Замир Мырза: «СТУДЕНТТЕРДЕН ПАРА АЛБАЙМ»

Бүгүнкү биздин конок ооз комузда гана эмес, сыбызгыны да сыздатып, жамгыр алдына бийлей алат. Кимдир бирөөнү эркелеткиси келген болочок жар. Студенттерге зачёт-экзамендерин өз убагында коюп берген агай. Ал – күйөрман­дарынын жүрө­гүнөн түнөк тапкан ырчы жигит Замир Мырза.

– Замир байке, көрүнбөй кет­тиңиз...
– Кудайга шүгүр, жүрөм. Сиздер борбордо, мен экинчи борборубуз Ош шаарында дегендей.
– Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болууда?
– Чыгармачылыкта жакшы эле. ОшМУда сабак бергендиктен, чыгармачылыктан бир аз алыстай түшкөндөй сезилип, азыр эс алуу алып, чыгармачылыкка баш-отум менен киришип турган учурум. Бишкекке да чыгармачылык сапар менен келдим. Ыр жаздырып, клип тарттырып жатам.
– Ал эми жеке жашооңузда өзгө­рүү барбы?
– Жеке жашоо кадимкидей эле. Бая­гыдай эле бойдок жүрөм.
– Жылдыздуу жигиттин жүрөгүн ээлеген адам табылбай жатабы?
– Азырынча жүрөктү ээлеген адам жок болуп жатат, жүрөк бош. Бирок ыймандуу, жөнөкөй сулууну жолуктурсам экен деп тилеп жүрөм. Тапсам эле үйлөнөм.
– Койсоңуз, кантип сүйүү башы­ңыздан өтпөсүн, окутуучусуз го, студент кыздардан чаппайсызбы?
– Окуучулук кезде мен да башкаларчылап сүйүүгө кабылгам. Ырдап чыгып, анан окутуучулук кесипти аркалап калган кезде мен үчүн атайын биздин факультетке тапшырган кыздар да болгон. Ошондой күйөрман кыздардан кат көп келет. Айрыкча 14-февралда атайын урна ачып коёт эмеспи, ошондо кат көп түшөт. Жүрөгүң дегдебесе студент кыздарды кантип чапмак элем.
– Студенттердин арасында сизге көз кырын салып, кыйытып сөз айткандар бар экен да... Негизи эле студенттерди экзамен учурунда кыйнабайсызбы, акча албайсызбы?
– Окутуучу студенттерге билим, тарбия берет эмеспи. Андыктан студенттер сабакта агай катары гана мамиле жасашат. Анан да мен өз чегимди билем. Тартипти катуу кармайм. Сабакта сабак өтүш керек. Экзамен-зачетко келсек, билген студентке коюп берем. Эгер билбей жатса окуп-билип келишин айтам. Мен да студент болгом. Алардын билимин акчага баалап, пара алгым келбейт. Кыскасы, акча алууга намыс жол бербейт.
– "Адамдын тагдырын анын мүнөзү курат" дешет. Сиздин мүнөзүңүз...
– Туура айтасыз, мен өзүм дайыма көтөрүңкү маанайда жүргөндү жактырам. Демек, мен шайыр, тамашакөй, жөнөкөй жанмын.
– Жөнөкөй жигиттин бала кези кандай өттү экен?
– Тилекке каршы, өткөндү кайтарып албайт турбайбызбы. Бала кезим апамдын бул дүйнөдөн эрте кетип арманга салганы болбосо бактылуу өттү десем болот. Атам ата да, апамдын ордуна апа да болду. Балдарын эч нерседен кем кылбай асырап, балтыр бешик балапандан ушул даражага жеткирди.
– Канча биртуугансыз? Ата­ңыз кайсы кесиптин ээси? Дегеле, сиздин үйбүлөдө ырга жакын адам барбы?
– Беш биртууганмын. 2 кыз 3 уул. Карындашым менен эки иним экинчи апабыздан. Атам – мугалим. Менин чоң атам комузда кол ойнотчу экен. Кыязы, чоң атамды тарткан окшойм.
– Демек, комуз чертет экенсиз да?
– Жок, мен өзүм пианистмин. Пианинодон сырткары, сыбызгыда, ооз комуз сыяктуу аспаптарда ойнойм. Көпчүлүккө мен гитаристтей көрүнөт окшойм, айтор, сурай беришет “гитараны жакшы ойносоң керек, ээ?” деп. Бирок гитара черткенди билбейм.
– Окуучулук кезден бир элес...
– Кичинемде өтө эрке, анан тентек элем. Бала кезимде таятамдыкына көп барчумун. Ал жердеги көк эшегимди минип алып ойночу элем. Азыр да айылга барганда “көк эшегиң дале бар, минип көрбөйсүңбү” деп күлүп калышат.
– Окуучулук күндөр айылда өткөн турбайбы?
– Жок. Ал жакка каникулда эс алганы гана барчумун. Өзүм Ош шаарында окугам. Эсимде, 6-класста классташыбыз төрт баланы үйүнө чакырганынан барсак, ити тууптур. Анан ал бала силерге энчи деп төртөөбүзгө бирден күчүк карматып койду. Биз да камаарабай сумкага салдык да, сабакка барып калдык. Баарыбыз олтурабыз. Менин оюм болсо сабакта эмес эле сумкадагы күчүктө. Тиги балдарды карап коём. Алар сыр билгизбей отурушат. Бир маалда эле сумкамдагы күчүгүм кыңшылап коё берсе болобу! Эжейдин “ай, ботом, күчүк каякта жүрөт?” деп чый-пыйы чыкканын эстеп алып азыр да күлүп калам.
– Айтсаңыз, ыр дүйнөсү сизге кандай дүйнөнү ачып берди? Ырчылык сиз үчүн хоббиби же кесиппи? Устаттан шакирт озчу эле, устатыңыз ким?
– Ырчылык мага өзүнчө керемет дүйнөнү ачып берди. Таңда туруп музыка уксам, кечти да музыка менен батырам. Чыгармачылыктын артынан көп адамдар менен таанышып, көп жерлерди көрдүм, көпчүлүктөн бата алдым. Ал эми ырчылыкты хобби да эмес, кесип да эмес деп билем. Ырчылыкты кесип же хобби дегендер жаңылышат. Ырчылык Кудайдын берген белеги, табият тартуулаган талант десем жаңылышпайм. А устатым Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусов.
– Шоу-бизнесте бут тосуулар бар деп коюшат. Дегеле, ырчыга продюсер керекпи?
– Бут тосуулар бар. Бирок мен ойлойм, оргуштап турган талантың болсо, Жараткан Эгем өзү колдосо сага эч ким бут тосо албайт деп. Мен ар дайым “Кудайдан өткөн продюсер жок” деп тамашалап калам. Негизи, продюсер ар бир ырчыга эле керек.
– Чыгармачыл адамдар досторду көп күтүшсө керек...
– Досу жок адамдан коркуш керек, ал кандайдыр жан дүйнөсү жарды адам болушу мүмкүн. Бирок ошол эле учурда элибиздин “сырыңды досуңа айтпа, кас болуп калат” дегенине да кулак түрүп коюу абзел. Достор көп, достукту баалайм. Сахналаш да, бизнесмен да, дыйкан да, анан калса абакта да досторум бар.
– Жүз сомуң болгуча жүз досуң болгон жакшы дейт турбайсызбы анда. Замир байке, билишимче, чачыңызды улам башка жасалга менен алып жүрөсүз. Жеке стилистиңиз барбы? Кийинүү жагы кандай?
– Негизи, сахна адамы болгондон кийин стилиңе, кийимиңе, дегеле, өзүңө карап жүрүү керек. Чын эле ырчылардын арасынан чачымды мен эле тез-тез өзгөртүп турат окшойм (күлүп). Жеке стилистим өзүм деп койсом туура болот го. Ал эми кийимди “Кара-Суу”, “Дордой” базарларынан эле алып кием.
– Өзүңүздү кино жаатында да сынап көрдүңүз окшойт, терс каармандын ролун сунуштаса макул болот белеңиз?
– Сиз “Кайып булак” тасмасын айтып жатасыз го. Ал киного мен акыркы болуп катышкам. Кинону көргөндөрдөн ар кандай сын-пикирлерди уккам. Кино бүткөндөн кийин андагы кемчиликтеримди байкадым. Искусство адамы болгондон кийин кандай каармандын ролу сунушталса да жок дегендин өзү туура эмес.
– Артыңызга кандай из кал­тыр­гыңыз келет?
– Мен дайыма мекенге кызмат кылууну, Алланы сүйүүнү, ата-энени, үйбүлөнү барктай билүү­нү милдет кылып келем. Анан, албетте, керемет музаны кошпосом болбос, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармаларды жаратуу, ошону менен бирге жаш муундарга үлгү боло тургандай сабак берүү. Саналган милдеттерди аткара алсам, бул жарыкта из калтырдым деп эле айта алам.
– Эмесе ошол тилектериңиз орундалсын, чыгармачылыктын чыйырында талбаңыз.
– Сиздерге да ыраазычылыгымды билдирип, ишиңиздерде ийгилик жылоо­лосун демекчимин.

Замир тууралуу...

  • 1982-жылы 2-июлда Ош шаарында төрөлүп-өскөн.
  • ОшМУнун искусство факультетин 2004-жылы Артыкчылык диплому менен аяктап, өзү окуган факультетке музыка мугалими болуп кирген. Учурда ырдап да, ырдагысы келген жаш таланттарга билим берип да келет.
  • Акыркы жолу “Битлз” тобу жөнүндө жазылган китепти окуп чыккан.
  • Жакында эле түрк улутундагы күйөрман кызынан узундугу 5 метр болгон сүйүү катын алган.
  • Жума намазына барып турат. Беш убак намаз окуйм деген ниетте.
  • Даамдуу жасалган тамактардын баарын жей берет. Көбүнчө таттууга жакын.
  • Бирөөнүн көңүлүн калтыра албайт.
  • Ыр жазбайт, бирок обон чыгарат.
  • Палоону мыкты жасайт.
  • Кой сойгонду билбейт, бирок тоок сойгонду билет.
  • Репертуарында 40тан ашык ыры бар.
  • 2003-жылы “Жалал-Абад азем түндөрү” конкурсунда 1-орунга ээ болгон. Мындан башка “Ала-Тоо жазы”, “Жалал-Абад азем түндөрү”, “Ош азем түндөрү” конкурстарында ал­дыңкы орундарга ээ болгон.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 338, 24-30-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан