САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА: «Кыз-Бурактын» кыздарына атаандашпайм»

Айтылуу “Кыз-Бурак” тобунун эң кенже ырчысы Сайкал Садыбакасова учурда юридикалык билим алуу­дан тышкары бир топ ийримдерге катышып, үйдө кожойкенин да ролун мыкты аткарып жаткан кези. Андан да кызыктуу маа­лыматтар төмөнкү маекте.

– «Кыз-Бурактын» эрке кызы кош келиптирсиң, иштериң кандай?
– Рахмат, баары жайында.
– Эрке кызы демекчи, чын эле эркесиңби?
– Ой, чынын айтсам, үйдө эркелегенге деле убактым жок. Сизге менин бир күнүмдү айтып берейинби? Эртең менен саат 7де туруп сабакка барам. Түштө келип таенеме тамак берип, кайра ийримдерге жөнөйм. Бир күнү комуз менен кикбокс менен машыгууга барсам, экинчи күнү фортепьяно менен айдоочулукту үйрөнүү курсуна барам. Айтор, бош убактым жок. Ал эми кечинде болсо, апам менен Кенже мамамдар келгиче үйдү жыйнап, аларга тамак бышырып күтүп алуу менин милдетим.
– Кенже эжени мама дейсиңби?
– Ооба, мен төрөлгөндөн тартып эле Кенже мамам жанымда да. Башында тилим жаңы чыкканда мама десем, “мени эмнеге мама дейт?” деп жини келчү экен. Азыр кээде тамашалап “Кенже эже” деп койсом, “мен сага эже болуп калыптырмынбы” деп чычалап кетет.
– “Кыз-Бурактын” мындан мурунку курамындагы кыздардын баары эле сага апаңдай болуп калышса керек...
– Ооба, кичинекейимде баарын эле мама дечүмүн, кийин эле Айжамал эже, Гүлнар эже деп калдым. Алар мага эң жакын эжелеримдей болуп калышкан. Ошол топтун ынтымагын көрүп чоңойгон үчүнбү, айтор, азыркы кыздарга мен дагы "келгиле, ошолордой болобуз" дей берем. Гүлнар эжем үйгө келгенде кетпесин деп бут кийимин катып коём. А Айжамал эжем менен болсо, күн сайын интернет аркылуу байланышып турам.
– Кыздар арасында атаандашуу деген нерсе болот эмеспи. Топтун азыркы курамындагы кыздар менен мамилең кандай?
– “Кыз-Бурактын” кыздарына атаандашпайм. Кыздарга “менин апамдын, таенемдин тамагын бышырып, кирин жуушкула” деп атаандашмак белем. А кийим жактан болсо, алар эмнени кийсе, мен дагы ошону кием. Атаандашууга башта айтып кеткендей убактым деле жок.
– Анда сөз учугун ырчылыкка таштаган биринчи кадамың туурасында уласак...
– Мен 5 жашымда эле фортепьянодо анча-мынча ойной баштагам. 6 жашымда сахнага биринчи жолу чыгып, “Алтын балалык” фестивалына катышып, биринчиликти алгам. Ошондон бери сахнадамын.
– Талант жагынан апаңды тартып калсаң керек...
– Таенем аябай таланттуу, ооз комузду катыра ойногон, музыканы жакшы түшүнгөн киши. Апамды го өзүңөр жакшы билесиңер. Анан кантип музыкадан алыс болом. Анын үстүнө мен төрөлгөндөн баштап эле “Кыз-Бурактын” арасында жүрүп чоңойдум да.
– Убагы келгенде апаңдын улуу ишин улантып “Кыз-Буракты” жетектеп калам деген оюң барбы?
– Биринчи жолу мени “Кыз-Бу­рактын” болочоктогу көркөм жетекчиси" деп Кенже мамам сахнага чакырганда калтырап, ойдогудай ырдай да албай койгом. Бул аябай чоң милдет экендигин жакшы билем. Мен апамдай болуш үчүн бүтүн өмүрүмдү топко арнашым керек.
– Сен ошого даяр­сың­бы?
– Негизи, күчтүү жана эрктүү айым үйбүлөнү да, чыгармачылыкты да кемтиги жок алып кетет. Мен да күчтүү болгум келет. Апам кийин мени менен сыймыктангыдай даражага жетсем экен дейм.
– Канча жашыңда турмушка чыгам деген оюң бар?
– Азырынча ал жөнүндө ойлоно элекмин. Эмнегедир, 23 деген санга жакынмын. Ошол себептен 23 жашымда турмушка чыгам го деп ойлоп коём. Апамдын "эртерээк эле небере жытын жыттасам экен" деген тилеги бар. Мен го ойлогонумду айта берем, бирок Кудай маңдайыма эмне жазса, ошону көрөм да.
– Азыр сени жандаган жигиттер көп болсо керек...
– Азырынча мага жигит күткөнгө эртерээк. Анан да сүйүү мага келе элек. Бирок сөз айтып, сүйүүсүн билдирип жүргөн жигиттер да аз эмес. Ошентсе да менин азыркы максатым – чыгармачылыкта ийгиликтерди багынтуу жана окуумду ийгиликтүү аяктоо.
– Анан кесибиң боюнча иштей­сиңби?
– Апам мурда мени “ырчы болбойт” деп жүрчү экен, кийин ырдап калганда деле “кызыгы тараган соң таштайт” дечү. Бирок мен музыкага баш-отум менен киришип кеткенден кийин унчукпай калды. Окуумду аяктасам, буюрса, юрист болом. Бирок ырчылыкты таштайын деген оюм жок. Ал тургай азыр обон жарата баштадым. Учурда өзүмө таандык 7 обонум бар. Ырларым жакшы чыкса, ушул жылы жеке концертимди да берсемби деп турам. Былтыр катуу толуп кеткенимден улам апам “сен арыктабасаң, сахнага экинчи чыгарбайм” деп эскерткен болчу. Өзүмдүн бөлмөмө кирип алып ыйладым да, ичимден “көрөсүңөр го аппарык кыз болом” дедим. Эртеси диетага отуруп, күн сайын машыгууларды жасап жүрүп, көздөгөнүмө жетип жакшы эле арыктадым.
– Толуктугуңдан уяласыңбы?
– Мурда уялчумун. Толук болгонумдан улам “Кыз-Бурактын” кыздарынын арасына туруп ырдай алчу эмесмин да. Элестетиңиз, алардын жанында мен чоң болуп турсам. Тартынып дайыма кара кийим кие берчүмүн.
– Ал эми бош убактың­ды кантип өткө­рө­сүң?
– Бир жолу жакын курбумдун туулган күнү болуп, апамдан суранып ресторанга кеткем. Бир маалда кыздар менен отурсам, Кенже мамам чалат, “сыртка чыгып кал” деп. Чыксам, кабагын салып “кимдер менен отурасың?” дейт. Жалаң кыздарбыз десем, ишенбей ичине кирип текшерип, “аа, жакшы экен” деп таштап кеткен. Үйдө апама караганда мамам мени катуу кармайт. Бир чаң көрүп калса урушат.
Баса, анан үйдө бош болуп калганда кичинекей иним Эркин менен жашынмак ойнойм. Кээде колго сызгыч менен чаап фортепьянодо ойногонду үйрөтөм. Анткени мени да эжейим мурда ошентип үйрөткөн да. Эркинди ырдатам, негизи, ал дагы таланттуу.
– Акыркы суроом биздин WWW.SUPER.KG сайтындагы ме­диа-порталга жа­ңы жүктөлгөн Тима экөөңөрдүн “Молодёжь, давай!” деген ырыңар туурасында болсун. Аны кайдан ырдап калдың эле жана сөздөрү сени канааттандырабы?
– Ал ыр – Тиманыкы. Көптөн бери телефондордо хит болуп жүрөт. Кийин Казакстанга чейин тарап кеткенде аны чогуу ырдап чыгууну Тима өзү сунуштаган. Айта кетпесем болбос, Тима экөөбүз жакын эле туугандарданбыз. Ал эркек балага жазылган ыр, мен кайырмасында гана коштойм. Негизи эле ыр тандоодо орус классты бүткөндүктөнбү, ырдын ритми жагып калса, анын сөзүнө деле маани бербейм. Мисалы, “Ардагым” деген ырымдын “Сен кызыңды мен деп койсоң, мен да уулумду сен деп коём” деген саптарын жаздырып бүткөн соң гана түшүнүп, уялып калган болчумун.
– Эмесе, атайын Ош жергесинен келип, кызыктуу маек куруп бергениң үчүн чоң рахмат.

Сайкал тууралуу кыскача

  • Сайкал сабакка кетерде күз­гүгө каранып, жок дегенде 2-3 жолу кийимин алмаштырат.
  • Бийик такалуу бут кийимдерди жаман көрөт.
  • Кикбокско катышкан бул ырчыны машыктыруучусу: “Сайкалдын бир соккусунан эч ким соо чыкпайт” деп тамашалап калат.
  • Апасы Сайкалга Матиз үлгүсүн­дөгү машина сатып берген. Бирок ырчы бир дагы жолу рулга отура элек. Себеби Гүлшайыр эже кызына “качан айдоочулук курсту аяктаганда гана айдайсың” деген катуу талап койгон.
  • “Кыз-Бурактын” концерттеринин бирин да калтырбай келген Сайкалдын кытай улутундагы бейтааныш күйөрманы бар.
  • Сүрөткө түшкөндү жакшы көрөт. Өзүнүн телефону сүрөттөрүнө толуп калганда аны “чогуу бололу” деп апасы менен мамасынын телефондоруна өткөрүп коёт.
  • Эмне жумуш кылса да музыканын коштоосунда жасайт, болбосо иши чала болгондой кыйнала берет.
  • Таттууну аябай жакшы көрөт.
  • Апасы менен сырдашканды, кийим тандаганды жактырат.
  • Сайкал “Кыз-Бурактын” мурунку курамы Кенже, Гүлнара, Айжамалдар үйүнө келгенде алардын сүйлөшкөнүн угуп, аларга суктанып бүтө албайт.
  • Күн сайын эртең менен таенесин, апасын, мамасын ойготуп, үчөөнөн бата алып, анан сабакка кетет.
  • Сайкал ырдап жаткан ырынын сөзүнө көңүл бурбайт. Эң негизгиси, обону жакса болду.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 333, 20-26-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан