиме бөлүп берип койгом. Үч күн ыйлаган. Кийин үйрөнүп кетти. Азыр кайын журту: «Жоош, үй жумуштарынын баарын аткара алат экен. Келинибизге ыраазыбыз»,- дешип ыраазы болуп отурушат.

– Сиздин колуңуздан канчалаган кыздар турмушка чыгып жатышат. Баарынын сообуна калып жаткан экенсиз да…

– Кудайга шүгүр. Мен кыздарга бир эле үй тиричилигин эмес, адамдарга мамиле жасоону да үйрөтөм. «Мен ырчымын, мен жылдызмын» деп таптакыр өзүңөрдү башкадан өйдө койбогула. Жөнөкөй болгула, кайын журтка ийкемдүү болгула дейм. Жакында эле дагы бир Жаркынай деген клавишада ойногон кызымды турмушка узаттым. Бул менин турмушка узаткан 280-кызым болду.

– Оо, анда 500дөй неберелүү болуп калган экенсиз да.

– Менин эсебимде 700дөй болуп калды го. Ал тургай 20 чакты чөбүрөлөрүм да бар. Кыздарымдын арасында 5тен ашык балалуу болушуп, Баатыр эне болгондору да аз эмес.

– Ошентсе да, ар бири турмушка чыгып жатканда бир ирет көз жашыңызды төгүп алсаңыз керек...

– Албетте, бул маселе топ түзүл­гөндөн тартып эле менин трагедиям болуп келатат. Жаңы эле мына эми даяр болуп калды дегенде турмушка чыгып кетишет. Анан мен кайрадан башкасын даярдайм. Бирок, эч убакта турмушка чыккан кызды кайра келип ырда дебейм. Себеби, ар бир айым үчүн үйбүлө деген биринчи орунда турат. Турмушка чыгып алып ырдайм дегендери же мендей, же Айчүрөк, Динара, Алиналардай күчтүү айым болуулары керек. Себеби, кыргыздын эркектеринин 99 пайызы «аял үйдө отурушу керек» дешет. Мен деле чыгармачылык деп жүрүп акыры жездең менен тил табыша албай калбадымбы. Мен үйдө отуруп калуу дегенди билбейм. Алдыга жылыш болуп турбаса, мага жашоо токтоп калгандай эле туюлат.

– Оң колуңуз болуп калган Кенже эже турмушка чыкса кантер экенсиз?

– Анда мен үч күн эмес, үч ай ыйлайт болушум керек. Бирок, Кенже кызым менин категориямдагы айым. Ал чыгармачылыкты таштабайт деп ойлойм.

– Кепти кайрадан топко бурсак. Учурда “Кыз Буракта” канча киши иштейт?

– Сахна артындагы кызматкерлерибиз, топтун экинчи курамындагы кыздарыбыз болуп учурда топто 25 киши бар. Мен аларга азыр эне катары эле болуп калдым. А катуу айткан жагы Кенжеде (күлүп).

– Дегеле кыздар чогуу жүргөн кезде атаандашуу болбой койбосо керек.

– Айтпа, кыздарда атаандашуу, ич күйдүлүк деген сапаттар аябай күчтүү өөрчүгөн. Бирине эле жеке ыр жаздырып кой, калганы тытынып калышат. Форма тиктиргенде да дайыма маселе чыгат. Анда көйнөктөрдүн өңдөрүн талашышат. Айтор, тарбиялап аларды биртууган кылганга чейин көп эмгек керек.

– Гүлшайыр эже, ушундай үзүр­лүү эмгегиңиздин артынан “Эмгек сиңирген артист” деген наам алдыңыз эле. Андан бери сиздин изиңизде канчалаган ырчыларыбыз өсүп, «Эл артисти» наамына да ээ болушту...

– 1995-жылы “Эмгек сиңирген артист” деген наамды алдым эле. Шарты боюнча бул наамды алган соң 5 жылдын ичинде ошол эле тармакта үзүрлүү эмгектенсем «Эл артисти» берилиши керек эле. Бирок, негедир бийликтегилер бул наамды мага ыраа көрбөй жатышат. Баары бир бул жаатта иш алып баргандардын жүрөгүнө Кудай ыйман берсе, Эл артисти да болуп калармын деген үмүттөмүн. Себеби, мен жагалданып, кошомат кылуу дегенди таптакыр билбейт экенмин. Мени таарынтканы – эмгеги элге сиңе элек, Кыргызстандын чек арасынан чыкканда ит тааныбаган ырчылар дагы бул наамды алып алышканы.

– Эмнеси болсо да сиздин эмгегиңизди баалагандар табылат деп ишенем. Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат. Келе жаткан Жаңы жыл чыныгы ийгиликтердин жылы болсун!

– Айтканыңыз келсин. Силердин жалпы жамаатты Жаңы жылыңар менен куттуктайм.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 322, 2-8-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан