Мерген Турган: “АЯЛЫМ ТОЛГОТУП ЖАТСА, МЕН СҮРӨТКӨ ТАРТЫП...”

Мерген Турган бир кезде Леонтьевге окшошуп, “Ак бантикти” созсо, азыр аялча чаңырып “Дыңкы жеңе” атка конгон. Улам бир атка конуу чыгармачылыктагы изденүүнүн негизинде болуп жатканы талашсыз. Убакыт өткөн сайын Мерген өзүн ырчы гана эмес, пародист, куудул, обончу катары да тааныта баштады.

“Казактарда жүрүп аял таптым”

– Казакстанда иштеп жүрүп жубайым Жылдыз менен тааныштым. Тааныш эжелерим “үйлөнбөйсүңбү” дешип 3-4 кыз менен тааныштырышты. Алардын ичинен органда иштеген, намаз окуган Жылдызды жактырып калдым. Жолукканда мен эле сүйлөй берчүмүн. Жылдыз болгону “все понятно” деп отура берчү. Жарым жылдай кафеге, ресторанга киргизип сыйлап жүрдүм. Анан балдар майрамы болгон 1-июнь күнү шарик көтөрүп барып үйлөнүү сунушун киргиздим. Үйлөнүү тоюбуз алгач Жылдыздын кичи мекени Алматыда, экинчи ирет туулуп өскөн жерим Нарын шаарында, үчүнчү жолу Бишкекте өттү. Ырчылардын ичинде биринчи жолу ичкиликсиз той өткөргөн мен болдум. Муну уккандар “араксыз кандай той болмок эле, обу жоктонбочу. Кырк жыл үйлөнбөй жүрүп кыларың ушул беле?” дешти. “Силер келбесеңер той өтпөй калмак беле. Келбесеңер келбей эле койгула” деп таарынганга чейин бардым. Туугандарым келбей коюшса чын эле казактарга уят болмокмун да. Келбейбиз дегендердин баары келди, той ичкиликсиз эле шаңдуу өттү.

"Эркек балалуу болдуң" дегенде көзүмө жаш тегеренди"

– Аялым толгото баштаганда машинама салып алып ооруканага жөнөдүм. Толгоонун кыйын болорун кайдан билем? Аялым кыйкырып жатса, мен жанталашып эстелик болот деп сүрөткө тартып жатам. Анысы аз келгенсип «моралдык колдоо керек болот го» деген ой менен даңкылдатып жердеши Роза Рымбаеванын ырын коюп койгом. Кийин “жинди экенсиң, өзүм өлө албай жатсам бакыртып ыр коюп, сүрөткө тартасың” деп күлүп жатпайбы. Жылдыздын толготконун көргөндөр “обу жок аялың бар экен. №4 төрөт үйүн башына көтөрө бакырды” дешти. “Эркек балалуу болдуң” дегенде көзүмө кадимкидей жаш тегеренди. Эркек экенин укканда дароо чачыма, кийимиме асылгандар эсиме түштү. “Шылдыңдагандар кыйын болсо мендей эркек балалуу болуп алышсынчы, сын таккандын ордуна” дедим ичимден. Келинчегим менен уулум ооруканадан чыгары менен кой сойдум. Үйдө ысык суу болсо да, келинчегимдин колун сууга салдырбай, жалаякты өзүм жууп, үтүктөп, тамакты өзүм жасап жаттым.

“Менин атым азыр Дыңкы жеңе”

– “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы” сынагы болордо мен Алматыда иштеп жүргөм. Анан Назира Жетигенова конкурска чакырып «экөөбүз катышалы» деп калды. Назира экөөбүз төрт-беш келиндин образын кошуп Дыңкы жеңени чыгардык. Өзүңөр билгендей, элдин колдоосу менен Гран-Прини жеңип алдык. Ошондо эл мени кетиргиси келбей, сагынып калгандарын сезип, Алматыдан Бишкекке көчүп келе бердим. Буга чейин деле куудул болгонум менен, эл алдына чыга элек болчумун. Дыңкы жеңе ролумдан кийин, такай тойлордо, концерттерде ошол образым менен чыгып калдым. Кээде формамдын, маанайымдын жоктугуна карабай, айрымдар “Дыңкы жеңени аткарып койчу” деп суранышат.

“Эркектер мага өздөрү тийишет”

– Айрым жигиттердин мен жөнүндө айткандарын угуп алып жиним келет. Мен тийишпей эле, алар мага тийишишет. Чынында, тамашакөй адаммын да. Сахнага чыгыш үчүн бизге юмор керек. Тамашалашып жатканда мени жакшы түшүнбөгөндөр кылыгымды көрүп калып туура эмес ойдо калышат экен. Акыркы учурда тамашалагандан да чочулап калдым.

“Аялды тууроо – чоң талант”

– Пародия биздин Кыргызстанда жакшы өнүккөн эмес. Казакстанда иштеп жүргөндө казактар “пародия жанрын өнүктүрөбүз” дешип, менин пародияларыма чоң көңүл бурушкан. Пародисттер кийме чач, көйнөк кийип, анан фонограмманы коюп ырдап жатышпайбы. Мен өз үнүм менен Алла Пугачёваны, Ирина Аллегрованы, Верка Сердючканы туурайм. Кыргыз ырчыларын да туурасамбы деген пландарым бар. Менин оюмча, эркекке караганда аялды тууроо кыйын. Ал үчүн чоң талант керек. Казактардын “пародия боюнча Мерген деген кыргыз жигит иштеп жатат” дегендерине караганда, жакшы эле пародист болсом керек.

“Чыгармачылыгым – байлыгым”

– Жакында он ырды камтыган “Көк асман” деген альбомум чыгат. Ошол альбомдун бет ачарына шылтоолоп, күзүндө концерт берсемби деп турам. Учурда “Жүрөгүмдөн” деген ырдын үстүндө иштөөдөмүн. Кенже Дүйшеева экөөбүзгө ылайыктап дуэт да жаздым. Андан сырткары, Айлона деген кызды, Актан деген жигитти таптап жатам. Баса, композитор да болуп жатпаймынбы. Композитор деп айтпай эле коё турайынчы, эми обончу болуп жатам да.

“Өзүмө окшош сулуу балам бар”

– Апакай, сулуу, мага окшош Раатхан аттуу балам бар. Мага мурду куюп койгондой окшош. Жоош болгону менен менин үнүмдү укса, колуңа ал дегенсип чыркырап бир ыйлайт дейсиң. Бир жолу үйгө таежем келди. Баламды көрүп алып “Мергендин баласын кара, чоң кишидей эле уктай берет экен. Биздин балдар үйдү үч көтөрүп эмдигиче мээңди жемек. Кыркка чыкканда эле турмуш куруш керек турбайбы” деп жатпайбы. Азыр баламды сагынып жатам. Анткени аялым баланы алып төркүнүнө эс алганы кеткен. Дайыма үйбүлөсү менен жүргөндөр аялы бир жакка кетсе жүдөп кетишет го, мен көпкө бойдок жүргөнгөбү, аялым, балам кетсе, тескерисинче, тыңып калдым окшойт. Ошентсе да экөөнү тең аябай сагындым.

Мерген тууралуу...

  • 1968-жылы Нарын шаарында туулган.
  • 11 биртуугандын алтынчысы.
  • Дайыма күлүп-жайнап жүрөт. Бирөө жинине тийсе гана катуу ачуусу келбесе, аны чычалатуу да оңой эмес.
  • Кичинесинде атасы “Мерген, сен баладан башкачасың, ырчы болом десең, сөз көтөрүмдүү бол” деп көп айтчу.
  • Кашын айына бир жолу терет.
  • Чачын жакында эле тармалдатты.
  • Көчөгө чыгарда күзгүнүн алдында беш мүнөт турат.
  • Материалдык байлыгы жетиштүү эле, жакында “бир иш баштасамбы” деп жатат.
  • Кайын журту “КРнын Эмгек сиңирген артисти” деп жакшы көрүшөт.
  • Спирт ичимдигин кеч баштады да, эрте таштады.
  • Намаз окуганга ниети бар, “убагы келгенде окуйм” деп жүрөт.
  • Учурда борбордогу бассейндердин бирине барып сууда сүзүүгө катышууда.
  • Шоу-бизнестеги кыздардын ичинен Бактыгүл Бадыеваны акылдуу, таланттуу, сулуу кыз деп сыйлайт.
  • Аялынын калыңына 5000 доллар, анан казактын салты менен эже-сиңдилеринин баарына алтын шакек, сөйкө берген.
  • Чыгармачылыктагы эң жакын достору: Алина, Айчүрөк, Райхан, Назира, Турусбек.
  • Аялы өзүнөн он жаш кичүү.
  • Он жылдан кийин башка сүйүү келсе, биринчи аялына айтат. Мерген сүйүп жүргөн адамын эч качан биринчи таштабайт. Биринчи таштаган адамды сүйүүнүн баркына жетпеген адам деп билет.
  • Ырчыны аялы аябай кызганат. Мерген жакшы көргөн адамдарынын баарын кызганат.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 348, 3-9-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан