Сыймык Бейшекеев: «Азыр деле түнкү клубдарга барып бийлейм»

– Сыймык байке, саламатсызбы. Жаңы жылыңыз менен! Уй жылын кандай тосуп ал­ды­ңыз? 
– Рахмат. Өзүңдү дагы Жаңы жылың менен куттуктайм. Күмөндөр Абылов экөөбүз Орусиядагы кыргыз диаспорасынын чакыруусу менен 24-декабрда бир нече шаарга концерт коюп келгени кеткен элек. 31-декабрда Кыргызстанга кайтып келдик. Бул жак туман болгондуктан, учак бир аз кечикти. Кечиккен сайын «Жаңы жылды 12де үйдөн тоспой каламбы?” деп сарсанаа болгонум менен баары ойдогудай болду.
– Жыл жаңырар күн­дү мурункуларга салыштырмалуу өз­гөчө кылганга дайы­ма аракет кылат эмеспизби...
– Жайылган дасторкон үстүндө, студент ини-карындаштарым, үйбү­лөм менен жакшы каалоо-тилектерди айтып тостук. Бул Жаңы жылдын өзгө­чөлүгү, кичүү балам Кадырдын алгачкы Жаңы жылды тосушу болду.
– Балаңыз канча айга келип калды? Кимге окшош?
– Жети айга толду. Кылыгы чыгып баарыбызды сүйүнтүп жатат. Чыгырык менен тиги бөлмөгө, бул бөлмөгө биз менен кошо жарышып чуркап жүрөт. Чынында, Нурзада экөөбүз бири-би­ри­бизге аябай окшошпуз. Ошондуктан, балам мага да, келинчегиме да ок­­шош.
– Чыгармачылыгыңыздагы акыр­кы жаңылыктарыңыздан айта кетсеңиз?
– 7-8-мартта аялзатынын майрамына карата “Айымдарга арзуу” деген концерт берсемби деп жатам. Ошого карата жаңы ырларды жаздыруу менен чуркап жүрөм. «Ош» базарда жетим бала жүрөт” деген Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө жазылган ырга обон жараткам. Ал ырга клип тартып, анан элге көрсөтөйүн деп кардын жаашын күтүп жүрдүм эле. Буюрса, кар жаап берди. Ал эми клипти күйөрмандарым жакында көрүп калышат. Андан сырткары, өзүмө “жашоодо эмне сулуу?” деген суроо берип, ага жооп катары кичүү балам төрөлгөндөн кийин “Боюнда бар аял сулуу баарынан” деген ыр жаздым. Улуу балдарым боюнда барда аялымдын сулуулугун байкабаптырмын. Көрсө, анда өзүм деле бала окшойм.
Менин чыгармачыл адам болушума улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун таасири чоң. Айтматовдун кинолорун көрүп, “чоңойгондо каармандардын баарын өзүм аткарам, анан журналист болом» деп кыялданчумун. Ошол тилегиме жетип “Айат пресс” аттуу коомдук маданий гезит ачтым.
– “Ак көйнөгүң кийип кел” деген ырыңыздын уландысы катары “Жоолукчан” аттуу ырыңыз жаралыптыр. Алардын маанисине карасак, жаш кездеги сүйүүңүзгө азыр жолугуп, анын жоолукчан кезин жазгандайсыз...
«Ак көйнөгүң кийип кел» деген сөздү түз алып кароо аздык кылат. Бул ыр менен сүйгөнүмө “жолугушууга кабак-кашыңды чытыбай жаркылдап кел” деген маанини берейин дегем. Балалыкта жактырган адамыңа кийин жоолукчан кезинде жолугуу адам болгондон кийин баарыбызга эле түшүнүктүү болсо керек. Мен ошонун баарын топтоп келип ырга коштум.
– Жашыруун болбосо, балалык сүйүүңүз кимге арналган?
– Балалык сүйүүм классташ кызыма арналган. Кийин экөөбүз жолугуп алып, “бала экенбиз” деп өткөн күндөрдү эстеп күлгөнбүз.
– Ал ырларыңыз класста­шы­ңызга арналса, кийинки сүйүүңүз Нур­зада эжеге арналганбы?
– Классташ кызыма арналган болуп калат го... Кийин бир көлдүк кызга жактыруу сезимим пайда болгон. Бирок, ал кыз менин жактырып жүргөнүмдү билген жок. Ошондон улам “Көлдүк кыз” деген ырым жаралган. Досум Элмирбек Иманалиев менен Гүлбүбүнүн сүйүүсүн көрүп, мен дагы сүйүү кучагында калып, эргип сүйгүм келди. Кудайым тилегимди орундатып, мага келинчегим Нурзаданы жолуктурду.
– Нурзада жеңеге жетиш үчүн таттуу да, ачуу да күн­дөр­дү башыңыздан өткөр­сөңүз ке­рек...
– Айтпа. Нурзада экөөбүз үйлөнөбүз дегенде анын эжеси мени менен таанышам деп 7-кичирайонго чакырды. Мен борбордун четиндеги Аска-Таш айылында эже-жездемдикинде жашачумун. Эжесиникинен чыккыча бир топ кеч кирип кетти. «Искусство институтунун жатаканасына жатып алам» деген ой менен дос балдардын эшигин тыкылдатсам, алар үйүндө жок экен. Ошентип, Манас проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишине чейин жөө келдим. Чөнтөктө бир сомум жок болсо да, таксиге отурдум. Качканга оңой деп “байке, артына отуруп алайын” десем “жок, алдына эле отур” деп тырышып, жанына отургузуп алды. «Менин жаныма отур» деп тырышкан себеби, аны бир жигит жаңы конуштардын бирине айдатып барып, качып кетиптир. Тиги мага ошону божурап айтып бере баштады, мен болсо ичимден качуунун планын түзүп жаттым. Үйгө аз калганда машинанын дөңгөлөгү жарылып калбаспы. “Бат эле алмаштыра коём, азыр” деп таксист ишке кирди. Мен “ооба, тезирээк алмаштыра калыңыз” деген боюнча караңгыга сиңип жок болдум. Ары жактагы бактардын арасында жашынып отурсам “ай, бала, кеттик! Кайда кетип калды?” деп кобуранып кирди. Менин качып кеткенимди түшүнгөндөн кийин “эмне эле жолум болбой жатат. Деги ушундайлардан качан кутулам?!” деп сөгүнүп жолго түштү. Азыр таксисттерди көргөндө ошол окуяны эстеп, аларды аяп кетем.
– Сиздей ырчынын күйөр­ман­да­ры, албетте, жок эмес. Алардан жу­байыңыз кызганабы?
– Үйлөнгөндө эле “экөөбүз кийин ажырашып кетебиз деп үйлөнүп жаткан жокпуз, кызганыч дегенди унутушуң керек. Мен ырчы болгондон кийин күйөрмандарым болушу мүмкүн” деп айткам. Нурзада оюмдагыдай баарын түшүнө, көтөрө билген жубай. Ошентсе да, күйөрмандардын ичинен аша чапкандар бар. Бирок, мен аларга түшүнүү менен мамиле кылам. Менден 7-8 жашка улуу бир күйөрманым бар эле. Ал эже алмаштырсам телефон номурумду, көчсөм үйүмдү таап алчу. Бишкекте он күн концерт берсем, он күн тең гүл алып келет. Борборго жакын жерлерге да жетип барат. «Улуулардын сүйүүсү барган сайын күч болуп, оңой менен басаңдабайт окшойт» деп калдым, ошол эжеден кийин. Билет саткан эжелер да ал эженин сүйүүсүн мага жеткирип турушчу. Бир жолу Бишкекте өткөн концертимде баягы эже келбей калса болобу! Эртеси да жок. Мен эмес, билет саткандар да абдан күтүштү. Келген жок. Көрсө, чет өлкөдөгү кызына кетиптир. Келгенде мага бир баштык кийим көтөрө келиптир. Кийимди көрүп катуу арданып кеттим окшойт, оозумдан “эже, тең-теңи менен болуш керек” деген сөз чыгып кетти. Анда эже: “Мен сага мени ал деген жокмун. Сезимге чек жок”, - деп айтты. Ушул окуядан кийин эжени таарынтып алдым окшойт. Гүл көп албай калдым. Азыр ойлосом, чынында эле сезимге чек жок экен.
– Күйөрмандарынан чет өлкөдөн кийим алган ырчы кайдан кийинет болду экен?
– Дүкөндөн кийине турган болсом, аялым экөөбүз барабыз. Базардан ала турган болсок, аялым эле барат. Ал менин кийим өлчөмүмдү жакшы билет. Базарга баргандан кадимкидей заарканам. Бул текеберчилик деле эмес. Мурда базарда иштеп калып, анын ызы-чуусун жакшы билип калгам.
– Кайсы базарда эмне сатып иш­те­диңиз эле?
– Студент кезде стипендиям өзүмө жетип эле жаткан. Жыйырма жашымда үйлөнгөм. Аял алгандан кийин кошумча акча табуу зарылдыгы келип чыкты. «Ош» базар анда жайма базар. Нурзада экөөбүз кийим сатканбыз. Түшкө чейин аялым турса, түштөн кийин окуудан келип мен турам. Окуп, анан ошол эле учурда филармонияда Нуржамал Табалдиева, Токтобүбү Черикчиевалар менен чогуу иштечүмүн. “Көлдүк кыз” ырым чыгып, элге бир аз таанылып калгам. Ошондон уламбы, кийим сатып жатканымда тааныштарды көрсөм уялып, соода текчесинин алдында далай жаттым го... Бир жолу Нуржамал эже маңдайдан соода кылып калды. Уялып текченин алдына кире качтым. Же тигил эже кетпей туруп алса болобу!.. Ошону азыркыга чейин Нуржамал эжеге айта элекмин.
– Жаш кезиңизден эле соода кылууну баштаган экенсиз. Ошондогу кичинекей соода азыр чоң бизнеске айланса керек?
– Жайма базардагы сооданы уялып отуруп тез эле таштап койдум. Ошону эстесем, “эмнеге уялдым экен?” деп азыр таң калам. Учурда ашынган деле бизнесим жок. Келинчегиме кийим тигүү цехин ачып бергем. Өзүм март-апрель айларында чоң киреше киргизбесе да, элге пайда алып келе турган иш ачканы турам.
– Баса, 9 деген санга өтө жакынсыз. Эмне үчүн сиздин да, келинчегиңиздин да уюлдук телефонунда 9 деген сан көп?
– Мен тогузунчу айдын тогузунда төрөлгөм. Фамилиям дагы, атым Сыймыкбек дагы тогуз тамгадан турат. Ошон үчүн 9 саны – мен үчүн ыйык сан. Марттагы концертимди өткөрүп алып, сентябрдын тогузунда өзгөчө концерт берсемби деген планым бар.
– Концерттерде ырда­га­ны­ңызда кичине ыргалганыңыз болбосо, такыр бийлебейсиз.
– Кичинекей кезимден ырчы болом дегеним менен бийлеп ырдаганга өзүмдү даярдабаптырмын. Кече-тойлордо бир аз кыймылдабай эле катуу бийлейм. Мага көбүнчө ортого чыгып бийлеген жагат. Азыр деле түнкү клубдарга барам. Барганда жаштыгымды эстеп укмуш бийлеп алам.
– Өзүңүзгө ырчылар арасынан кимди атаандаш деп эсептейсиз?
– Мен үчүн чыгармачылыктагы бардык адамдар атаандаш. Бирок, жаңы чыгып келе жаткан ырчыларды эсептебейм. Жакшы ыр жаралса, “мен эмне үчүн ушундай ыр жарата албайм?” деп атаандашып калам. Учурда жакшы ырчылар бар, бирок, обончулар жок.
– Убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңизге рахмат.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 323, 9-15-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан