Согдиана: «БАЛАМДЫ КӨРӨР КҮНДҮ КҮТҮП КЕЛЕМ»

Окурмандарыбызга өткөн саныбызда Согдианадан эксклюзивдүү интервью беребиз деп сөз берген элек. Андыктан бүгүнкү “Супердин” өзгөчө коногу чыгыш ханбийкеси Согдиана. Ырчы Кыргызстанга күйөрмандары менен жолугушуу жана “Тумар” радиосун туулган күнү менен куттуктоо максатында келген.

Чыгыш ханбийкеси, куш келипсиң, биздин жашыл шаарыбызга! Бул Кыргызстанга болгон биринчи сапарыңбы?
– Сенин ханбийке дегениң мага аябай жакты (күлүп). Кыргызстанга, чындыгында, экинчи жолу келип жатам. Алгачкы жолу 13 жашымда ырчы DJ Piligrim менен Ош шаарына гастролдоп келгем. Себеби экөөбүздүн тең продюсерибиз Дмитрий Левин эле.
– Өзүң жашаган Өзбекстандын жылдыздарынын ичинен кимисин баалайсың?
– Бала чагыман “Ялла” тобунун ырын угуп, “Чайхана” деген ырына бийлеп чоңойгом. Мындан башка Юлдуз Усманованын ырларын жактырам. Ал эми теңтуш сахналаштардын арасынан Райхондун талантын, анан, албетте, DJ Piligrimди баалайм.
– Өзбек тилинде жакшы сүйлөсөң керек...
– Өзбекстанда төрөлүп, жыйырма жыл жашагандыктан, бул тилди эне тилимдей көрөм. Өзбек тилин түшүнөм, бирок сүйлөй албайм. Бир жолу өзбекче туура эмес сүйлөп алып шылдың болгом.
– Эсиңде барбы, кайсы сөздү туура эмес айттың эле?
– Кайсы сөз экени эсимде жок, бирок ал сөздү уккан жанымдагы адамдар шылдыңдап күлүшкөнү бүгүнкү күнгө чейин эсимден кетпейт.
– Согдиана, жогоруда “өзбек тилин эне тилимдей жакшы кө­рөм” дедиң. Сен өзбек кызы эмессиңби?
– Мен украин кызымын. Бирок европа улутунун кызы болгонум менен бала чагыман алган тарбиям, жашоого болгон көз карашым баары чыгыштыкы. Негизи эле чыгыш жашоосу, маданияты, тамак-ашы жан дүйнөмө жакын.
– Сенин өз атыңды Оксана деп уккан элек. Сага ысымдарыңдын кайсынысы жакыныраак?
– Жакындарым мени Согдиана деп эмес, Ксюша, Оксана, кызым деп чакырышат. Бирок беш жылдан бери бул ысым мага сиңип калгангабы, өзүмө Согдиана деген атым жагат. Жакында паспортумду да өзгөртөйүн деп жатам.
– “Чыгыштын тамак-ашы жан дүйнөмө жакын” деп айтып өттүң. Палоо жасай аласыңбы?
– Менимче, палоо жасоо аябай жоопкерчиликтүү иш. Жасап көргөм, бирок менин палоом азырынча апамдыкына жетпейт. Апамдын курагына жеткиче үйрөнүүгө аракет кылам го. Мага өзгөчө очокко бышкан палоо жагат.
– Дене-мүчөңдү дайыма бир калыпта алып жүрөсүң. Толуп кетпөө үчүн атайын кам көрөсүңбү?
– Табиятымдан ушундай жаралган окшойм. Чынын айтсам, бир аз толо албай жүрөм. Кош бойлуу кезимде доктурлар “аябай арыксың” деп тынчсызданышкан. Төрөгөндөн кийин 20 килограммга толуп кеткем. Ошондо өзүмдү күзгүдөн көрүп алып аябай кайгырчумун. Ал эми ата-энем, тескерисинче, салмак кошконума сүйүнүшкөн. Бирок бир нече айдан кийин эч кандай диетасыз эле калыбыма келип калдым.
– Балаң жөнүндө кеп козголуп кеткен соң бул суроону бербей коё албайм. Интернет булактарынан мурунку жолдошуң Рам менен торго түшкөн куштай жашаганың, ажырашып кеткенден кийин уулуңду уурдап кетип бербей жатканын окуган элем. Бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Тордо жашаганым чындык. Бирок ал торду өткөн чакка калтырып учуп кеттим. Кылчайып артты карабайм да, ал торго кайра түшпөөгө да аракет кылам. Ал эми уулум Ажур учурда атасында. Рам менин каалоомо каршы чыгып, балабызды өзүнө алып алды. Эки жашка толо элек наристе энеси менен болгону жакшы эмеспи. Эне мээриминен ажыратып алган адамга акыл кирип, баламды кучагыма алар күндү чыдамсыздык менен самап келем. Калыстык болоруна ишенип, жакшылыктан үмүтүмдү үзбөйм.
– Бир аз маанайың чөгө түштү окшойт. Маегибизди башка нукка буралы. Чарчаганда кантип эс аласың?
– Кинотеатрга барганда чарчаганым жазылат. Мындан башка бийиктикте учууну, парашюттан секиргенди, ар кандай экстремалдуу оюндарды ойноп эс алганды жакшы көрөм.
– “Кинону жакшы көрөм” деге­ниңен улам сенин “Согдиана” деген фильмиң эске түштү. Тасмадагы Согдиана менен турмуштагы Согдиананын окшоштугу барбы? Кийин да актёрлукту улантайын деп жатасыңбы?
– Тасма “Согдиана” деп эмес, “Зумрат” деп аталышы керек эле. Тарткан режиссёр тасманы менин атымдан улам “Согдиана” деп атоону туура көргөн. Ал эми тасмадагы каармандын чыныгы жашоодо мага эч кандай окшоштугу жок. Тасмага тартылуу үчүн билим жана тажрыйба керек экен. Актёрлук жактан сабак алып тереңирээк үйрөнгөн соң тартылуу тууралуу ойлонуп көрөм.
– Түшүнүктүү. Сахна жылдыздары дайым өзүн стилдүү алып жүрүш керек эмеспи. Кийим сатып алууда стилисттерден кеңеш аласыңбы же өзүң тан­дай­сың­бы?
– Бардык иш сапаттуу жана сабаттуу болуш үчүн жумушун мыкты билген профессионал жасаш керек деп ойлойм. Мен элдин кишиси болгондуктан, өзүмдү ошол сөзгө татыктуу алып жүрүүгө милдеттүүмүн. Ошондуктан кийим тандоодо жеке стилистимдин жардамына таянам.
– Биз сени Орусиянын Биринчи каналындагы “Жылдыздар фабрикасы-6” музыкалык долбоордон кийин жакшы тааныйбыз. Ошол жердеги жашооң тууралуу айтып берсең...
– “Жылдыздар үйүнө” жаңы барганда кыйын эле болгон. Биринчиден, ата-энемди, жакындарымды сагынып. Анысы аз келгенсип курчаган “фабрикачылардын” баары атаандаштарым. Бирок ошол жерден да дос таап, алар менен тил табышып жашап кеттим. Бүгүнкү күндө алардын ичинен Прохор Шаляпин жана “Челси” тобунун жигиттери менен жакшы сүйлөшөм. Негизи эле шоу-бизнесте дос күтүү кыйын. Анткени алардын баары сенин атандаштарың.
Акыркы суроом, “Бишкекке биринчи жолу келдим” деп айтып кеттиң. Шаарыбыз эмнеси менен сага жакты жана “Супер-Инфо” гезитинин окурмандарына сенин каалооң.
– Буга чейин эле кыргыз элин меймандос катары угуп-билип жүрчү элем. Чындыгын мына өз көзүм менен көрдүм. Силерде күн жылуу экен. Бишкектин аба ырайы аябай жакты. Ал эми гезитиңердин окурмандарына бакыт жана ийгилик каалайм. Мезгилден артта калбай “Супер-Инфону” окуп тургула!
– Жагымдуу маек куруп бер­гениңе чоң рахмат. Сага чыгармачылык ийгилик каалап, эмки кезигүүбүзгө чейин кош айтышам.

Кыскача...

Кайсы жериң өзүңө жагат?
– Бардык жерим, өзгөчө көзүм жагат.
Кандай сапатың жакпайт?
– Бардык сөздү жүрөгүмө жакын кабыл алганым жана майда нерсеге деле ойлоно бергеним.
– Миллион долларың болсо эмнеге коротмок элең?
– Ыр жазып, клип тарттырып карьерамды өстүрмөкмүн.
– Эмнени жаман көрө­сүң?
– Кыйкырыкты, жек кө­рүү­нү, анан бүркөк асманды.
– Эмнеден баш тарта ал­бай­сың?
– Торттон.
– Кайсы учурда уяласың?
– Калп айтканда.
– Сыйкырчы болсоң эмне кылмаксың?
– Убакытты артка кайрып, өткөн жашоомду оңдо­мок­мун.
– Кайсы кесипти эң кыйын деп эсептейсиң?
– Хирургдун.
– Карыганда эмне кылам дейсиң?
– Өзүм жөнүндө мемуар жазам.
– Ысык-Көл жөнүндө эмнени билесиң?
– Дүйнөдөгү эң кооз эс алуу жайы деп билем.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 337, 17-23-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан