ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: «Аялым мени сүйөт. Бул мен үчүн өтө манилүү»

Элжиреткен суроо:
Жеңебизге түнкүсүн бала карашасызбы?
– Дайыма деп айта албайм, бирок карашам. Түнкүсүн эле эмес, күндүзү деле келинчегимдин колу бошобой, менден башка бош киши жок болуп жатканда карайм.
– Жалаяк жууп көрдүңүз беле?
– Мындан беш-алты жыл мурун үйдө эч ким жок болуп калганда бир жолу жуугам.
– Балдарыңыз тентек кылганда кантип жазалайсыз?
– Биз үч бөлмөлүү үйдө алты-жети киши жашайбыз. Анан, албетте, мындай үйдө чаң-тополоң болуп турат. Айрыкча дем алыш күндөрү. Баарыбыз чогулганда балдар телевизордун пультун, компьютер талашып күрү-гүү эле болуп калабыз. Андайда мен “буларды карачы, бирдеме деп койсоң боло” деп Айгүлгө арызданып калам. Ашыкча эле тентек кыла башташса үндү бийик чыгарып, урушуп да коём. Бирок мындай учурлар сейрек кездешет.

Даамдуу суроо:
– Акыркы жолу өз колуңуз менен кандай тамак даяр­дадыңыз?
– Өткөндө АКШга барып келдик. Ал жакта Филодельфиядагы студенттик шаарчадан төрт бөлмөлүү коттеджди убактылуу батирге жалдап жашадык. Тамакты бизден кичүү балдар жасап жүрүштү. Бир күнү Болот Шернияз экөөбүз шаар кыдырып кеттик. Көпкө дейре жүрүп чарчап, курсак ачып келсек, үйдө эч ким жок. Анан экөөбүз тамак жасамай бодук. Бирибиз газды жагып, экинчибиз жумуртканы чагып жатып, эптедик көрүнөт. Чынын айтсам, студенттик кезден бери кыйратып казанга жакындай элек экенмин. Акыркы жолу, ошентип, АКШда тамак жасадым.

Жарпты жазар суроо:
– Жеңебиздин кайсы сапатын өзгөчө баалайсыз?– Биринчиден, мени сүйөт. Бул мен үчүн маанилүү. Экинчиден, мени тү­шү­нөт. Үчүнчүдөн, акылман, кең пейил. Эң негизгиси, тың кожейке. Үй-тиричилигине, балдардын таалим-тарбиясына, тууган-туушкандын карым-катышына дегендей, кыскасы кыргызчылыктын баарына мени аралаштырбай, алагды кылбай бүт өзү билип бүтүрөт.

Эсте калар суроо:
– "Музоону жашынан, аялды башынан "деген кепке кандай карайсыз?
– Жаңы үйлөнгөн эки жаштын жашоосунун алгачкы жылдарында көп нерсе калыптанат. Мүнөзүңдү бири-бириңе ылайыктап, “сен кыйын, сенден өткөн мен кыйын” деген жоруктарды кичине жумшартыш керек болот дегендей... Дос-душман, тууган-уруктун алдында жубайлар бири-бирин сыйлап, кадырын көтөрүп туруу керек. Анан жалгыз калганда айтышасыңбы, чабышасыңбы, ал башка кеп. Дал ушул нерселер чогуу жашай баштаган алгачкы жылдарда калыптанат. Бул суроого кеңири токтолгонумдун себеби гезитиңерди жаштар көп окушат. Ошолорго таалим-тарбия болсо дегеним. Чогуу жашай баштаганда бириңди-бириң тарбиялоого туура келет. Мисалы, катуу кыжырың келип, бир нерсени айтайын деп турганда унчукпай калууга, жиниң менен бир ишти жасап саларда акыл менен өзүңдү басууга үйрөнүшүң керек болот. Ушунун өзү чоң мээнет, эмгек. “Аялды башынан” деп эле кызыл камчы болуу, же келинчегиңдин пикири менен эсептешпей тиран боло берүү туура эмес.

Ойлондурган суроо:
– Бийликке келбей деле кыргыз калкынын жашоосун жакшыртууга болобу?
– Албетте, болот. Ал үчүн биздин коом активдүү болушу керек. Жана саясый система, бийликтегилер элдин пикири менен эсептешиши керек. Эгер бизде ушундай система түзүлсө, бийликте турбай эле коомдук пикир аркылуу ММКларды пайдалануу менен өлкөнүн саясатына таасир тийгизүүгө болот. Биз дал ушундай системаны түзүүнү максат кылабыз.

Саясат суроо:
– Бүгүн “силер менен оюм, жолум бир” деп, анан эртеси сатып кеткен саясатчыларга мамилеңиз?
– Мындай учурлар саясатта көп болот. Мисалы, ар кандай саясый күчтөр бир максаттын алдында биригип, ал максат ишке ашкан соң ар ким өзүнүн көз карашында кетиши мүмкүн. Оппозициядагылардын бийликке өтүшү же бийликте жүргөндөрдүн оппозицияга оошу – көп эле болуп келген мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми кечээ эле бир принцип үчүн жан берем деп эл алдында ант берип, анан эртеси күнү башка тарапка өтө калып, ал тараптын идеяларын жанталаша жактап, кечээки ырын унутуп, бүгүн теңирден тескери ыр ырдап киргендердин жоругу таптакыр туура эмес.

Спорттук суроо:
– “Супер-Инфо” шоу-бизнес, спорт өкүлдөрүн чакырып, футбол уюштурган. Эми футбол талаасына саясатчы, депутаттарды чакырсак деп турабыз. Сиз да ойноор белеңиз?
– Балалыгым топтун артынан кубалай футбол ойноо менен өттү. Андыктан футболго абдан кызыгам. Мурун дос балдар менен чогулуп маал-маалы менен ойноп турар элек. Акыркы жылдары андай жыргалга убакыт жок болуп баратат. Эгер бизди чакырсаңар футболго кызыккан “Ата Мекенчи” жаштарыбызды кошо ээрчитип келип ойногондон баш тартпайм.

– Спорт залына барып турасызбы?
– Спорт залына да көптөн бери бара элекмин.

Жан сырын ачкан суроо:
– Жан дүйнөңүз бук болгондо арыз-арманды жашырбай төгүп алчу адамыңыз барбы?
– Илгери мындай адамым апам болсо керек эле. Өзүнчө түтүн булаткандан бери аялым Айгүл ушундай жакыныма айланган.

Көңүлдү ачар суроо:
– Ыр-бийге шыгыңыз барбы?
– Таптакыр шыгым жок. Ырдабаганым аз келгенсип, башкаларчылап кызыта да бийлеп жибере албайм.

Эркекче суроо:
– Сиз суктанган сулуу аял...
– Эми ааламда сулуу аялдар абдан көп. Ар бир улуттун сулуусу өзүнчө. Мисалы, кытайларда, испандарда кандай гана көз талдырган сулуулар бар. Карап отурсаң, көз тойбойт. Ошентсе да мен үчүн эң сулуу аял келинчегим Айгүл.

Ашканадан суроо:
– Кашка жилик кимге тартылат?
– Чынын айтайынбы?.. Билбейм. Анткени ашканада эмне иштер болуп жатканына илгертеден киришпей көнүп калгам. Андай иштерди толугу менен Айгүлгө өткөзүп бергем. Мени казан-аякка аралаштырбай эле жакшынакай жайгаштырып коёт. Негизи, ал мени мындай иштерден бошотуп, коомдук ишмердигиме толугу менен шарт түзүп берген.
– Мындай аялга туш болуу ар бир эркектин тилеги болсо керек. Азыркы учурда ар бир мүнөтүңүз саналуу, жумуштардан кол бошобой жүргөнүңүздү да билебиз. Ошентсе да убакыт таап бизге конокко келип бергениңизге рахмат. Аман болуңуз!

Маектешкен Шаиста Шатманова
E-mail:
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 325, 23-29-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан