Мажит тууралуу...
Сайкал жөнүндө...
– Мажит, Сайкал, кандайсыңар? Сайкал, сен капа болбосоң, алгачкы суроолорду агаңа берейин. Окуулар жакшыбы, Мажит?
– Жакшы окуп жатам деп деле айта албайм. «3»-«4» аралаш, кээде «2» алам.
– Орус мектепте окуйсуңбу же кыргыз мектептеби?
– Ала-Тоо жаңы конушундагы №82 кыргыз мектебинде 7-класста окуйм. Негизи, мен орус тилден кыйналам. Баарын эле билип тургансыйм, бирок, орусча сүйлөгөндөн уяла берем.
– Мурда «музыкалык аппаратура алдым» дедиң эле, өздөштүрүп калдыңбы?
– «Ямаханы» толук өздөштүрүп калдым. Андан сырткары, мугалим жалдап ноталарды үйрөнүп жатам.
– Комузда кол ойнотсоң, ырчыларды туурай билсең, анда сени мектептеги кыздардын баары жактырышса керек...
– Жактырып калган кыздардын арасында “мен сени сүйөм” деп ачык айткандары да бар. Айрымдары түз эле апамдын телефонуна “сиз Мажиттин апасызбы, мага телефонун берип коёсузбу” деп чалышат экен. Апам кечинде үйгө келгенде ал кыздардын телефон номурун берет.
– Сүйүү эмне экенин түшүнө баштаган окшойсуң, ээ?
– Балалык сүйүү башымдан өтүп жатат окшойт. Бир жолу Токмокко концерт койгонбуз. Концерттин аягында бир кыз менен таанышкам. Ал кыздын ата-энесинин Токмокто үйлөрү болгону менен Англияда жашашат экен. Биздин чыгармачылык топту мен таанышкан кыздын атасы конок кылды. Ошентип, ал кыз экөөбүздүн ортобузда сүйүү пайда болду.
– Ал кыздын аты ким экен? Сага эмнеси менен жакты?
– Аты – Талшин. Мага баарынан анын жөнөкөйлүгү жакты. Кыргыз, англис, орус тилдерин суудай билсе да, Лондондо жашаса да, өзүн өйдө сезбейт. Башка кыздар айылдан келишкенде эле чала-була орусча үйрөнүп алышып өпкөлөнө беришет го.
– Талшин Лондондо жашаса, телефондон эле сүйлөшөт турбайсыңарбы...
– Токмокко ата-энеси менен келип турат. Келгенде “келдим”, Лондонго кеткенде “кеттим” деп телефон аркылуу кабарын билдирүүнү адат кылып алган. Кыргызстанга келгенде дайыма жолугушабыз.
– Лондондо экенинде сага телефон чалабы?
– Ооба, чалат. Кечээ эле чалды.
– Жашыруун болбосо, эмнелерди сүйлөшөсүңөр?
Сайкал агасынын уялып жатканын сезди окшойт, чый-пыйы чыгып сөзгө аралашты.
– Мен айтып берейинчи, бул “сагындым” дейт.
Мажит: – Жөн отурчу, эмне сенден сурап жатабы?! Өзүм деле айтып берем. “Сен мени сагындыңбы, жаным?” дейт. Мен “сагындым” дейм, анда «маах деп өөп койчу» дейт. Анан өбөм. Ошентип, сүйлөшө беребиз.
– Апаңдын жанында деле кыздар менен сүйлөшө бересиңби же...
– Сүйлөшө берем. Апам өзү “бирөөгө катуу сүйлөбө, капа кылчу сөз айтса да сылык жооп бер. Орой сүйлөгөн адам болсо анын деңгээлине түшпө” деп үйрөтөт.
– Үйдөн байкелериңе, карындашың Сайкалга да жакшы сүйлөйсүңбү? Алар менен урушпайсыңбы?
– Биз жер тамда жашайбыз да. Кышында ойногум келгенде дааратканага жетпей жолго заара кылып коём. Бир жолу Эрнис байкем акшыңдап жетип келип, “ким эле дааратканага жетпей калып жатат?!” деп кыйкырды. Мен “жол кире бербейсизби анан” десем, сөз таппай калды. Байкелеримдин мага жини келгенде куудулданып жатып жоошутуп коём. Сайкал болсо баарын чырылдап өзү баштайт.
Ары жакта отурган Сайкал:
– Калп айтпачы. Уруштун баарын Мажит өзү баштайт. Анан мени “даңк” эттирип башка согот. Анан ыза болуп апама телефон чалам. Апам кечинде келгенде Мажитти урат.
Мажит: – Бирок, апамдын урганы чымын конуп учуп кеткендей эле.
– Мажит, Сайкал экөөң урушканда сага апаң көбүрөөк болушабы же атаңбы?
– Мага көбүнчө апам болушат. Атам Сайкалды аябай жакшы көрөт. Өткөндө Сайкалдын телефонун жоготуп алдым. Ошондо атам мени биринчи жолу уруп койду.
– Эми сөздү Сайкалга берели. Мажитти карап отуруп “мен деле ырчы эжелерди туурап чыгам” дедиңби. Дегеле сахнага чыгууңа эмне түрткү болду?
– “Эже, каршы болбосоңуз Сайкалдын ордуна мен жооп берип коёюнчу?!”- деди Мажит.
– Үйдөн даярданганымда мен бүткөндөн кийин күзгүнүн карап ырдай берчү. Бир күнү эле Бактыгүл эжени туурап жамбашын чайпап, “оо-уо” деп калыптыр. Сайкал “мен да сахнага чыгам” дегенде жиним келди. Анткени, Сайкал чыгып кетсе, мен өчүп калам да. Алгач атам да каршы болгон, бирок, мунун талантын карап отуруп экөөбүз тең макул болдук. Мен азыр Сайкалды атаандашым деп билем.
– Сайкал, сен ырчы эжекелериңди туурап жатпайсыңбы, алар сени көрүшкөндө эмне дешти?
– Эч кимиси капа болушкан жок. Тескерисинче, ыраазы болушуп, рахмат айтышты.
– Алдыда дагы кимди туурайын деп жатасың?
– Асема эженин “Асем кызын” даярдадым. Бирок, өзү көрө элек. Андан башка көп ырчылар “мени деле туурасаң” деп жатышат.
Мажит: – Айрымдар “мени туурасаң” деп коюшуп, туурап берсең чычалай беришет. Бир жолу Сапар Сопубеков “мени туурасаң” дегенинен басканын туурап койсом, чычалап, кечке кубалаган.
– Эми окуу жактан кеп кылалы. Сайкал, мектепте кандай окуйсуң?
– Дене тарбия сабагынан башкасынын баарын жалаң “5ке” окуйм. Класс жетекчи эжей бир жакка кеткенде классты мага таштап кетет. Сабакты өзүм өтүп коём.
– Койчу, чын элеби?
– Орус тили, кыргыз тили жана адабият сабактары болгондо мен китептен текст окуп берсем, окуучулар жазышат, кайра мен текшерем. Сабактардын ичинен англис тилин жакшы көрөм. Англисче кайсы сөздү үйрөнбөйүн, үйгө келгенде дароо Мажит байкеме үйрөтөм.
– Мажит, Сайкал, редакцияга келип кызыктуу маек куруп бергениңерге рахмат. Ата-энеңердин жолун жолдоп элдик адамдардан болуп өскүлө.
Маектешкен Сүйүн Кулматова