АСЕМА: "ЖАШООДО "БООЗ САЛКЫНДАГЫ" АСЕМА ЭМЕСМИН".

Асема, акыркы күндөрү сенин ырларыңа гана күбө болуп келебиз. Кино жааты эмне болду?
– Азырынча жалаң ыр жаздыруу менен эле алекмин. Кино жаатын болсо аман-эсен көз жарып алганча деп бир аз токтотуп турууга туура келди. Башкасынын баары жайында. Күнүмдүк үй-тиричилик дегендей...
– Турмушка чыгып, үйбүлө куруу менен жашооңдо өзгөрүүлөр болбой койбосо керек...
– Баары эле биз ойлогондой “гладкий” боло бербейт экен. Ата-энемдин жанынан алыс чыгып көрбөгөн жаным бир топ эле кыйналдым. Мурдагыдай каалаганымды кылып, каалаган жакка бара албай калдым. Бойдок кезде эртең менен саат алты-жетиде үйдөн чыгып кеткен бойдон кечинде саат бирлерде келчүмүн, азыр андай күн кайда. Эч жакка чыкпай эле үйдө керели-кечке сыналгы көрүп отурам. Негизи, өзүм коркунучтуу кинолорду жакшы көрөм. Кош бойлуу болгонума байланыштуу балам коркуп калбасын деп, аны да көрүүгө өзүмө өзүм тыюу салгам. Эч ким жокто музыканы коюп алып, бугумду чыгара бийлеп алам. Эмнегедир кээде мага баары “скучно” сезилип кетет.
– Жолдошуң экөөңөр эле тура­сыңарбы?
– Ооба, Акжолдун ата-энеси Баткенде. Бул жакта өзүнөн улуу биртуугандары бар, бирок алар да өз алдынча үйлүү-жайлуу. Үйдө экөөбүз эле болгондуктан, кечкисин эмне кыларыбызды билбей, карта ойнойбуз. Мен утулуп калсам, Акжолго массаж жасап берем, ал утулса менин айтканымды сатып берет. Бул оюнда көбүнчө мен утам.
– Өз каалооң менен турмушка чыккандан кийин өкүнбөсөң керек. Ошентсе да алыскы баткендик жигитке башыңды байлап жатканыңда ата-энең эмне дешти эле?
– Ий, алардын каршы болгонун айтпа. Биз Акжол экөөбүз 4 жылдай тааныш болуп жүрдүк, ал эми жакын мамиледе кыз-жигит катары 4 ай сүйлөштүк. Ошол аралыкта мен бир да жолу “кайдан болосуң?” деп сурабаптырмын. Негизи эле ушунтип сураган адамдар мага жакпайт. Анан “турмушка чыгам” десем эле ата-энем “кай жактан болот экен?” деп сурап калышты. Өзүм билбей барып сурап келгем. “Баткенден экен” деп айтсам, чалкасынан кетишти. “Эртерээк токтотконуң жакшы, ага турмушка чыкпайсың” деп кесе эле буйрук беришкен. Ал эле эмес, үйгө келген эле туугандарым “эмне кыласың, эмне Чүйдөн ошондой жигит таппай калдыңбы?” дей беришип, айнытууга аракеттерди жакшы эле кылышкан. Бирок мен: “Апа, эч кам санабай мага ишениңиз, мен Акжолду “во” күйөө кылып алам”,- дей берчүмүн. Азыр апамдар мага ошол сөзүмдү айтып күлүп калышат. Акжолду болсо, өз баласындай жакшы көрүшөт. Алыска турмушка чыкканым менен борбордо эле жашайбыз да.
– Сени ойлондурган бир суроо бергим келип жатат. Жолдошуң “экөөбүз бул жакта жашайбыз” дегени менен бир күнү эле “шарт ушундай болуп калды, айылга кеттик” десе эмне дейсиң?
– Ой, эми элестеткиле, менин капкара болуп, уй саап айылда жүргөнүмдү. Андай болбойт да! Мен балдарымдын келечеги үчүн болсо да айылга барып жашабайм. Айылга барганча кайра эле шаардагы ата-энемдин коюнуна барып кирип кеткеним жакшы эмеспи. Мен жашоодо “Боз салкындагы” Асема эмесмин жана болгум да келбейт. Апей, мен мурдагы образыма кирип кетип сүйлөп жибердим окшойт. “Башка түшсө байтал жорго” деген сөз бар беле. Ким билет, келечек кандай болуп кетерин...
– Чындыгында эле сени көпчүлүк кинодогу образыңдан жакшы таанып калышкан. Концерттерге кыска көйнөкчөн чыкканыңды көрүп, “Асема жакында эле турмушка чыкпады беле, кайын журт дегенден уялбайбы. Мурда ыймандуу эле го?” дегендер да болду...
– Ооба, Нелянын концертинде 4 кыз квартет ырдаганбыз. Алдын-ала өз ара сүйлөшкөнүбүздө ошондой кыска киебиз деген сөз бар болчу. Бирок убадага турбай тизеден ылдый кийип алгандар да болду. Анан, албетте, алардын арасында мен көзгө өөн учурадым. Бирок мен мурдатан эле кыска юбка, көйнөктөрдү кийип жүргөн кызмын, эми деле сахна адамы болгондуктан, кие берем. Мындан мен эч кандай жаман нерсе көрө алган жокмун. Эң башкысы, мен үйдө, кайындарымдын көзүнчө антип жүргөн жокмун да.
– Жолдошуң буга кандай карайт?
– Жолдошум шоу-бизнес дегенди терең түшүнгөн адам. Мага “мындай кий, андай кийбе” деп чектөө койбойт. Ал “жарашканын эле кие бер” дейт.
– Асема, кел эми кеп нугун башка багытка буралы. Эне болуу алдында турасың, сенде кандай өзгө­рүүлөр болуп жатат?
– Өзгөрүүлөр көп. Акжолдун жолдоштору: “Көздөрүңдө энелик мээрим пайда болуп калыптыр”,- деп тамашалап калышат. Анан да кошбойлуу болгондон бери бир топ толуп калдым.Көптөр апама да окшоштура башташты. Ал эми мүнөзүм жактан айтсам, мурункуга салыштырмалуу таптакыр башка адам болуп калдым. Катуу сөз тургай, жөнөкөй эле тамашаны да көтөрө албай ыйлап жатам. Көп ыйлай бергенимден улам жолдошум “сийгек көз” деп тамашалап калат. Мурда алчанын ширесин кычкыл деп таптакыр иче алчу эмесмин, азыр күндө ичип турбасам башым ооруйт.
– Эмнеге талгак болдуң?
– Жолдошума талгак болдум (кү­лүп). Чын, эртең менен жумушка кетиргим келбейт. Кечинде болсо, түш оогондон кийин эле “качан келесиң?” деп жок дегенде жүз жолу телефон чалам. Айткан убактысынан он мүнөт кечигип калса, таарынам.
– Балаң жөнүндө эмнелерди кыял­данасың?
– Балам менен азыртадан эле сүйлө­шөм. Мен ырдаган ырларымдын мазмунун биринчи өзүм кара сөз түрүндө жазып алам да, анан акындарга берем. Ошол ырдын мазмунун жаратып жаткан убакта балам менен акылдашам. Сөздөрдү жазып туруп, “сага жактыбы?” деп сурайм. Анан ал унчукпайт да, “анда мейли, мен 5 мүнөт күтөм, эгер кыймылдасаң, жакты деп билейин, кый­мылдабасаң, жакпаптыр деп оңдоюн” дейм. Кыймылдабаса, кайра оңдойм. Анан да балам азыртадан эле бийчи. Такыр тынбайт. Өткөндө УЗИге барсам, врачтар: “Колдорун кыймылдатып кадимкидей бийлеп жатат. Балаң бийчи болот го”,- дешти. Айтор, эмнеси болсо да аман-эсен арабызга кошулуп алса экен деп тилеп жатам. Буюрса, баламды заманбап балдардан кылып тарбиялайм.
– Көз жаргандан кийин сахнадан канча убакыт алыстайм деп турасың?
– Балам төрөлсө, ашып кетсе эки ай үйдө отурушум мүмкүн. Балким ага чейин деле жумушка чыгып кетем. Көтөрүп алып эле ырдап жүрө берем го. Эми мен сахнадан түшпөй эки саат толугу менен кармалбайм да, көп болсо 5-мүнөт, ашып кетсе, 20 мүнөт дегендей. А калган убакта, албетте, балам менен үйдө болом.
– Аман-эсен көз жарып алышыңа тилектешпиз. Кызыктуу маек куруп бергениңе чоң рахмат.

Асема жөнүндө кыскача:

  • Жолдошу Асеманы “назиктиги жок, тарамыш кыз” деп коёт.
  • Үйдө жолдошун мыскылдаганды жактырат. Анын түркчө кошуп “алар келатышыптырлар” дегенин жана акцент менен орусча сүйлөгөнүн жакшы туурайт.
  • Асема кайын журтунун сүй­лөгөнүнө жакшы түшүнбөйт. Бирок акырындык менен үйрөнүп келатат. Мисалы, алардын “калайсиз?, майли” деген сөздөрүн жакшы билет.
  • Жолдошун баткендик деп айткысы келбегендиктен, “түркиялык кыргыз” деп тааныштырат.
  • Кош бойлуу болгондон кийин мурунку жакшы көргөн кийимдеринин батпай калганына өкүнөт.
  • Икранын көрүнүшү жакпагандыктан, өмүрүндө таптакыр жеп көргөн эмес.
  • Асеманы көргөн адам эң биринчи анын көзүнө маани берип карап алат. Бирөөлөр менен уруша кеткенде “көзүн карап кой, көзүн” деген сөздү көп угат.
  • Жолдошун тиштеп, чымчып ойногондон ырахат алат.
  • “Кудай буюрса, уул күтүп жатам”,- дейт Асема.
  • “Чарчадым” деген сөздүн ордуна “кросс чуркадым” деп коёт.
  • Асема ар бир сөзүнүн аягында “ошол” деп коюуну адат кылып алган.
  • Негизи эле сыналгыны да, ырды да үнүн катуу чыгарып укканды жакшы көрөт. Ошондуктан үйдө жолдошу экөөнүнүн талашы “үнүн чыгар”, “үнүн бас” деген сөздөр менен байланыштуу.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
wwwww
2017-05-30 01:45:29
Мындан ары Баткендиктерди Туркиялык кыргыздар деп койсок болчудай)
0
№ 331, 6-12-март, 2009-æ.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан