Алпаруучу турмушта...
– Лунара, биздин редакцияга кош келипсиң. Иштериң кандай?
– Рахмат. Кудайга шүгүр, иштерим жакшы.
– Сени азыр экран аркылуу Кыргызстандын көбү тааныйт. Маекти ушул тармакка келгениң туурасында баштасак...
– Телевидение босогосун жаңы аттаганымда азыркы ЭлТР анда “Ош-3000” телеканалы деп аталчу. 7-классымда аталган телеканалдын эшигин ачып, “Мөл булак” аттуу балдардын көрсөтүүсүн, студент кезде жыл сайын өтүүчү “Талант” музыкалык конкурсун алпарып жүрдүм.
– “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык программасын кандайча алпарып калдың?
– «Ош-3000» телеканалында иштеп жүргөнүмдө 2006-жылы кыргыз телевидениесинен “алпаруучулар керек” деген жарнаманы көрүп, алпарган берүүлөрүмдү дискке жаздырып жөнөттүм. Үч күндөн кийин “келип кал” деген жооп алдым.
– Алпаруучулуктан сырткары эмне менен алектенесиң?
– Мектеп жашынан тарта эле бийге катышам. Ошондон ушул күнгө чейин өзбек, испан, армян, тажик, кыргыз, заманбап бийлерин өздөштүрдүм. Азыр үйдөн өз алдымча чыгыш бийин бийлейм, “пресс” жасайм, “шпагатка” отурам, “мостик” турам, “сальто” ашам. Баса, студент кезде Ошто мен жетектеген “Микс стайл” деген бий тобу бар болчу. Ал кезде латын-америка бийи менен көп машыкчубуз. Бийге байланыштуу бир кызык окуя эсиме түшүп турат, ошону айтып берейинчи. ОшМУда “Факультет сулуусу” деген конкурс болуп калды. “Катышпайм” десем болбой биздин тарых факультетинин атынан мени чыгарып коюшту. Конкурстун катышуучусу да, уюштуруучусу да, ошол эле учурда топко кошулуп бийлешим да керек болуп калды. Конкурсту биздин бий тобу ачты, арасында мен да бармын. Бийлеп бүткөндөн кийин мен чыгышым керек эле. Көйнөгүмдү которуп, бирок колготкимди чечкенге жетишпей сахнага жүгүрүп чыктым. Элестет, алтын түстүү көйнөк, сары туфли, анан капкара колготки. Калыстар тобунун арасында кийим жагынан карачу да адам болгон. Бирок кара колготкиме карабай калыстар тобу талантымды баалап биринчи орунду мага беришти.
– Алпаруучулукка, бийге кызыгууңа ата-энең, үйбүлөң да түрткү болсо керек. Жалпы эле үйбүлөң тууралуу айта кетсең.
– Алпаруучу болуп калышыма атамдын салымы чоң. Ал эми бийлеп калышыма өзүмдүн чексиз каалоом себеп болду. Атам Улукбек Мамытов «Ош- 3000» телеканалында 30 жыл иштеген көп кырдуу талант. Экөөбүздүн “Ош тарых барактарында” деген китебибиз да жарык көргөн. Атамды өзгөчө жакшы көрөр элем, бирок ажал арабыздан алып кеткенине эки жылдын жүзү болду. Апам болсо орус тили мугалими жана медицина кызматкери. Учурда чакан бизнес менен алектенет. Улуу эжем Элянура азыр Ошто жашайт. Андан кийинки сиңдим Мира турмушка чыккан, 30-январда кыздуу болду. Кичүү сиңдим Мирана мектепте окуп жүргөндө төрт жыл “Кыз-Бурак” тобунда ырдаган. Учурда Ошто окуйт. Иним Кенжебай мектеп окуучусу.
– Сырттан караган адамга сүрдүү көрүнөсүң, үйдөн да ошондойсуңбу?
– Жакындан тааныбаган адамга ошондой көрүнсөм керек. Бирок сүйлөшө келгендер менин андай эмес экенимди көрүшүп, “сени бой көтөргөн кыз экен десе...” деп калышат. Ошентсе да эжем Элянура мага караганда кичине жумшагыраак. Бир жолу ата-энем конокко кетип, биртуугандарыма көзөмөл болуп үйдө калдым. Мирана “дискотекага барып, 10до келем” деп суранганда “ондон кечиксең үйгө киргизбейм” дедим. Ал мени жөн эле сүйлөп жатат деп ойлогон окшойт, айтылган убакыттан 2-3 саат кечигип келди. Ошондо көп убакытка чейин киргизбей койгом. Сабак болуш үчүн бир топко чейин кармайын деп жатсам, ата-энем келип калып алар менен үйгө кирип кеткен. Мирана ушуну азыркыга чейин айта берет.
– Сүрдүү көрүнгөн кызга жигиттер да даабайт эмеспи. Балалык сүйүү башыңдан өттү беле? Дегеле балалыгың тууралуу айта кетсең?
– Алты жашка чейин бала бакчага баргам. Апамдын айтканына караганда, мен ошондо эле тың экенмин. Бала бакчага барган балдар түшкүсүн дайыма укташат эмеспи. Бир жолу эжеке бизди уктатып коюп сыртка чыгып кетти. Калп эле уктамыш болуп жаткан биз тура калып жаздык менен согушуп кирдик. Эжей 5 мүнөттөн кийин кайра кирди. Ошондо башка балдардын баары орундарына жатып калышты, мен болсо керебетимди таппай ортодо туруп калдым. Ушул сыяктуу окуялары менен балалык өзү таттуу тура.
Мектепти бүткүчө дайыма алдыңкы партада отурдум. Жакшы окугандыктан, мугалимдер жаныма начар окуган окуучуну отургузуп коюшчу. 5-класстан жанымда отурган бала бир жолу мени жалт карап коюп, баракка бир нерсе жазып кайра тытып салат десең. Жазып жаткан барагын колу менен жаап да алган. Мени эч нерсени байкабайт десе керек. Жазган барагын сумкама салганынан бери көрүп калдым. Үйгө барып катты окугуча шашканым эстеген сайын көз алдыма келет. Окусам “мен сени сүйүп калдым” деп жазыптыр. Ушул сыяктуу кат жазуулар болгон. Бирок окуучу кезимде мен эч кимди жактырган эмесмин.
– А азырчы жигитиң барбы?
– Учурда жигитим бар. Ал жөнүндө убагы келгенде кененирээк айтып берем. Мен анын жөнөкөй, адамгерчиликтүү, акылдуу сапаттарын баалайм.
– Жаш телеалпаруучулардын экинчи, үчүнчү аял болуп турмушка чыккандарына көз карашың кандай?
– Чынында, ар ким өз жашоосун өзү чечет. Кыргызымдын аял албаган жакшынакай жигиттери турганда экинчи, үчүнчү аял болуу оюмда да жок. Эгер ушундай кырдаалга туш болсом, ал адамды жаман сөз айтып көңүлүн оорутпайм. Жөн гана достук мамилени кармап калганга аракет кылам.
– Маегиңе рахмат! Ишиңе ийгилик!
Сүйүн Кулматова
star@super.kg