Бекчоро: «ИЛЬЯЗ МЕНЕН ЫРДАГЫМ КЕЛГЕН ЭМЕС»

"Мен үчүн белең, суктанып сага келем" деген ыр саптарын созгон жигиттин ысымы учурда ыр сүйүүчүлөрдүн көбүнө тааныш. Бул жигит стиль, имидж жагынан да дүйнөлүк модага карап түздөнөт. Кеп Бекчоро жөнүндө болуп жатканын байкасаңыз керек.

– Алдыга умтулуунун күчүнөн уламбы, акыркы учурда мода тез-тез алмашып жаткансыйт. Бекчоро, бул ойго кошуласыңбы?
– Кайсы тармакты албайлы, баарынын модасы бар. Жадакалса чыгармачылыкта да. Мисалы, бир ыр хит болуп, анан бир канча убакыттан кийин өчүп калып жатпайбы. Менимче, бул деле мода.
– Мен да ошону айткым келип жаткан. Учурда белгилүүлүктүн ташы сен жакка ооп тургансыйт. Байкасам, сахнага чыкканыңда күйөрмандарың жанталашып сени чөнтөк телефондоруна тартып жатышат.
– Эл көнүмүшкө айланып бараткан нерседен тез тажайт. Тажап калган учурда анын ордун жаңы нерсе толуктаганы жакшы жөрөлгө. Белгилүүлүктүн ташы мен жакка ооп баратканын күйөрмандарымдын мамилелеринен улам байкап жатам. Ошентсе да адам өзүнө-өзү туура баа бере албайт эмеспи.
– Мурунку сандарыбыздын биринде “эми сахнада гана эмес, көчөдө да көз айнексиз жүрбөйм” деп айткан элең. Эмнеге деген суроо узаткым келип жатат.
– Мунун кызыктуу тарыхы бар. "Эртең “Мен үчүн белең?” ырыма клип тартабыз" деген күнү кечинде кафеде балдар менен мушташып кеткем. Биздин жаныбызда отурган кыз кошуна столдогу бир жигит менен урушуп кетти. Мен, менин жанымдагы эки бала кызга болушуп тигилер менен мушташып калдык. Катуу таяк жебесем да, сол көзгө катуу сокку жегем. Эртеси продюсерим Семетейге чалып “клип тартылбай калды. Менин көзүм көгала” дедим. Анда Семетей “жинди болбочу, капталыңдан болсо да тартабыз. Бүгүн тартсак да камерага акча төлөйбүз, тартпасак да төлөйбүз” деди. Байкасаңар керек, ошол клипте бет маңдайымдан тартылган кадрлардын баарында көз айнекченмин. Айрым кадрларды Семетей айткандай капталынан тарттык. Үч күндөн кийин “Хитпарадга” чакырып калышты. Ал жакка да көз айнекчен барууга туура келди. Ушундай окуялар болуп өткөндөн кийин “дайыма көз айнекчен жүрсөм кандай болот?” деп ойлонуп көрдүм да жактырып калдым. Көз айнегиме тийишкендерге тарыхын чечмелеп отурбай “имиджим ушундай” деп коём.
– Жөн жерден көз айнекчен адамга айланган турбайсыңбы. Эми ырчылыкка алган сапарың туурасында кеп салсаң.
– Шаарга келгени гитара үйрөнүп ырдай баштадым. Бир тааныш байке “кафеге ырчы болуп иштеп көрбөйсүңбү?” деп калды. Ал убакта курулуш материалдарын жүктөп, Эски толчокто иштечүмүн. Ошентип, байке мени кафеде иштеген бир таанышына алып барды. Ал мени ырдатып көрүп жарайсың деп сүйүндүрдү. Кечкисин кафеде, күндүзү жүк ташуучу болуп иштеп жүрдүм. Кафеге жаңы киргенимде Ильяз Абдыразаков экөөбүз чогуу иштегенбиз. Ильяз “Бекчоро байке, элден башкача топ болуп ырдап чыкпайлыбы?” дей берчү. Ильяз анда кичинекей, арык, капкара бала болчу. Ильяз менен дуэт ырдап жатканымды элестетип ичимден макул болбой жаттым. Аңгыча дагы өзүнө окшош баланы ээрчитип келип “Бекчоро байке, үчөөбүз чыкмай болдук” деп калды. Ошондо ачык эле “мен чыкпайм, экөөңөр чыга бергиле” дедим. Кыскасы, ошондо Ильяз менен ырдагым келген эмес. Анан экөө “Балдар” деген топ түзүп, ыр жаздырып радиолорго берип жүрүштү окшойт.
– Ошентсе да элге таанылуу жагынан сага караганда Ильяз алдыга чыкты окшойт...
– Башында Ильяз, Неля, “Делмар” тобу баары менен кафелерде чогуу ырдачумун. Алар ошондо эле “мындай ыр жаздырдым, угуп көрсөң. Аранжировкасы кандай болуптур? Бүгүн эле радиого бердим” дешип элге таанылуу жагын ойлоно башташкан. Мен болсо күнүмдүк акча тапканыма сүйүнүп жүрө бериптирмин. Алар элге таанылып калганда гана менде сахнага кызыгуу пайда болду.
– Анан элге таанылайын деген ойду максат кылдың...
– Бир жолу кафеге продюсер Нурлан Мамакеев келип “сен жакшы ырдайт экенсиң. Мага келбейсиңби, белгилүү кылам” деди. Кетким келбей жатса да Нурландын “белгилүү кылам” деген сөзү жагып калды. Ошентип, иштеп жаткан кафемден Нурландын кафесине которулдум. Кээде мурунку иштеген жериме караганда аз акча алып калам. “Мейли, башкысы акча эмес. Буюрса, Нурлан мени элге таанытат” деп жүрө берип арадан бир жыл өтүп кетиптир. Чыкпасыма көзүм жетип акыры ал жактан баса бердим. Андан көп өтпөй Семетейге жолугуп иштешип калдым.
– Иш башы кандай башталды?
– Семетей мен иштеген кафеге келип дайыма ырдаганымды угуп жүрчү. Ал кезде Семетей “продюсер болсом” деп, мен “элге таанылсам” деп жүргөн элек. Анан экөөбүз табышып калып жатпайлыбы. Чогуу иштешүү чечимин кабыл алган күнү эле ырдаганымдан тарта кийингениме чейин сүйлөшүп, кыялыбызда мен укмуш жылдыз болуп кеттим. Ошол күндөн ушул күнгө чейин эч кандай келишимсиз ишенимдин негизинде иштешип келе жатабыз.
– Кыялыңда эмес, турмушуңда жылдыз болууга жети­ше алдың. Сүйүү жаа­тында кантип жатасың?
– Буга чейин сүйлөш­көн кызым бар болчу. Чын эле чыгармачыл адамды түшүнүш кыйын окшойт. Бири-бирибизди түшүнүшө албай эки айрылыш жолго түштүк. "Клибиме келип тартылып кет" десем да келбей койду. Ошондон бери сүйүүдөн жардымын.
– Ал кызыңды са­гын­дыңбы?
– Сагынганда кандай. Алгачкы сүйүүм да. Өтүп кеткен күндөрүм жагымсыз окуялар менен коштолсо да жыл өткөн сайын эсимде жакшы учурлар гана сакталып келет.
– Кандай кыздар жагат?
– Негизи, мен биринчи кезекте кыздардын ыйманына карайм. Анан ачык же кыска кийинген эмес, хиджаб кийген кыздар жагат. Анткени аялзаты денесин көрсөтпөй жабык табышмактуу кийинип жүргөнү бардык жигиттерге жакса керек.
– Жалгыздыктан тажаган жок­суңбу?
– Жанымда досторум, апам, биртуугандарым турганда мен өзүмдү жалгыз сезбейм. Бирок сиздин сурооңуз өмүрлүк жарыңды качан табасың деген кыязда берилди көрүнөт. Качан ыймандуу кызга жолугам, ошондо үйлөнөм. Атайын бир убакытты деле белгилебейм.
– Мага же сага гана эмес, адамдардын бардыгына жагымдуу угулган балалык деген сөз бар. Ошол жагымдуу ааламыңды эскерип өтсөң.
– Мен Тогуз-Торонун Казарман айылынан болом. 1984-жылы сегиз биртуугандын алтынчысы болуп төрөлгөм. Улуу байкемдин аты – Санчоро. Атам биринчи аялы менен жыйырма жыл жашап балалуу болгон эмес. Аялынын биринчи күйөөсүнөн бир баласы болгондуктан, атам “күнөө менде болсо керек” деп жыйырма жыл жашаган. Акыры экөө жаман-жакшы айтышпай эле бири-бирине ыраазычылык билдирип ажырашып кетишет.
Атам бүтүндөй биздин өрөөнгө таанымал уста, багбан болгон. Таятам атамдын кылган иштерин жактырып жүрүп өзүнүн он сегиз жаштагы кызын, башкача айтканда, апамды аялдыкка берген. Атам тун баласынын эркек болгонуна аябай сүйүнүп “менин тукумум бир санга көбөйдү” деп Санчоро коюптур. Андан кийинки баласына “дайыма Санчоронун жанында жүрсүн” деп ырымдап Жанчоро, мен төрөлгөндө “өзүнө бекем тың бала болсун” деп Бекчоро деген ысым ыйгарыптыр. Менден кийинкисин “үйүбүздөн нур кетпесин” деп Нурчоро, эң кичүүсү операция жолу менен төрөлгөндүктөн “апасынын ичин жарып чыккан Эрчоро” деп азан чакырган. Атам көзү тирүүсүндө тамашалай: “Мен беш чоро жараттым. Эми силер кырк чорого жеткиргиле”,- деп айтар эле. Үйбүлөдө беш эркек, үч кызбыз. Эжелеримдин аттары болсо Минагүл, Минаргүл, Чынаргүл.
– Байкелериң үйлө­нүштү да, балдарынын аттарын Чоро коюштубу?
– Ооба, үйлөнүшкөн. Улуу байкемдин эки кызы бар. Кичүүсү уулдуу болгон, бирок Чоро койгон жок. “Чоро койбойсуңбу?” деп айтайын дегем, гастролдо болуп ат койгонго жетишпей калдым. Биртуугандарымдын баарына “атамдын керээзин аткаралы, чоролор кыркка жетели” деп калам. Буюрса, балалуу болсом атын сөзсүз Чоро коём. Атам 2002-жылы өтүп кеткен. Апам азыр кичүүбүз Эрчоронун колунда, Казарманда жашашат. Башка Чоролор ар кайсы жакка чачырап кеткенбиз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 340, 8-14-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан