Назира Айтбекова: «ЖОЛДОШУМ ТАПТАП УКТАТЫП, ӨӨП ОЙГОТОТ»

Ары наздуу, ары кылыктуу бийкечтер көздүү мончок сыяктуу жигиттерди алыстан эле чакырат эмеспи. Жылтырап көзгө кооз көрүнсө ким гана болбосун илип кетери анык. Ошонун сыңары экранга чыкса тили буудай кууруган, жылдыздуу айым Назира Айтбекованы бир бактылуу мырза илип кеткенине бир жыл болду. Биздин бүгүнкү коноктор Назира жана анын жолдошу Искен.

– Назира, эч кимге жар салбай акырын турмушка чыгып алганыңа жол болсун...
– Концерттерди алып барганда тамашалап “кара далы болуп баратам, качан турмушка чыгам” деп көп айтчумун. Анан турмушка чыгып калганымда “ура, турмушка чыктым” деп жар салгандан уялдым.
– Жолдошуң менен кандайча таанышып калдың, ошондон кеп салчы?
– 2-курста студенттер арасында өтүүчү “Ала-Тоо жазы” фестивалына Ататүрк Ала-Тоо университетинин командасы менен катышып калдым. Мен анда кемпирдин, анан алкаштын ролун ойнодум. Биздин команда элге өнөрүн көрсөтүп чыккандан кийин сахна артынан бир жигит келип таанышып калды. Ал калыстар тобунун мүчөсү болочок жолдошум Искен экен. “Айыл жерлеринде аракка берилген адамдар көп болуп жатат. Биз, жаштар, алардын аң-сезимин өзгөртүү максатында сеникине окшогон интермедияларды коюшубуз керек. Бизге кошулуп айыл кыдырбайсыңбы? Макул десең телефон чал”,- деп номурун берди. Анын айткандарынын бирин уксам, экинчисин укпай, көрөр замат шилекейим агып сүйүп калдым. Кыздарга чуркап барып “кыздар, мен бир жигитти сүйүп калдым” десем алар “колунда шакеги жок бекен?” дешти. “Билбейм” десем, шакегинин жок экенин да байкап келе коюшту. “А балким, кызы болсочу” десем “кызы не стена” деп жооткотушту. Үйгө барарым менен телефондон апама “апа, бир баланы сүйүп калдым” деп сүйүнчүлөдүм. Апам “ий, кызым, эми ал дагы сени сүйсө экен” деп жан тарткан эле. Ага чейин жигит менен сүйлөшпөсөм же бирөөнү сүйүп көрбөсөм, анан кургур жүрөккө Искен менен таанышканым чоң жаңылык болду да.

Искен чыгармачыл жаштар үчүн атайын клубдун жетекчиси экен. Күнүгө ал клубга барып, Искенди карап жалдырап отурам. Искен эки бала менен жакын достордон. Ал экөө да ошол клубдун бычакка сап балдары эле. Үчөөнү сынамакка “жеңелерим менен качан тааныштырасыңар?” деп сурасам эле “жеңеңди өзүң тандайсың. Азырынча жок” дей беришчү. Сулуу, сулуу кыздарды көрсөтүшүп “бул кызды жеңе кылалыбы” дешсе эле “жок, жаккан жок” деп кызганып эч кимисинин жанына жолотпойм. Үчөө тең “карындашым” дешип чекемден өпкөндөн ашыкча кетишпейт. Мен болсо Искенди күнү-түнү ойлоп кыйналам. Мени ошентип, беш жыл карабай койгон да.
– Искен, башында Назираны карабай жүрүп анан кантип сүйүп калдың?
– Чынын айтайынбы. Назираны көрөрүм менен эки досума “Назира үчөөбүздүн бирөөбүздүкү болот. Башканы жолотпош керек” дегем. Байкасам, кийин жакшы эне, жагымдуу жар болчудай. Чынында, ушундай эсеп менен Назирага көңүл буруп, анан сүйүп кеттим.
Назира: – “Назошка, сен сабак оку” деп эле сүйүү темасында сөз болуп кетсе “биякта ребёнок” деп жатса Искендин сезимин кайдан байкамак элем. Ушинткенде жиним келип “ребёнокту көрсөтөм сага, чоңоёюн мага суктанып карайсың” дей берчүмүн. Аңгыча Искен эки жылга Москвага РУДНге окууга кетти. Сагынганымды айтпа. Көчөдөгү элдин баары көзүмө Искен болуп көрүнө берчү. Ошондой күндөрдүн биринде кастингден өтүп “Улуттук Хитпарад” көрсөтүүсүнө алпаруучу болуп калдым. Стилимди өзгөрттүм, чоңойдум дегендей. Атым чыгып, күйөрман күттүм. Искенге күндө интернеттен кат жазам. Бул жакта болгондун баарын, ал гана эмес, ким сөз айтканынан бери жазчумун. Искен “бир да бала менен жүрбөйсүң, сабак оку. Апаң кандай жүрөт?” деп жооп жазат. Бир жолу “сүрөтүңдү салып жиберчи, чоңоюп калсаң керек” деп калды. “Хитпарадга” чыгып фотосессия жасаганга үлгүргөм да, укмуш сүрөттөрүмдү салып жибердим.

Москвадан келери менен достору болуп кафеге бардык. Достору “сыртка чыгып келейинчи, азыр” дешип эле бир-бирден чыгып кетишип, Искен экөбүз калдык. “Мөмө бышып калыптыр, карындашым, башкага үздүрбөй эле өзүм алайын” деп жатпайбы. Мен дагы бетимди табактай кылып “мейли” деп салдым. Анткени мунун келечеги кең экенин, буга тийген кыз жыргарын билчүмүн да. Байке-карындаш дешип жүрүп анан кыз-жигит болгондон кийин такыр эле жуурулуша албайбыз десең. Сүйлөшөт деген эле атыбыз бар. Жумасына бир жолу жолугабыз. Эркелегим келип эркелесем эле Искен көзүнүн төбөсү менен карап коёт, анан унчукпай калам. Ичимден “ий, кокуй, буга тийсем такыр эле эркелетпейт го” деп сарсанаа боло баштадым. Ал гана эмес жолугушууга да баргым келбей калды. Апамдар “сүйүп өлчү эмес белең, бар жолугуп кел, жакшы бала” деп үйдөн чыгарып салышчу.
– Искен, эмнеге эркелетчү эмес элең?
– Тарбиям ушундай. Биздин үйбү­лөдө сүйүп калсаң да “сүйөм” деп айт­канга тыюу салынган. “Бул жашоодо бир гана жолу турмуш курууга милдеттүү бол” деп ата-энем үйрөткөн эле. Мен деле эркелетип, кучактагым келчү, бирок уялчумун.
– Үйлөнгөн күнүңөр туурасында айта кетсеңер...
– Достор менен жолуккандан кийин “жүргүлө, Искендикине барабыз” деп мен баштадым. Барсак эле көшөгө, дасторкон, молдо, кой, даяр. Сүйүп жатсам анан кетем деп ыйламак белем. Кудай жалгасын деп отуруп алдым. Ошентип 2008-жылы 12-апрелде үйлөндүк. Той бердик. Кайын журтум ата-энемдин, мени баккан таене-таятамдын алдынан өтүштү. Чоң той берели деген деле оюбузда бар болчу. Турмушка чыккандан кийин тез эле Түркияга кетип калдым. Ал жакта 110 түрк тилдүү өлкөнүн катышуусунда фестиваль өтүп, ошого алпаруучу болдум. Эки жума мен үчүн азаптуу күндөр болду. Күнүгө Искенди сагынып, өңгүрөп ыйлайм...
– Фестиваль туурасында айта кетсең...
– Менин улуттук кийим кийип чыкканым өзгөчө көрүндү окшойт. Жанымда Түркиянын мен кыйын деген алпаруучулары, жылдыздары турушса алар менен эч ким сүрөткө түшпөй баары эле мага чуркашат. Ал жактан иштешүү туурасында бир нече сунуш түшкөн эле. Бирок биякты кыя албай келе бердим.
– Азыр кайсы жерде иштеп жатасың?
– Улуттук телеканалда “Бравону” алпарып жатам. Андан сырткары ТРТ Аваз каналында иштейм. Бул жерден биз Кыргызстандын салт-санаасы, кооз жерлери, маданияты, кыргыз элинин жашоосу, кыргыз-түрк мамилелери туурасында көрсөтүү даярдап, Түркияга жөнөтөбүз.
– Кайнатаң жөнүндө айта кет­сең...
– Кайнатам Манастын жети осуятын жазган, Манас айылын салган, Манастын 1000 жылдыгы мааракесинин уюштуруу иштеринин башында турган Шаршеев Шеримбек деген адам. Элдин батасын алган адам экен. Бирок ал кишинин көзү өтүп кетиптир.
– Учурда кайын журтуң менен чогуу турасыңбы?
– Жарым жыл чогуу тургандан кийин апам батасын берип бөлүп койгон. Кайненем кыргыздын макал-лакаптарын, китептерин сүйгөн, китеп жазган чыгармачыл адам. Экөөбүз отуруп алып кечке китеп, макал-лакап окуйбуз. Мага эң башкысы, алардын мени кызындай кабыл алып эч нерсе жасатпаганы жакты. Айрымдар бар го “тамак жаса, үй жыйна” деп келиндерин тыкыйта кармаган. Менин кайненем да, кайнежелерим да андай эмес. “Сен сүйлөп эле берчи” деп эч нерсе жасатышпайт. Эзели тамак жасап көрбөгөн жаным ар кимден сурап отуруп тамак жасасам даамдуу болуп калат десең. Анткени тамакты "азыр сүйгөнүм жейт” деп жасайм да.
– "Кыз-жигит болуп жүргө­нү­мдө Искен эркелетчү эмес" дедиң эле, үйлөнгөндөн кийин жылыш болдубу?
– Турмушка чыккандан бери өз атымды уга элекмин. Мый-мыйым, мый-мыйушкам дейт. Кечинде таптап, жомок айтып берип уктатып, эртең менен чачымдан бутумдун учуна чейин өпкүлөп ойготот. 4-5 жерде иштеген көпчүлүк эркектер кечинде жинденип “тамак барбы? Эмне үй чачык?!” деп келишет го. А Искен болсо колуна гүл, шоколад көтөрүп, мый-мыйым деп күлүп келет. Көп учурда кафеден тамактанып, үйдөн көп деле жасабайм. Чынында, турмушка чыкканга чейин жумуртка кууруганды эле билчүмүн. Үйдү деле анда-санда жыйнайм.
– Качан балалуу бололу деп жата­сыңар?
– Эртерээк балалуу болбосок, өзүм таптакыр эле бала болуп калдым. Буюрса, жакында ата-эне болуу бактысына ээ болобуз.
– Чоң эне, чоң ата болгонуңарды кандай элестетесиңер?
– Искенге кийин мен жоолукту астына салынып, маасы-көлөч кийген кемпир, сен сакалың жайкалган кой кайтарган чал болосуң десем, таптакыр макул болбойт. Анын айтымында, жашым өтүп калганда да бетиме эч кандай бырыш түшпөйт. Анткени ага экөөбүз тең жол бербейбиз. Жасанган чал-кемпир болуп чалкалап чет өлкөдө жашайбыз. Балдарды бутуна тургузуп, өздөрүнчө бөлүп коюп, чет өлкөлөрдү кыдырып саякаттоону адат кылабыз.
– Баса, сенин турмушка чык­ка­ныңа бир жыл болуптур, мындан бир нече сан мурун биздин гезиттеги “Бойдок кыздар” рубрикасына чыктың эле го...
– Турмушка чыксам деле өзүмдү бойдок кыздардай сезип, үйбүлөлүү болгонумду эч кимге айткым келген жок. Анын үстүнө “сен турмушка чыккан турбайсыңбы?” деп жашырганымды эч ким чукуган деле жок. Анан бойдок кыз болуп гезитке чыгышыма жолдошум да, кайын журтум да каршы болушкан эмес.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 339, 1-7-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан