УРМАТ, НЕЛЯ: «Биз баш коштук, бактылуубуз!»

– Саламатсыңарбы, Урмат, Неля. Куш бооңор бек болсун!
Урмат: – Рахмат.
– Жаңыдан баш кошуп, үйбү­лө­лүк очок жандырып, түтүн була­та баштадыңар. Жан дүйнө куба­нычыңарды сү­рөттөп бере ала­сы­ңар­­бы?
Урмат: –Албетте, биздин кубанычыбызды сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Ошентсе да канча жылдан бери көкүрөгүм көксөп келген бир маселени ишке ашырдым окшойт. Жок, ишке ашырдым десем туура эмес болуп калат го, анын кымындайын гана аткардым. Эми чындап алдыда көптөгөн жоопкерчиликтерим турат. Ал жоопкерчиликтер менин парзым, милдетим. Дегеним, мурда бир кадам таштаганда күтүлбөстүк менен экинчи кадамым өзү эле ташталып кетсе, эми ар бир кадамымды ишеним менен 7 өлчөп туруп таштоомо туура келет.
– Неля, айтсаң, келин болгон кандай экен?
Неля: – Жакшы экен, мага жакты. Баары өзүм ойлогондой болду. Кайненемди өз апамдай көрүп калдым. Чындыгында, апам менен Урмат экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кезде эле таанышкам. Кечээ күнү айылдан келген. Экөөбүз бир күндө 5-6 жолу чай ичип, эне-кыздай үйдө отурабыз. Баса, турмушка чыккандан бери мына бүгүн биринчи жолу сыртка чыктым. Эмесе, жоолугумду салынып, халатымды кийип алып, ашканадан чыкпай эле жүрөм. Үйүбүздөн алигиче куттуктап келгендердин аягы сууй элек.
Урмат: – Тфү-тфү, көз тийбесин. Неля дагы дароо эле моюнуна илинген жоопкерчиликти сезип, өз ордун таап, көнүп кетти. Жакшы келин болуп жатат(күлүп).
– Баш кошуу салтанатыңар туурасында бир аз кеп салып бер­сеңер...
Урмат: – Ноябрь айынан бери эле “Жаңы жылды бир үйбүлө катары тособуз” деп пландап келгенбиз. Ошол планыбыз ишке ашып, туптуура 30-декабрь күнү баш коштук. Менин кубанганым, кыргыздын салтын тепсебей, кыпкыргызча үйлөндүк. Үйлөнөрдөн бир ай мурун барып, сөйкө салып келгенбиз, анан алып келүү үчүн барганыбызда аксакалдарыбыз менен калыңын алып барып, салт боюнча баш коштук. Кудай буюрса эми сүйүшкөндөр күнүнө карата концертибизди өткөрүп алсак, андан кийин үлпөт тоюбузду беребиз. Баса, Акбар, Мирбек, Султан үчөө мага күйөө жолдош болушту. Тойчук өткөрүү маалында ыр кесе уюштура коюшуп, ырдай албагандардан 100 доллар акча чогултуп беришти. Ал акча биздин биринчи үйбүлөлүк каражатыбыз болду десем болот.
– Канча калың төлө­дүң?
Урмат: – Эми... элден кем кылган жокпуз. Неля үчүн канча берсем да аздык кылат дечи, бирок муну мен эле чечпейт экенмин. Айыл аксакалдары болуп, ата-энем чечишти. Эң негизгиси, биздин бактылуу жашап кеткенибиз маанилүү эмеспи.
– Жакшы. Жогоруда салттарды аттаган жокпуз дебедиңби. Салттын баарын өзүң билчү белең?
Урмат: – Кайдан, азыркыга чейин элден кеңеш сурап жүрөм. Мисалы, кайындарымдын алдында мен дагы жүгүнүшүм керек экен да. Мындай күндөрү сахнада дайыма эле жүгүнүп жүргөнүм менен ал учурда жүгүнүүнү да билбей калдым. Ошол үч жүгүнүүнүн ортосунда колум өзүмө батпай кетти. Кайда коёорумду билбей, улам чөнтөгүмө сала калып жаттым. Ошондон кийин отурган жеримден туруп баратып да, "ушул турганым салтка жатпай калбас бекен?" деп ойлой бердим. Айтмакчы, дагы бир окуя: Таласта жезденин кулагын чоймой, чөнтөк аңтармай деген салттар бар эмеспи. Мен тимеле даяр­данып чөнтөктөрүмдүн ар бирине акча салып баргам. Өтө назик балдызым бар. Жанынан катуу басып өткөндөн коркосуң жыгылып калабы деп. Кирип келип, “уялам, аңтарбайм” деп туруп албадыбы. Анан кайра акчаларымды чогултуп өзүм бергенге туура келди.
Неля: – Чындыгында эле айтканга оңой болгону менен аябай сүрдөйт экенсиң. Мен да жаңы барганда аябай сүрдөдүм. Кечкисин саат ондордо бардык да, ошентип отуруп, никебиз таңга маал кыйылып, саат алтыда жаттык. Жеңемден “канчага чейин уктасак болот?” деп сурасам, "жетиге чейин" деп койду. Жетиде турсам, баары уктап жатышкан экен, кайра жатып алдым. Сегизде турсам дагы эле эч ким жок. Анан тогузда турбадымбы. Туруп эле ашкананы көздөй жөнөдүм. Эмне кыларымды билбей улам “Урмат, эмне жумуш кылам? Турчу” деп Урматка барам. Мунун турмагы азап экен, “мына азыр” деп коёт.
– Экөөңөр баш кошуп, нике­ңер кыйылгандан кийинки биринчи көрүшүүңөр?
Урмат: – Андан да, биринчи жолу Неляны жоолукчан көр­гөнүмдөгү абалымды айтпаймынбы. Эшиктен кирип келатсам эле алдымдан ак жоолукчан чыгып калса, бир саамга өзүмдү жоготуп карап туруп калыптырмын. Неля, чын эле сага жоолук ошончолук жарашат деп ойлогон эмесмин. Анан бир аз карап туруп “Менин жубайым турбайбы” деп ары көздөй жолумду уладым.
– Келгиле, кепти өткөндү эскерүү менен улантсак. Экөөңөр таанышкан күн эсиңердеби?
Урмат: – Азыр ойлосом, мен башка ырчы кыздар менен кайсы күнү таанышканым деле эсимде жок. А Неля менен таанышкан күнүм азыркыдай көз алдымда. 2005-жыл болчу, КТРдин алдынан Арстанбек Абдыманов байке тааныштырган. Ошондон бери эле Неля менин биринчи кеңешчим. Эмне гана маселе болуп моралдык жактан жардам керек болгондо Неляга телефон чалчумун. Көкүрөгүмдө ишеним турчу. Көрсө, бул жөн жерден эмес экен.
Неля: – Ооба, Урмат экөөбүз ошондон бери эле жакшы болчубуз. Мамилебиз акырындык менен жакындашып отуруп, мындан бир жарым жыл мурун кыз-жигит катары сүйлөшө баштадык.
– Анда эмне үчүн элден бул ма­ми­леңерди акыркы мү­нөт­төр­гө чейин жашырып келди­ңер?
Урмат: – Себеби, боло элек нерсени жар салуу туура эмес болуп калмак. Мына эми жүзүбүз жарык, элибизге кубануу менен “Биз баш коштук, бактылуубуз!” деп жар салууга учур келди.
– Кыз-жигит ке­зиңерде бири-би­ри­ңерге берген баалуу белектер болду беле?
Неля: – Урмат белек алганды жаман көрөт. Ошол себептен белек берем деп деле көп даярданбайм. А мага Урмат Дубайга барганда жашыл изумруд көздүү чо-оң шакек, чынжырча белекке берген. Алар мен үчүн өтө баалуу. Андан тышкары да берген белектери толтура.
Урмат: – Сатуучу “ал изумрудду тагынган айымдын көкүрөгү тазарат” деп айткан болчу. Баса, жашыл түстү биз Неля экөөбүз тең аябай жакшы көрөбүз.
– Экөөңөрдүн табитиңер кайсы жерден дал келишет да, кайдан эки айрылат?
Неля: – Биз экөөбүз тең суюк тамактарды жактыра бербейбиз. Ошол үчүн көбүнчө үйдө куурдак жейбиз. Анан чогуу ынтымакта КВН көрөбүз. А футбол менен күрөштөргө келгенде канал талашып, урушуп кетебиз. Урматтын улам “азыр үч мүнөт” дегени түгөнбөй жатып, жарым сааттан кийин мен таарынып чыгып кетем. Мага болсо коркунучтуу кинолор жагат. Кызыгы, апам мультфильмдерди жактырат экен. Ошол үчүн жакын арада телевизор албасак деп жатабыз. Азыр урушканыбыз эле ушу. А мурда айткан жерине убагында келбей кечиге берип, ошонун айынан көп урушчу элек.
– Экөөңөрдүн үй­­дөгү бири-би­ри­ңерге болгон ма­ми­ле­ңер баарына кызык болсо керек...
Урмат: – Менин курсагымды тойгузуп койсо эле болду. Балким, башкалар үчүн кадимкидей эле тамак болор, бирок, мен үчүн Нелянын бышырган тамагына тең тамак жок. Ашказаным менен сүйөт окшойм, тамагын жеген сайын көбүрөөк сүйүп баратам. Анан үйдө кубалашып ойнойбуз. Менин бир кытыгым келсе, токтобойт да. Ошол үчүн кытыгылап жүрүп, мени бул оюнда Неля жеңип алат. А менин көңүлүм түшүп турганда болсо, сага бир сырыбызды ачып коёюн, Нелянын ырчыларды туурамай таланты бар. Таптак өзүндөй кылып туурап коёт. Анча-мынча эркектерди баш кылып. Ошентип кээде куудулданып да кетет. А жиниме тийгенде Ури деп калат. Ошентсе эле менин жиним келет. Бирок бара-бара мунусуна да көнүп баратам.
– Бири-бириңерди кантип эрке­лете­си­ңер?
Неля: – Мени Урмат “Мамалашкам” дей берип, апам баш болуп элдин баары “мамалашка, как делашка?” деп калышты. А Урматты болсо мен “Жаным, алтыным” деп айтам.
Урмат: – Мени Неля атымдан айтса кызыктай боло берем. Баса, анан мен жуунганда чачым тик туруп калат да, андайда Неля мени “пушистый” деп калат.
– Экөөңөр баш кошкондон кийин Урмат Неля жөнүндө, Неля Урмат жөнүндө эмнелерди жаңы билди?
Неля: – Урмат эч качан кийимин жыйнактуу чечпейт экен. Анын артынан кийимин чогултуп мен жүрөм. Анан ашкана иштерине таптакыр кийлигишпейт, эмне кылып жатасың деп басып да келбейт экен. Мунусу мага жакты.
Урмат: – Нелянын сарамжалдуу экендигин үйлөнгөндөн кийин байкадым. Мен телефон менен узакка сүйлөшкөндү жаман көргөнүм менен айына 10 миң сомго сүйлөшүп коём. Неля болсо болгону 2 миң сомго жетип-жетпеген акча коротот экен. Анан да байкаганым, эртең менен турганда жарым саатка чейин оозунан бир сөз чыкпай, унчукпай жүрө берет экен. Кыскасы, саатты карап коюп, жарым саат таптакыр сүйлөбөй деле коюш керек экен деп калдым.
– Үйбүлөлүү болгон соң деле күйөрмандар тарабынан жубайлардын бирине жагымсыз болгон телефон чалуулар жана sms билдирүүлөр болот бекен?
Урмат: – Эми андайлар болуп эле жатат. Бирок экөөбүз тең чыгармачыл адамдар болгондуктан түшүнүшүү деген ортобузда бар.
Неля: – Үйдө Урматтын кыздар менен түшкөн сүрөттөрү, жазган каттары бар экен, баарын жыйнап, өйдө алып койдум. Алар эми эстелик да.
– Үйбүлөдө ким кызганчаак?
Урмат: – Неля менин кызганчаак экенимди билет. Бир аз өзүмчү­лмүн. Ошол себептен кызганууга мага жол бербегенге аракет кылса керек. Азырынча кудай сактасын, кызганыч үчүн ортобузда пикир келишпестик боло элек.
– Бул суроону бербей калсам болбос. Адам бири-бирин тапкыча издешип жүрүп, башка жолдорго да түшүп кетиши мүмкүн экен. Бул жагдай силерде кандай? Дегеним, сен да мурун башка кыздар ме­нен сүйлөштүң, Неля дагы...
Урмат: – Эми өт­көн нерсе тарых да, ага кайрылбай деле койсок болмок. Эгер менин бактым Неля экендигин ошол учурда билсем, башка кыздар менен мамиле куруп, убактымды кетирбес элем. Канткен күндө да, ошол учурда деле ушул бактыма жол издеп жүргөн экенмин.
– Атайын Неляга арнап ыр жаз­дыңбы?
Урмат: – Мурунку ырларымдын бирин дагы сүйүктүү жубайыма арнагым келбейт. Эми мындан ары ырдайм. “Түшүн мени” деген жаңы ырым даяр болуп калды, орус тилинде. Буюрса, эми ырдап чыгам. Келерки жуманын ичинде сиздердин Медиа-порталга да алып келем деп турам. А бирок тагдыр дегенге мурдагы ырларыбыз аркылуу толук ишенип калдык. Биз кыз-жигит боло электе эле “Сүйүү жолу” деп аталган ыр ырдап чыккан элек. Аны хит болот деп таптакыр ойлогон эмеспиз. Өзүнөн өзү эле жолун таап кетти. Андагы сөздөрдү азыр угуп алып, биз жашоо жолубузду ошондо эле ырдап коюптурбуз деп таң калабыз. Анан да Эмир Марлисбек уулунун “Мен келечекте” деген ырында ата-эне болуп ырдаганбыз. Аны ырдаганда да керек болсо, кимибиз ким экенибизди деле билбей, экөөбүз эки башка барып ырды жаздырткан элек. Көрсө, ошол ырларды жөн ырдап жүрбөптүрбүз да.
– Экөөңөр тең чы­гармачыл адам­дар­сыңар. Чыгармачылык эми мындан ары кантет?
Неля: – Чыгармачылык азыркы ички сезимдерибиз менен эми өнүгө баштайт болушу керек. Ошентсе да эми мен үчүн биринчи орунда үйбүлөм болот.
Урмат: – Экөө­бүз­дүн жолубузду ушул чыгармачылык кошподубу. Ошол себеп­тен ырчылыкты таштайт деген тү­шүнүк экөөбүздө тең болбойт. Бири-бирибизди жөлөп-таяп, чыгармачылыгыбызды мындан ары да өнүктүрө беребиз.
– Кесиптештерим бир суроо берүүмдү өтүнүштү эле. Базарда кичинекей балдар “Нелянын боюнда бар экен” деп сөз кылып баратышат дейт...
Урмат: – «Кичинекей балдар периштелер» деп коёт эмеспи. Кудай алардын оозуна сала берип, ошондой эле болсо экен. Жөн жерден айтып жатышпаса керек.
Неля: – Жолдошумдун эң бир көк­сөгөн тилектеринин бири эле ушу балалуу болуу, ошондуктан бул биздин биринчи пландарыбызда.
– Тилегиңер орундала берсин. Кызыктуу маек куруп бергениңер үчүн чоң рахмат. Алдыга таштаган ишенимдүү кадамыңар байсалдуу болуп, кармашкан ко­лу­ңар ажырабасын. Бактылуу болгула!

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 326, 30-январь - 5-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан