ЭҢ КЫМБАТ КЛИП КИМДИКИ

«Клип» деген сөз англисчеден которулганда «кесинди» деген түшү­нүк­тү берет. Жаңы технологиянын жардамы менен ар кандай клиптерди тарттыруу ырчы жылдыздардын арасында модага айланууда. Мисалы, графикалык клип, атактуу адамдардын коштоосундагы клип, айтор, өзгөчө клип тартуу адат. Мындай клиптер көп сумманы талап кылаары айтпасак да белгилүү. Клиптин баасы кымбат, анан сапаттуу болсо, ошончолук ырчыга популярдуулук алып келет. Эмесе, жакынкы жана алыскы жылдыздардын клиптери, алардын баасы тууралуу маалымат
назарыңыздарда...

Майкл Жексон

Поп-музыканын королу» атка конгон дүй­нө­лүк жылдыз Майкл Жексондун ар бир клиби кымбат тураары музыка күйөр­мандарынын көпчүлүгүнө маалым. Белгилүү ырчы «Триллер» аттуу ырынын клибине 800 миң доллар сарптаган. Жаңы технологиянын өнүгүшү менен бирге анын клиптеринин дагы суммасы өскөн. 1992-жылы Майкл «Кара же ак» аттуу ырына 1,2 милион долларга клип тарттырган. Өзүнүн жеке кислороддук бөлмө­сү, зоопаркы, пластикалык операция жасоочу хирургдарынын тобу бар Майклдын 1 клиби учурда болжол менен 7 миллион долларды түзөт. Анын «Скрим» (Кыйкырык) аттуу ырына да 7 миллион доллар кеткен. Бул клип 11 күндө тартылып бүткөн. Ырчы клиптин катышуучуларына жана ижарага алган имарат үчүн күнүнө 636 миң доллар, ал эми бийчилерге жана бий устаттарына 40 миң доллар төлөгөн. Андан сырткары ырчынын клибине кошо тартылган Жанет Жексондун макияжына 11 миң доллар кеткен. Ошондой эле клипте сынган гитараны ырчы 53 миң долларга сатып алган.

СССРдеги алгачкы клиптер

Биринчилерден болуп клипти совет элине «Программа А» жана «ВиД» телекомпаниясынын «Взгляд» берүүсү тартуулаган. 1989-жылы «Программа А» эл аралык видеоклиптердин конкурсун уюштурган. Ошондо Майкл Жексон, Мадонна өңдүү жылдыздардын клиптери көрсөтүлгөн. Ошондон кийин программалардын ортосундагы музыкалык тыныгуу учурунда чет жылдыздардын видеоклиптери көрсөтүлө баштаган. Эл клиптерди чоң кызыгуу менен кабыл алууга өткөн. Ошону менен бирге клип тартылган ырларга суроо-талаптар көбөйгөн. Ал эми орустардын алгачкы клиби «Комбинация» тобунун «Бухгалтер» аттуу ырына тартылган. Бул ырды Алёна Апина менен Татьяна Ивановалар аткарган. 90-жылдардын башында киноплёнкага тартылган видеоклиптердин баары кымбат сезилген. Себеби, ал учурда «Кодак» фирмасынын 10 мүнөттүк плёнкалары 350 доллар турган. 5 мүнөттүк клип тартыш үчүн андай плёнкадан 8ди колдонууга туура келген. Ошого байланыштуу капчыгы калың артисттердин гана клип тартууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Алсу

Алсунун «Жаз» аттуу ырынын клиби 2 күндө Чехиянын Прага шаарынын четиндеги музей-монастырда тартылган. Клипти тартуу үчүн «Кодак» фирмасынын ар бири 600 доллар турган киноплёнкалары колдонулган. Ал эми клиптеги кечилдердин ролун профессионалдуу актёрлор аткарышкан. Алардын костюмдарын атайын заказ менен белгилүү тикмечилер тигишкен. Клиптеги костюмдар менен ижарага алынган техниканын, актёрлордун гонорарын эсептегенде чыгым 35 миң долларды түзгөн.

«Backstreet Boys»

Көпчүлүктүн арзуусуна татыган «Backstreet Boys» тобу 1999-жылы 66 миллион доллар киреше табуу менен көп­чүлүк топтордон алдыга озуп чыгып, дүйнөлүк абройго жетишкен. Аталган популярдуу топ «Жашоодон да артык» аттуу ырынын клибине 2 миллион доллар сарптаган. Клипте жаш жигиттер кибернетика дүйнөсүндөгү роботтор болуп чагылдырылат. Клип компью­тердин жардамы менен тартылган.

Глюкоза

Орус шоу-бизнесинде кымбат клиптердин ээси болуп Глюкоза саналат. Анткени, Глюкозанын клиптери оригиналдуу. Наташанын клиптеринде мультфильм персонаждары катышат жана мындай клип «графикалык клип» деп аталат. Тактап айтканда, компьютердик жол менен жасалып, кылдат ишти талап кылат. Глюкозанын клиптерин профессионалдуу режиссёр Дмитрий Родыгин жаратып келет. Дмитрийди графикалык клип жаратууда мыкты адис экенин көпчүлүк билет. Ошондой эле мындай клиптер 6-9 ай бою тартылат. Алгач сүрөтчүлөр образды түзүшөт. Андан кийин сценарий жазгандар клипке сюжет ойлоп табышат. Ал эми калган ишти Дмитрий тобу менен аткарат. Глюкозанын «Швайне» аттуу ырынын клиби 9 айда тартылган. Клипте 50 миң персонаж катышкан. Ошентип, мындай өзгөчө клип Россияда биринчи жолу жаралып, клипке 250 миң доллар сарпталган.

Мэрайа Кери

Кереметтүү үнү менен дүйнө популярдуулугунун ээси болгон Мэрайа Кери «Жүрөктүү жаралоочу» аттуу ырынын клибине 2 миллион 500 миң доллар жумшаган. Клиптин биринчи версиясы талаптагыдай болбой калгандыгына байланыштуу клипти кайрадан тартууга туура келген. Клиптин экинчи версия­сы ийгиликтүү тартылышы үчүн ыр­чы жогоруда аталган суммадагы акчаны аяган эмес. Клипте Мэрайа достору менен кинотеатрга келген окуя кам­тылган.

ВИТАС

Витаска «Опера» ырынын клибин Тайланддан тартуу идеясын режиссёр Сергей Кальварский сунуштаган. Анткени, ал жайкы эс алуусун ошол жактан өткөрүү менен бирге клип тартууну пландаган. Бирок, жергиликтүү продюсерлер орус съёмка тобуна жардам берүүдөн баш тартышкан. Ошондуктан, клип тартуучу топ өздөрү клипке керектүү буюмдарды издей башташкан. Кафе, дүкөндөрдөн эмеректерди чогултушкан. Клипке тартууга пилди таппай койгондоруна байланыштуу өздөрү жасалма пил жасашкан. Клипти храмдан тартышкан. Ал эми массовка үчүн продюсер Бангкоктон 200 киши чогултуп келген. Съёмканын башталышына бир нече мүнөт калганда 40 градус ысыктан улам Витас кийиминин баарын чечип салган. Витастын чечинип алганын көргөн храмдын улуу кызматкери тезинен съёмканы токтотуусун талап кылган. Анткени, кудайга сыйынуучу жерде минтип жүрүүнү алар сыйлабастык катары кабыл алышкан. Кайрадан съёмканы улантууга храм кызматкерлеринен уруксат алуу үчүн көп убакыт кеткен. Болжол менен клиптин чыгымы 30 миң долларды түзгөн.

Баста Раймс

Баста Раймс өзүнүн Жанет Жексон катышкан «Эмне болгону жатат?» аттуу ырынын клибине 2 миллион 400 миң доллар жумшаган. Клипте Баста менен Жанеттин сырткы келбеттери өзгөрүлүп турат. Экөө ырдап жатып түшүнүксүз нер­­селерге айланып кетишет. Мисалы, Баста ырдап жатып эле кандайдыр бир куртка айланып кеткен жери бар. Клиптин сюжетинде мистикалык элементтер болгондуктан, баасы жогору болгону маалым.

Жасмин

Жасминдин «Узак күндөр» ырынын клиби бүгүнкү күнгө чейин орус шоу-бизнесинде кымбат клиптердин бири катары саналат. Аталган клипке ырчы 150 миң доллар сарптаганы маалым. Клипти белгилүү клипмейкер Олег Гусев тарткан. Ал Пугачёва, Киркоров, Агутин, Варум өң­дүү жылдыздар менен иштешип келе жаткан адам. Клип Финляндиянын Хельсинки шаарында тартылган. Клип үчүн режиссёр вертолётту ижарага алган. Съёмка учурунда күн өтө суук болбосо да катуу шамал согуп, ырчыга бир топ ыңгайсыздык жараткан. Ал эми клиптеги машинаны Хельсинкинин көчөлө­рүнөн көрүп жактырып калышып, кожоюну менен сүйлөшүп, машинасын ижарага алышкан.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 207, 20-26-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан