Айбек Карымов: «АПАМ ЭКӨӨБҮЗДҮН ЧЫРЫБЫЗГА ГҮЛАНДАНЫН ТИЕШЕСИ ЖОК»

Бүгүнкү “Супердин” коногу Айбек Карымовдун дарегине буга чейин көп сөздөр айтылып келген. Анын үстүнө, таң атпай ырчынын апасы «Гүланданын ата-энесинин алдына бар» дегенинен макул болбой койсом, Айбек өзү салып берген сарайды бузуп жатат» деп ыйлап телефон чалды. Ошондон улам Айбек мырза менен байланышып, иштин чоо-жайын териштирүүгө аракет кылдык.

– Айбек байке, маекти чыгар­мачылыгыңызда болуп жаткан акыркы жаңылыкта­рыңыз менен баштасак.
– Министр Молдомуса Конгантиевдин идеясы менен ансамбль түзүл­дү. Ал өзү мени чакырып алып “көркөм жетекчи болбойсуңбу?” деген сунушун айтты. Ошентип, мени кошо эсептегенде 12 ырчы ансамблдин курамын түздүк.
– Ал эми өзүңүздүн жеке чыгар­мачы­лыгыңыз эмне болуп жатат?
– Шоу-бизнесте кичине эле иштебей калсаң, көчтөн калып каласың да. Ошондуктан “кыбырасаң кыр ашасың” дегендей, жаңы ырларды жаздырып эмгектенип жатам.
– Жаңы эле кино да тартып бүттүңүз окшойт...
– “Сүйүүдөн көз жаш. Эгиздер тагдыры” аттуу тасманы тартып бүттүк. Бул кинонун уюштуруу, каржы жагын мен моюнума алгам. Ал эми режиссёру – Кылыч Тойчу деген жигит болду. Монтаждалып бүттү. Учурда дубляж кылып жатабыз. Сентябрдан тарта сатууга чыгарабыз.
– Көпчүлүк ырчылардын чыгармачылыктан сырткары бизнестери бар эмеспи. Сиз да мындай иштер менен алектенесизби?
– Түркиялык үч адам менен борборго кафе ачып жатабыз. Кондитердик тамак-аш жасоочу техникаларды да алып келдик. Буюрса, жакындан тарта таттуулардын бизде жок түрүн чыгарабыз.
– Жакшы экен. Эми сөздү апаңыз менен болгон талаш-тартышка бурсак. Апаңыздын айтымында “Гүланда экөөбүз ачыкка чыгабыз. Ата-энесинин алдынан өт” деген экенсиз. Апаңыз “Гүланданы кабыл албайм” деп каршы чыгыптыр. Апаңыздын жообуна жиниңиз келип, сарайын бузуп кетиптирсиз...
– Апам ак сүтүн бербесе да, тогуз ай омурткасы сыздап көтөрүп, мени жарыкка алып келген. Ошондуктан ал кишини гезит аркылуу жамандагым келбейт. Апанын парзынан бул дүйнөдөн кутулуп кетемби, жокпу аны бир Кудай билет. Ар бир адамдын кыялы, өзүнүн түшүнүгү болот. Мен да өз түшүнүгүмө жараша салган сарайымды бузуп кеттим. Ал чын. Өз планым менен салдым эле жакпай калгандыктан кайра буздум.
– Ал сарай сизге жакпай калганы менен бузбай койсоңуз, апаңыз малын бага бермек да, туурабы?
– Мен бузган сарайдан башка апамдын мал бага турган жайы бар. Аңгырап турган сарайды эгер өзүм кааласам бузуп салганга акым бар да, туурабы. Түшүндүрүп айтсам болбой койду, эми эмне кылайын.
– Бул чыр “Гүланданын алдына бар” деген сөздөн улам чыкканы чынбы?
– Андай сөз болгон да эмес, болушу да мүмкүн эмес. Мен үйлөнсөм дагы, ажырашсам дагы эч качан апамды кийлигиштирбейм. Мисалы, Бурулду апам же атам алып берип, калыңын төлөшкөн эмес. Билем, бойдок жүрбөйм, үйлөнөм. Гүланданы аламбы же башканыбы аны убакыт көргөзөт. Кыскасы, апам экөөбүздүн чырыбызга Гүланданын тиешеси жок. Мени кичинекейимден чоң энем, чоң атам багып чоңойткон. Кеңешсем алар менен кеңешмекмин. Тилекке каршы, экөөнүн тең көздөрү өтүп кетти. Буга чейин үйлөнгөнүмдө кайын журтумдун алдына өзүм эле барып жүргөм. Апамдар барган эмес жана баргызбайм дагы.
– Жогоруда “апам мени сүтүн берип чоңойткон эмес” дебедиңизби. Аны кандай түшүнсөк болот?
– Карындашым экөөбүз кичине кезибиде апам менен атам ажырашып кетишкен. Айнура апамдын, мен чоң эне-чоң атамдын колунда өскөм. Аскерде жүргөнүмдө карындашым дарегимди издеп таап мага кат жазып жүрдү. Ошентип, аскерден келгенде апам менен карындашымды Кадамжайга издеп бардым. Дарек боюнча барсам, эшиктин алдында бир аял короо шыпырып жүрүптүр. “Айнураны чакырып коёсузбу” десем, “агасы аскерден келе жатат, ошону тоскону кеткен” деди. Канткен күндө да эне да, сөзүн бүтөрү менен “сен Айбексиңби?” деп билгендей сурады. Ошентип, апам менен жолугуп үйдө отурсам карындашым келип калды. Көрсө, экөөбүз кайчылаш өтүп кеткен экенбиз.
– Учурда атаңыз кайсы жакта?
– Атам аэропорттун жанындагы дачада, апамдын кошунасы. Өзүнүн бала-чакасы, кемпири бар. Ага да каралашып турам. Чынында, атам алтын киши.
– Өзүңүз да энеден алыс өсүптүр­сүз “эки балам атасыз өссө кандай болот” деп ойлоносузбу?
– Атасыз өспөйт, мен тарбиямды берүүгө дайыма даярмын. Үч баламдын тең келечегин камсыз кылганга күч-кубатым жетет. Кайдан билесиңер, балким мен укмуш акча топтоп койгондурмун?! Атасынан алыс өссө эмне экен?! Мен деле өзүң айткандай, ата-энеден алыс чоңойгом.
– Сөзүңүзгө аралжы, апаңыз сизден “беш неберем бар” деди го...
– Менин үч балам бар экенин элдин баары билет. Ишенсең, мен ошолор үчүн гана жашап жүрөм.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизде ийгилик болсун.


Айбектин апасы Анара Кожоева: «Чырдын башы Гүландага барып такалат»

“Кызым, сени деле мендей эне төрөсө керек, айтканымды угуп койчу” деген эненин сөзүн укпай коё албадым. Бул ырчы Айбек Карымовдун энеси Анара эже эле. Анара эже баласы Айбек экөөнүн ортосундагы чыр-чатакты айтып, бир сыйра ыйлап өттү. Анара эженин төмөндө айтып бергендери Айбек менен болгон маекке чейинки пикирлер.

– Кичүү балам келип “апа, сиздин маанайыңызды чөктүрө турган кабар айтайынбы?” дейт. “Ээ, ботом, эмнеге антесиң” деп таң кала түштүм. “Айбек байкем келип сарайды бузам дейт” деди. Мен түшүнбөй “бүтүндү эмне кылат бүлдүрүп” деп ойлонуп калдым. Ак-Өргөдө беш бөлмөлүү үйүм бар эле. Тува Республикасында үч жыл иштеп, өз ак эмгегим менен алгам. Мына азыр ден соолук жок. Ал үйдү Айбек “апа, бул үйгө мен жашайын, жумушка барып келгенге оңой болот, силерге айылдан үй алып берем” деп өзүнө алган. Анан мага Манас аэропортунун дачасынан мына ушул үйдү алып берди. Карындашы экөөлөп сарай да салып беришти. Бурул экөө уруша кеткенде “кокуй, Бурулга калып калбасын” деп Ак-Өргөдөгү үйдү сатып жиберип, өзү биздин ушул үйгө келип жашап калды. Аңгыча малын сатып Раздольный айылынан жер алды. Азыр там салып жатат. Анан былтыртан баштап тигинтип Гүланда менен жүрүп алып жатпайбы. “Гүланданы келин катары көрбөйм” деп уруша кеттим. Анан бүгүн эртең менен уктап жатсам, кичүү баламдын келинчеги үйгө чуркап кирип “Айбек байкем келип, сарайды бузуп жатат” деди. Саатты карасам, таңкы беш жарым экен. Тигилер канчада келгенин билбейм. Карабайсыңби, минтип чатырынын бир жагын жулуп ыргытып жиберишиптир. “Айбек, эмне маңкурт болуп калдыңбы же баарыбызды Гүландага алмаштырдыңбы? Гүлан­да ким сага?! Эртең эле биз күйөбүз” деп, Кудай турат го, чаап-чаап жибердим. Негизи, бул чырдын башы Гүландага келип такалат. Кыйкырышып жатсак кошуналар чуркап келишти. Алардын койгула дегенин уккан да жок. Ошол, кызым, сураныч, болгонун болгондой жазып койгулачы?!
Айбек байке айтмакчы, эненин тогуз ай омурткасы сыздап көтөргөн күндөрүн акташ оңой эмес. Ошентсе да ырчы энесин, Анара эже баласын түшүнүп, бир пикирге келишер деген үмүттөбүз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Siren90
2020-06-12 20:11:20
Бул маекти окуп Айбек карымов менен Гуляндага болгон оюм бир аз өзгөрдү, апасынын, мурунку үй бүлөөсүнүн каршылыгы менен баш кошушкан эке н да
0
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан