Аида Кулуева: «ЖИГИТИМ МАГА ИШЕНБЕЙ АРТЫМДАН АҢДЫТАТ»

Ырчылар арасында ким сырдуу жана сүрдүү көз карашка ээ десе көпчүлүк Аида Кулуева дешери толук мүмкүн. Анткени бул сулуунун көз карашы айрыкча жигиттерди бушайманга салат. Төмөндөгү макала Аиданын жеке турмушундагы, чыгармачылыгындагы акыркы жаңылыктарына жык толгон. Анда назар таштаңыз.

– Аида, сени ырдагандан сырткары дагы бир кесипти аркалайт деп уктум эле, иштер кандай?
– Иштерим жакшы. БГУнун Мамлекеттик башкаруу жана социология факультетин аяктагандан кийин Бишкек шаардык бажыканасында үч жыл иштедим. Ал жерден чыгып кеткениме жарым жылдай болуп калды. Бул жумушка кирерин кирип алып абдан кыйналдым. Мектептен математикадан нөл деп айтпайын, чын эле “2ге” окучумун. Анан эле экономист болуп иштеп калганымды айтпайсыңбы. Ал жерде күндүзү иштесем, кечкисин кафеде ырдачумун.
– Түнү менен иштесең, анда окуудан аксаган экенсиң да...
– Окууну кызыл диплом менен аяктадым. Өз күчүм менен 1-курстан тарта эле студенттердин алды болуп жүрдүм.
– Университетте эле ырдачу белең?
– Ооба, ар түрдүү кечелерде ырдап калчумун. Бир жолу “Жан” деген топтун балдары “кафеге ырдайсыңбы?” деп калышты. Алардын айтуусу менен бир кафеде иштедим. Жасаган мамилелери жакпагандыктан, эки айдан кийин чыгып кеттим. Андан кийин “Кербен” тобуна барып иштеп калдым. Ал топко кирген жаштардын баары ар кайсы кафеде иштечүбүз. Мен ошондо эле “Дубовый парк” кафесине киргем. “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, бала кезимден эле бир жерден орун-очок алганды жакшы көрөм. Мисалы, бир бала бакчадан тарбияланып, бир мектепти окуп бүткөм. Эми жети жылдан бери бир кафеде иштеп жатам.
– Кайсы жерде ырдаба, иштебе, таянарың үйбүлөң да, туурабы? Ошол үйбүлөң туурасында айтып берсең...
– Атам өмүр бою куруучу болуп иштеген адам. Мүнөзү абдан кырс. Үйдөн баарыбыз атабыздан ийменип турабыз. Бирок мени үйдүн улуусу дейби, анча деле катуу кармабайт. Апам кесиби боюнча медик, шаардык №9 бейтапканада иштейт. Үч биртууганмын. Менден кичүү сиңдим турмушка чыккан. Бир баланын таежесимин. Иним быйыл мектепти бүтөт.
– Балдардын улуусу болсоң үйдүн эркеси экенсиң да...
– Кайдан, эрке кыз болгон жокмун. Эсимде, эс тарткандан тарта чоң кирлерге чейин жуучумун. Анткени ата-энем киного, конокко көп кетишчү. Үйдө мен ата-энеме, иним менен сиңдим мага эч качан каяша айтышпайт. Себеби тарбия ушундай. “Улуу адамдын айтканы туурабы, туура эмеспи, кичүү болгондон кийин эч качан унчукпоо керек” деген ички мыйзамым бар. Кээде бирөө менен уруша кеткенде ушул мүнөзүмдүн айынан оозумду ачып, жалдырап калам.
– Оозуңду ачып кала бергениң жашоонун оош-кыйыштарын башыңан өткөрө электигиң эмеспи?
– Кыйынчылык көрө элекмин десем туура эмес болуп калат. Мына быйыл 27ге чыгам. 11-классымда эле борбордогу түрктөргө котормочу, “Бета-Сторесте” сатуучу болуп иштедим.
– Котормочу болуп иштегениңе караганда тил үйрөнүү жөндөмүң күчтүү окшойт да...
– Эмнегедир түрк тилин тез үйрөнүп кеткем. Бирок азыр унутуп калдым. Ата-энем мени англис тилин үйрөнсүн деп канча жолу курстарга беришти, бирок таптакыр үйрөнө албай койдум.
– Сөз нугун ырчылыкка аттанган мезгилиңе бурсак...
– Ырчы болуп калышыма Назгүл эженин жолдошу Кубан байке түрткү болду. Кубан байке мен иштеген кафенин музыка жагын жетектечү. Ал байке аркылуу Назгүл эже менен таанышып, ырчылыкка кадам таштадым. Негизи, ал кезде менде ырчы болуу жөнүндө ой деле жок болчу. Анткени жигитим экөөбүз “мына-мына үйлөнөбүз” деп турганбыз. Ал менин туугандарымды, мен анын туугандарын жакшы таанычубуз. “Бир эшик жабылмайынча экинчи эшик ачылбайт” деп коёт эмеспи. Ал жигитим менен урушуп кеткеним менен ырчылыкка эшик ачылды.
– Эмне болуп урушуп кет­ти­ңер?
– Мен аны аябай жакшы көрчүмүн. Апасы “аны ташта, ал ырчы кыз. Кечинде иштеп жүрсө, кыйраткан деле кыз болбосо керек” деп баласын айныткан. Жигитим өзү дагы кичине оомо болчу. Андан айрылган учур өмүрүмдөгү унутулгус күндөрдүн бири болду. Жолукпай калганыбызга бир айча болгондо, бир жолу башка телефондон “понимаешь” деген SMS келди. “Бул ким болду экен?” деп ойлонгуча “я был дурак” деп келди. Кайра чалсам өчүрүп салыптыр. Көп убакытка чейин “ким болду экен? Балким, жигитимдир” деген үмүт менен SMS келген номурга тынбай чалдым. Акыры жигитим экенин билдим. Бирок сүйлөшө албадым.
Телефон номурум жашыруун болгондуктан, күнүгө телефон чалып, “алло...” дегенин угуп кайра коюп коём. Сагынып кыйналып жүргөнүмдө туулган күнүм болуп калды. Куттуктайбы деп аябай күттүм. Акыры ичиме шампан киргенден кийин өзүм чалып “эмне чалбайсың?” деп ыйладым. Ал “куттуктайм, бактылуу бол!” деди. Ошондо анан экөөбүздүн айрылышканыбызды түшүндүм. Ушундай окуялар болуп кеткенден кийин сүйүүдөн көңүлүм калды.
– “Сүйүүдөн көңүлүм калды” дегениң менен, жаш өтүп баратат дегендей, турмушка чыгышың керек да...
– Ий, айтпа, “качан турмушка чыгасың?” дегендерден тажап кеттим. Ата-энем, туугандарым баары эле ушинте беришет. Учурда жигитим бар. Ал мага “жакшы көрөм” деп ачык айтпаганы менен, Айжандарга мени жактырарын айтат экен. Баса жаңы таанышканда эле "сен меники болосуң. Артыңан дайыма аңдытам" деген. Чын эле бир жолу дос балама жолугуп үйүнө бардык. Ал үйбүлөлүү. Мен үйүнө кирерим менен эшик укмуш катуу кагылды. Ошондо билдим, чын эле артымдан аңдытып жатканын. Ишенбегенине жиним келип эшикти атайын ачтырбай койдум.
– Айжан, Бактыгүл үчөөңөр жакшы курбулардансыңар. Силерди сахна табыштырдыбы?
– Айжан менен “Кербен” тобунда чогуу иштегем. Бактыгүл менен кийин жакын болуп кеттим. Үчөөбүздүн мүнөздөрүбүз үч башка. Айжан шыпылдак, сүйлөөк. Бактыгүл андан өткөн ачык-айрым. Мен токтоо, таарынганымды да, жаман көргөнүмдү да билдирбейм. Бирок үчөөбүздө тең көтөрүмдүүлүк күчтүү. Балким, үчөөбүздү ушул нерсе бириктирип турат.
– Сенин көз карашың абдан сүрдүү го. Жигиттер тийишкенден деле коркушса керек...
Бул менин атайын жасаган көз карашым эмес. Болгону көзүм өзү ушундай. Курбуларым дагы "эмне акшыясың?" дей беришет. Ошондо укмуш жиним келет десең. Жигиттерди балким ушул көз карашым менен чочутуп аламбы деп да кээде ойлонуп кетем.


Чырдын башы эмнеде?

Эки жылдан бери иштешип келе жатышкан продюсер Назгүл Насиева менен Аида Кулуева ортодогу түшүн­бөстүктөрдөн улам эки башка кетишкенин өт­көн саныбызда жазган элек. Эмнеден улам ушундай иш болгону туурасында продюсер менен ырчынын өз ооздорунан уксак.

Аида: – Назгүл эженин эрке кызы болгондон кийин эркелеп көнүп калыптырмын. Эже “Жылдыздар манежде” долбоору менен эртеден-кечке циркте болуп, мага көңүл бурбай калды. “Ырды эми өзүң даярда” дегенинен улам менде таарынуу пайда болду.

Н.Насиева: – Мисалы, жа­шыл­ча-жемишти алалы. Урук сепкенден кийин ага суу куюп, багып чоңойтосуң да. Мен Аиданы ошондой кезинен тарбиялап чоңойтуп, Аида Кулуева кылдым. Аида, сен өзүң ойлосоң. Эгер сени эч ким тааныбаса, анан кантип нускасы 100 000 болгон “Супер-Инфонун” биринчи бетине чыкмак элең? Белгилүү болгон үчүн чыгып жатасың да, туурабы?! Ошол деңгээлге жеткирген мен экенимди унутуп коёт деп сенден эч күткөн жок элем. “Кайдан акча таап, кандай клип тартам?” деген суроолорго эч качан ойлонгон эмессиң. Баарын мен жасачумун.

“Июлга чейин бошобойм, цирк менен келишим ушундай. Аида, сен өзүң ыр жаздыр”,- дедим. “Бир ыр жаздырсам аны Назгүл Насыева жактырбай койду” дептирсиң. Кеп жактырган, жактырбаганда эмес, кеп акчанын кандай табылып жатканын билгениңде. Эки ырчы менен трио болуп ырдап жатканыңды да билген жокмун. Аны гезиттен окуп алып эсим ооду. Анан да отуруп алып “мен Назгүл эже жаздырган ырларды ырдабайм” дептирсиң.

Аида: – Иштешпей калгандан кийин сиз жаздырган ырларды ырдаганга укугум жок деп ойлогом.

Назгүл: – “Ырдабай эле кой. Радиолордон дисктерди чогултуп баарын колума тапшыр” десем, “акчасын төлөп берем, ырдай берейинчи” дейсиң. Кеп акчада эмес, кеп көңүлдө да. Мени баарына “ырдатпай койду, таарынышып кеттик” деп жаманатты кылып жатпайсыңбы. Мен сага “ичкен кудугуңа түкүрбө” деп, жадакалса SMS да жаздым. Сен ушундай кептерди ар кайсы жакка тараткандан көрө сонун ырларды жаздырып, клип тарттырбайсыңбы?! Анан “менден миң кемчилик кетсе да Назгүл эжеге рахмат” десең сүйүнгөнүмөн ыйлабаймынбы. Продюсерлер ичинен жалгыз мен келишим менен иштебейт экем. Бир чети келишим менен иштеген эле жакшы окшойт деп калдым. Эгер ортодо келишим болсо азыркыдай чыр чыкканда сотко берип коймокмун.

– Назгүл эже, Аида, экөөңөрдүн чөйрөңөр бир. Бир жерде болбосо баа­ры бир дагы бир жерден жолугушуп каласыңар. Ошондуктан арадагы тү­шүнбөстүктөрдү чечип, бир пикирге келесиңер деген ойдомун.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
dinamo7
2018-09-14 16:07:10
укмуш го, бул кезде
0
№ 341, 15-21-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан