АЙДИН ШЕР: «Сүйгөнүмө башкалар сөйкө салып коюшту»

Жаркылдай шайыр мүнөзү менен кирип келген Айдин Шер менен алгач жат немедей пикир алышып, маек аягында асыл достордой коштошуп калдым. Биздин бүгүнкү каарман узак марага, асыл максатка умтулган жаш талант экенин баамдадым.

"Айдин Шер – сахнадагы атым"

Айдин Шер – сахнадагы атым. Өз атым сыр бойдон эле калсынчы. Болгону, менин атыма окшош ырчылар үчөө эмес, төртөө. Көпчүлүккө чаташуулар болбосун деп өзгөрттүк. “А” менин атымдын баш тамгасы, ал эми “дин” продюсерим Динара эженин атынан коюлган. Учурда ата-энем, жакындарым баары эле Айдин дешет. Азан чакырып койгон ысымды мусулманчылык жолу менен да өзгөртүшөт экен. Антейин деп ойлогонум менен, менин документтерим өзгөргөн жок.

“Чала кыргызмын”

– Туулуп өскөн жерим – Бишкек шаары. Бала бакчадан мектепти бүткөнгө чейин жалаң орустар менен окугам. Бирок чала кыргыз болгонум менен, өзүмдүн эне тилим дегенде патриоттук сезимдерим күчөп кетет. Кыскасы, кыргыз болуп төрөлгөнүмө өтө сүйүнөм. Кудайга ишенем. Ичимдик ичмей, тамеки тартмай жок.

“Учкуч болгум келчү”

– Балалык... Бул сонун курак да. Өмүрүмдүн жыйырманчы жазын сүрүп коюптурмун. Кечээ эле тентек бала элем. Мына бүгүн окуучулук куракты артка таштап, Улуттук университеттин 4-курсунда окуп жатам. Азыр ойлосом кичинемде тоо коюнундагы бардык адамдар боорукер деп билчүмүн. Адамдар ушундай жаралган, ушул боюнча калат дейт элем. Мисалы, мен таптакыр чоңойбой эле кичинекей Айдин боюнча учкуч болуп калчудай туюлчу. Көп эле тентектик кылдым. Кыскасы, эркемин.

“Таракты микрофон кылып ырдап...”

– Көптөр бир же эки мектептен окуп бүтүрүшөт экен. Мен болсо мектептен-мектепке көчүп жүрүп билим алдым. Орус мектептен кыргыз мектепке келгенде күндөлүк дегенди кундолук деп окуп, эжейимден көп тил укчумун. Мектепте болсо музыка сабагын “2ге” окуйт элем. Кийин эле Сыймык Бейшекеевдин “Көлдүк кыз” ыры менен “Айкөл” тобунун “Салам, калкым, салам” ырлары жан дүйнөмө таасир берип, ырга кызыгып калдым. Айтор, апамды отургузуп коюп, көздү жумуп таракты микрофон кылып Актан Исабаевдин ырларын ырдайт элем. Музыкалык жактан сабаттуу болоюн деп борбордогу “Аян-Арт” музыкалык мектебинде бир жарым жыл билим алдым. Аспаптардан гитара менен комузду чала-була кыңгыратам.

“Сахнада сүрдөгөнүм, ай”

–Мени Динара эже келгенде эле ала койгон жок. КТРдин алдында Динара эжени жаңылбасам 3 ай күттүм окшойт. Ошентип, продюсерге келген кез. “Улуттук хитпарадды” тартып бүткөн соң Динара эже “видеопробага тартып көрөйүн, ырда” деп калды. Сахнага кол булгалап турган кыздар бар го. Ошолор кетип калышар деп башында сахнага чыкпай турдум. Же тиги кыздар кетсечи, же менин сүрдөгөнүм басылсачы! Бир жактан Динара эже “бол, сахнага чык” деп шаштырат. Эмнеси болсо да чыгайын деп жөнөп калдым. Жакшынакай эле турамбы, жакшы эле ырдап жатамбы деп ойлонуп жатып ырдап бүткүчө чыкпаган жеримден тер чыкты. Сахнадан түшүп келатсам, кыздар автограф сураса болобу. Үймөлөктөгөн кыздарга же автограф бере алсамчы. Ошентип, алгач сахнанын сүрүн байкадым.

“Кол чаппай койсо арданып...”

– Сахнага жаңы ырдап чыкканда Султан, Кайрат байкелер чыкса дүркүрөгөн, мен чыкканда бирин-серин эле адам кол чаап турса арданат элем. Көрсө, ырың элге жагып, атың таанылып калганда антпей калат окшойт.

“Тушалган махабатым”

– Менин сүйүүм “Тушалган махабатым” ырымдагы клипке окшош. Кичинемде кошунабыздын кызы бар болчу. Ата-энелерибиз жакшы катышта эле. Кийинчерээк биз башка жакка көчүп кеттик. Анан арадан 9 жыл өтүптүр. Окууга тапшырайын деп Финансы техникумуна келип, бир суйкайган сулууну көрүп калдым. Көзүмө жылуу учураганынан “кайдан көрдүм эле?” деп коём, бирок эстей албай койдум. Ошентип сынактан өтпөй калдым. Анан апам кетип эле бир маалда: “Жүр эле, жүр. Мен баягы кошуналарга жолуктум, үйүнө чакырышты”,- дейт. Кимдикине барарыбызды деле билбейм. Барсак, мен суктанган кыз ошол үйдө жүрөт. Көрсө, ал да окууга тапшырганы атасы менен барыптыр. Кичинесинде анча деле сулуу эмес болчу. Чачын белине чейин өрүп алган Мунираны көрүп бир башкача болом десеңиз. Үйгө барып түндө же уктасамчы. Ошентип, ал кыз менен жакшы дос болуп жүрдүм. Сүйүүмдү билгизейин дейм, бирок айта албайм. Бир күнү туулган күнүмө чакырып, араңдан зорго айттым. Сүйлөшүп жүргөнбүз, кийин ал Орусияга кетти. Ошол жакта ага куда түшүп, сөйкө салып коюшуптур. Жакында тою болот. Эмне кылмак элем. Мунирага бакыт каалайм. Келечекте дагы чыныгы сүйүүгө кабыларыма ишенем.

“Кыргызстан – менин үйүм”

– Ырдап калгандан бери өлкөбүздүн көп эле жерине гастролдоп бардым окшойт. Кайда барбайын шаркырап аккан сууну, ак калпакка окшош мөңгү баскан тоолорду көрүп биздин жердин кооздугуна суктанам. Дүйнөдө биздин өлкөдөй кооз жер жок. Кыргызстан менин үйүм, менин жерим...

“Майка кийгенде булчуңум чыгып...”

– Спорт менен алектенем. Тренажёрдук залга барам. Байкасаңыз керек, көбүнчө спорттук кийимдерди кийгенди жактырам. Булчуңдарым кичине чыгып турса, майка кийгенде жакшыраак көрүнөт да (тамаша). Кичине чымындар ойгонуп калганда үйдө жатып алып эргүү менен ырдайм же ыр жазам. Ырларым элге жагып, элдин колдоосуна арзысам ошондо бир эргип алам.

“Атам акыры моюнга алды ”

– Жашоодо кымбаттарым – ата-энем жана эжем. Атам өзү табиятынан жумшак, жоош адам. “Ырчы болом” десем, “ооба, кыйратасың” дечү. Өткөндө телевизордон менин клибимди көрүп “оо, менин балам ырдап жаткан турбайбы” деп сүйүндү. "Акыры моюнга алган экенсиз да" деп күлдүм. Апам, эжем экөө менин жакын сырдашар адамдарым.

“Бой көтөргөн кыздарды жактырбайм”

– Ар дайым көтөрүңкү маанайда ачык жүргөндү жактырам. Өйдө көтөрүлгөндө асманды карап, ылдый түшкөндө жерди карап калмай мүнөзүм жок. Бирок бирөөнүн адатын бат эле үйрөнүп алып, ошол адатты калтыралбай кыйнала берем. Бир ырымда айтылгандай, боюн көтөргөн кыздар анча жага бербейт. Мага жөнөкөй, боорукер, шайыр кыздар жагат.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан