ТЫНАЙ АЛЫБАЕВ: «Ата болуу бактысын он жыл күттүм»

– Саламатсызбы, Тынай байке, иштериңиз кандай?
– Баары жайында. Акырын-акырын жүрөбүз.
– Эмне жаңылыктар менен келип калдыңыз?
– Учурда “Инсан” тобунда Эркин экөөбүз гана калбадыкпы. Азыр жа­ңы ырларды жаздырып, жаңы клиптер менен чуркап жүрөбүз.
– Буга чейин эки жылдай убакыт таптакыр көрүнбөй кет­ти­ңиз­дер...
– Эми чыгармачылыкта тыныгуу деген болот да. Бирок тыныгуу учурунда биз эки жыл Казакстанда иштедик. Кудай буюрса, жаңы күч, жаңы эргүү менен жаңы чыгармаларды жаратабыз деген ойдомун.
– Казакстанга баруу макса­ты­ңыздар кандай эле?
– Ал жакта дагы ийгилик жаратып, популярдуулукка жетишүү болчу. Бирок алардын талаптары бизге таптакыр жаккан жок. Биринчиден, “башка ат менен чыккыла” дешти. Биздин “Инсан” деген атыбыз туруп, эмне үчүн башка ат менен чыкмак элек?! Анан да жалаң казакча ырдайт экенбиз. Бул талаптарга, албетте, макул болбойбуз. Казактар кыргыздарды басынтып, калп эле өздөрүн мыкты сезе беришет.
– Демек, Казакстандан чоң ийгиликке жетише албай кайра келген экенсиздер да...
– Жок, эмнеге, ырларыбызды көп­чү­лүк билет. “Инсан” тобун таанышат. Бул дагы жетишкендик да. Казактардын акчаларын биз жыйнап кеттик, аларда ошол үчүн кризис күч алды (күлүп). Шашпай кайра топтой беришсин. Балким, 4-5 жылдан кийин кайра барабыз.
– Чыгармачылык жаатында баары түшүнүктүү, жеке жашооңузга келсек...
– Эми жеке жашоо кудайга шүгүр. Келинчегим, бир уулум бар. Үйбүлөдө бактылуу кожоюн жана атамын. Келинчегимдин аты Азиза. Ал да мурда ырдап жүрчү. Кесиби боюнча филолог, бир канча чет тилдерин билет. Азыр 25 жашта, бала менен үйдө. Уулумдун аты болсо Жантай. Жантай хандын тукумдарынан болгонубузга байланыштуу “ошол чыгаан инсандай болсун” деген ниетте ысымын атам койгон. Азыр үйдө эрмегибиз эле Жантай. Анын баскан-турганы, күлгөнү, сүйлөгөнү баары бизге кызык. Баламды карап алып эле бактылуумун. Жумушум кычап турган күндө да, түштөнүү маалында үйгө бир келип 15 мүнөт болсо да баламды ойнотконго аракет кылам. Үйдө апасы экөө тамгаларды үйрөнүшөт. Эки жашта экенине карабай, алфавиттеги ажыратуу менен ичкертүү белгисинен башка тамгалардын баарын тааныйт. Санаган жагынан гана бир аз чаташып жатабыз.
– Мына ушундай бала сүйүү бактысын сизге арнаган келинчегиңиз жөнүндө кененирээк айта кетсе­ңиз.
– Эң негизгиси, Азиза аялдык милдетин билет. Мени сыйлап, сүйүп турат, тамакты жакшы жасайт, балабызды тарбиялап жатат. Эркекке андан башка эмне керек? Анын бардык сапаттары мага жагат. Ал тургай кээде мага эркелеп бат эле таарынып калганын да жактырам. Себеби таарынымыш болгону менен 5 мүнөткө жетпей кайра эле жаркылдап күлүп калат.
– Бул суроону бербесем болбос. Мындан бир канча жылдар мурун эле бизге Динара аттуу ке­линчегиңиз менен келип, “Жан ше­­рик” рубрикабызга чыккан эле­ңиз­­дер...
– Ооба, бул темада сөз кылуудан мен качпайм. Себеби турмушта ар кандай боло берет экен. Биз башка нерсени ойлоп жүргөн болсок да маңдайга жазганын көрөт турбайбызбы. Дүйнөдө биринчи никеси менен ажырашкан бир эле мен болбосом керек. Ооба, Динара экөөбүз баш коштук, дүңгүрөтө элге жар салып той бердик. Бирок тагдырдын соккусуна учурап, турмушубузду улантып кете алган жокпуз, ажыраштык. Экөөбүз 5 жылдай чогуу жашадык. Азыр болсо, чындыгын айтканда, мен биринчи жубайым Динараны карындашымдай жана досумдай эле көрөм. Ал-акыбал сурашып, кээде телефон аркылуу байланышып турабыз. Ал азыр чет өлкөдө, турмушка чыгып, балалуу болгон. Эми турмуштарыбыз бөлөк.
– Азиза тараптан кызгануулар болбойбу?
– Кызганганда эмне? Экөөбүздун мындан аркы тагдырыбыз бир да. Ортобузда балабыз бар. Мен аны сүйдүм, ага баш коштум, кызгануу дегендин баары ушуну менен токтош керек да. Азиза баарына түшүнүү менен мамиле кылат. Кызганса да мага билдирбесе керек.
– Азиза менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Шаарыбыздагы спорттук клубдардын биринен таанышканбыз. Үчүнчү жолугушууда эле ортобуздан жакындык таап, кыз-жигит катары сүйлөшө баштадык. Жүрөккө жүрөк от чачып дегендей. Арадан бир жарым жыл өткөндө баш коштук.
– Өзүңүздүн үйбүлөңүз туурасында да кыскача айта кетсеңиз.
– Өзүм 6 биртуугандын үчүнчүсүмүн. Ата-энем азыр 60 жашка барып калышты. Чүй облусунун Байтик айылында турушат. Менин балалыгым да ушул айылда өткөн.
– Балалык демекчи, ошол көз ирмемдерди эске салбайсызбы?
– Балалыкта эми шайтандайсың да, бирок ырга жакын болуптурмун. Эстесем, эртеден кечке байкемдин мектептен келишин эле күтө берчүмүн. Ал келери менен асынган сумкасын алып кыяк кылып ырдачумун. 1-классымда гитарада кол ойното алчумун. Бирок мектептеги балдарды сабап, ата-энемден көп тил уктум.
– “Мен ошондо бала экенмин да” дегенде кайсы жоругуңуз эсиңизге түшөт?
– Дос баламдын атасы менин атам менен темир жолдо иштечү. Жайкы каникулда Орусия сыяктуу алыскы жолдорго бизди салып алышчу. Биз болсо айылда ойноп жүргөн рогаткаларбызды кошо алып, жолдо жапжаңы машиналарды ташыган поезддердин жанынан өткөндө дааратканага кирип алып, машиналардын маңдайкы айнектерин чачырата атчубуз. Ошондогу машиналарды кордогонбузду эстеп ичим ачышып кетет.
– Ушунчалык тентек баланын алгачкы сүйүүсү качан өттү экен?
– Мектепте жүргөндө биринчи жолу бизге келген практикант кызды сүйгөм. Башкалардын баары кичинекей жүдөгөн кыздар болсо, а тиги супсулуу, келишкен да. Анын сабагына барарда жакшы окуп, даярданып барчумун.
– Сүйүү үчүн өзгөчө кандай ишке бардыңыз эле?
– Бир жолу сүйгөн кызыма жолугам деп 15 чакырым жерге жөө баргам. Анда эми бала экенбиз да. Бирок азыр түбөлүктүү сүйүүм болгон жубайым үчүн андан бир канча чоң иштерди аткарсам керек.
– Ошондой эле болсун. Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат, үйбүлөңүз менен бактылуу болуңуз.

Кызыктуу фактылар:

  • Тынай “жакшы” деген сөздүн ордуна “тема” дегенди көп колдонот. Аны көргөн уулу Жантай дагы бир нерсени жактырса, “тема” деп калат.
  • Үйдө көңүлү болгондо унчукпай эле тамак жасап кирмейи бар.
  • Түндө ойгонуп кетсе, 3 саатсыз кайра уктай албай, уулун тосуп, анын үстүн жаап, сыналгы көрүп жүрө берет.
  • Үй жумуштарын аткаруудан арданбайт. Келинчеги кош бойлуу кезде үйүн чаң соргуч менен тазалап турчу.
  • “Ата болуу бактысын он жыл күттүм” деген Тынай Жантай тө­рөл­гөндө сүйүнгөнүнөн жалаяктарын жууган.
  • Шишкебек бышыргандан, анан анын жытынан ырахат алат.
  • Кызуу кандуулугу бар. Жини бат келет.
  • Шаардын түтүнүн, пробкаларын, ызы-чуусун эң жаман көрөт.
  • Жыл мезгилдеринен май айын аябай жактырат.
  • Үйүндө баары жайында болуп, ата-энесинин жакканга көмүрү, малга чөп-жеми, тамак-ашы толук турса Тынай тынч уктайт.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 330, 27-февраль - 5-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан