Ильяз Абдыразаков: “МЕН СҮЙҮҮДӨ ТУРУКСУЗМУН”

“Арманым”, “Азап” деп сыздаган бул жигитти ким билбейт. Кенедей кезинен музыка дүйнөсүнө аралашып, учурда күйөрмандар аудиториясын кеңейткенге жетишти. Ырдап эле тим болбостон, обон жаратып, ырларга аранжировка да жасайт. Шоу-бизнестеги ырчылардын көпчүлүк хит ырларынын обону, аранжировкасы да ушул жигитке таандык. Сыр сактабаган, шайыр мүнөз, анан да кайталангыс талант ээси Ильяз Абдыразаков бүгүн бизде мейманда.

– Ильяз, жайлоодон саамал ичип, чын эле кичине толгон окшойсуң...
Айтпаңыз, Нарындын айтылуу жайлоосунда саамал ичип, абдан сонун эс алдым, бир аз толдум дегендей. Жакында эле Суусамырдан келдим. Ал жакка президентикке талапкерлердин бирин колдоп баргам.
– Кайсы кандидатка ырдап келдиң? Добушуңду кимге бересиң?
– Бакиевге ырдадым. Албетте, өзүмдүн акама добуш берем.
– Өткөндө дүкөндө муздаткыч карап жүргөнүңдү көргөн элем. Үйлөнөйүн деп калган окшойсуң, ээ?
– Былтыр борбордон 4 бөлмөлүү жер үй алгам. Быйыл оңдоп-түзөө иштерин кылып, көчүп кирдим. Үйгө керектүү тиричилик буюмдарын алып жүргөм. Сиз көргөндөй муздаткыч алдым. Быйыл күздө үйлөнсөмбү деп ойлогом. Кайра азыр жашмын, неге шашылам, 24-25ке чыгып үйбүлө курсам деле жетишем деп, ал оюмдан кайттым.
– Күздө үйлөнөм десең анда сүйлөшкөн кызың бар турбайбы?
– Сүйлөшкөн кызым жок. Эмнегедир кыздар менен мамиле түзө албай койдум. Кыз менен сүйлөшүүм ашып кетсе эки күнгө созулат. Мен сүйүүдө туруксузмун. Кээ бирине түшүнбөйм. Менин сүйлөгөнүмдү көтөрө алышпайбы же башка бир себеби барбы өзүм да билбейм. Алардын ою боюнча мен өз оюмду да ыр менен билдиришим керек окшойт. Элестетиңиз, ыр менен сүйлөгөнүмдү.
– Мүмкүн, мүнөзүң оройдур...
– Шайыр эле баламын. Мени менен кыздар оңой эле таанышып-табышып алышат.
– Күйөрмандарыңа кандай мамиле жасайсың?
– Ырымды сүйүп, мени сыйлагандарына рахмат. Өтө аша чаап кеткендери да бар. Бирөө телефон номеримди алса анысы мактанып бирөөгө берет экен. Ошонун айынан телефонум тынбайт. Анан номер алмаштырганга туура келет. Кээ бир тааныш кыздар үйгө барат да, “апам урушат, жеткирип кой” дешет. Кечкиге калтырбай жеткирип коём. Айрымдары киримди да жууп кетишет.
– Сүйүү башыңдан өтпөсө анан кантип ырларыңда «азапка малынып», сыздайсың?
– Ар бир ыр өзүнчө чыгарма да. Кээде отуруп бирөөнүн сүйүүдөн кыйналганын көрүп деле жазып коём.
– Ыр дүйнөсүнө кантип аралашып калгансың?
– Апам музыка мугалими. Атам да ыр жазып, обон жараткан инсан. Ошондон улам мен чыгармачылыкка жакын төрөлүп калсам керек. Биринчи класстан эле ямахада ойноону үйрөнгөм. 6-класстан тарта аранжировка жасай баштадым. Абдумалик Шерматов, Мирлан Ниязов, “Кыз-Бурак” тобу менен гастролдо көп жүрдүм. Ошентип жүрүп музыка дүйнөсүнө сүңгүп кирип кеттим окшойт.
– Гүлшайыр эже “Ильяз мен тарбиялаган бала” деп калат...
– Гүлшайыр эженин айтканы туура. Анткени “Кыз-Бурак” тобунда аппаратура ташып көп жүрдүм. Бир күнү шоктук кылган окшойм, келген күнүмдөн баштап жеген-ичкенимдин эсебин чыгарып коюшту, анан Бишкекке келе бердим. Келип Баяке менен иштешип калдым. Бирок азыр “Кыз-Бурак” менен биртуугандаймын.
– Негизи, ырчыга продюсердин кереги барбы?
– Продюсердин кереги жок. Баяке менен эч кандай келишим деле түзгөн эмеспиз. Жөн гана ага-инидей мамилебиз жакшы.
– “Кыргыз телевидениесине Ильязды жакын жолотушпайт. Ильяз Мирбекти басып кетет деп коркушат” деген сөздөр айтылып жүрөт. Чын эле ошондойбу?
– Телевидениеге чакырса барам. Болбой эле “мени чыгаргыла, минткиле” дебейм. Ал эми Мирбек жөнүндө айтсам, Мирбек деле ырчы, мен деле ырчы. “Мирбекти басып кетет” деп менден коркушарын билбептирмин.
Гастролго көп чыгасың, ошол учурдан эсте калган окуялар...
– Казакстанда гастролдоп жүргөндө Бишкекте жүргөндөй кеңири жүрөм. Орусияга көп бардым. Эң алыскысы Түркияга сапарым болду. Ал жакка бир фирманын атайын чакыруусу менен барып, сулуу-сулуу түрк кыздар менен достошуп, пикир алышып кайткам. Тим эле каш-кирпиги төгүлгөн түрк кыздар менен араң коштоштум десеңиз...
Ал эми жергебиздеги гастролдор жөнүндө айтсам, ар кандай кызык окуяларга кездешем. Көбүнчө элет жергесинде. Бир жолу Баткенге барып концерт коюп жатам, эл жык-жыйма. Бир маалда эле баласын көтөрүп турган байкенин баласынын башына арт жактан таш келип тийди. Анан бир кыздын соткасы сынды. Ырдап жаткан мен “эмне болуп жатат?” деп түшүнбөй калдым. Бир маалда бутума чоң таш келип тийсе болобу. Анан концертти токтотууга аргасыз болдук. Негизи, эл батасын берип узатса ыраазы, анан минтип турушса кээ бир адамдардын жапайычылыгына нааразы болуп да кетесиң.
– Үйбүлөң туурасында айта кетсең...
– Эки биртууганбыз. Атам азыр Москвада иштери менен жүрөт. Иним Нияз экөөбүз апамды сен деп сүйлөчүбүз. Азыр антпей калдык. Заманбапташтырып “ма” деп алганбыз. Апам экөөбүз бат эле таарынышып кетебиз. Кайра эле телефон чалышып калабыз. “Кайда жүрөсүң? Курсагың токпу?” деп күйпөлөктөйт. Эркелегеним менен биз үчүн тарткан түйшүгүн ойлоп абдан аяйм.
Кайрадан чыгармачылыкка кайрылсак, жаңы ырларды жаратуудасыңбы? Өзүң жараткан ырларыңды сатасыңбы?
– Азыр ырчыларга аранжировка жасап, өзүмө ыр жазууга кол тийбей жатат. Ырларымдын айрымдарын сатсам, айрымдарын бекер берем. Өткөндө казактардын “Каспий” деген тобу “Лейли” аттуу ырымды сурап алышкан. Ошентип, учурда “Лейлимди” казактарга берип койдум.
– Сен жараткан обондор шоу-бизнестеги ырчылардын хит ырларына кирет. Аларга ыр жазганда сенде бул хит болуп кетет деген ой жаралбайбы?
– Эгер андай ой болсо аранжировка жасап бермек эмесмин. Ичи тардыкты андайга колдонбойм.
– Пираттык дисктерди даярдоочуларга пикириң...
– Куудул Борончу байке айтыптыр “пираттарды жоюш керек” деп. Кыязы, байке өзү пират болоюн деп калган го.
– Маегиңе рахмат. Эл сүй­мөн­чүлүгүнө ээ болуп жүрө бер.

Ильяз жараткан обондор учурдун хит ырлары

Аида Кулуева, “Сырдуу жигит”
Бактыгүл Бадыева, “Неге кыя албайм”, “Энекем”, “Жүрөк тагы”
Бегимай Карабаева, “Адашпайм”
Бегимай Эсенгулова, “ Апакемден айрыба”
Дайыр Исмадияров, “Жүрөк дарты”
Султан Садыралиев, “Балама”
Урмат Усенов, “Муз жүрөк”
Айдин Шер, “Көлөкөм”
Айпери Кубик кызы, “Табышмак”
Чыңгыз Мырзаев, “Кайрылуу”
Неля, “Сыйкырчы”
Замир Мырза, Неля, “Биз бакытты издедик”
Мирбек Иманбеков, “Түн чүрөгү”, “Айдагы кыз” ж.б.

Ильяз тууралуу...

  • “Кыргызстан – менин үйүм. Чет жакта жүргөндө согушта жүргөн жоокердей эле боло берем”,- дейт.
  • Күндүзү аранжировка жасагандан, түндөсү ыр жараткандан рахат алат.
  • 500дөн ашуун ырга аранжировка жасаган.
  • Жакындарга бекер, тааныш-билишке арзандатып, бейтаанышка 200-500 долларга аранжировка жасап берет.
  • Машинада музыканы жаңырта коюп, тамак жеп эс алганды жактырат.
  • Ар жуманын бейшемби күнү достору менен футбол ойногону барат.
  • Ак түстөгү кийимдерге көп басым жасайт. Концертке гана атайын кийим тиктирбесе, мода кубалап кийинбейт.
  • Кыздай болгон эркектерди жактырбайт.
  • Шоу-бизнестен эч кимди сулуу деп эсептебейт. Ар бир адам өзүнчө сулуу деп билет.
  • Быйыл Улуттук консерваторияга тапшырат.
  • Ичимдиктен сыраны чаңкаганда ууртап коёт.
  • Күйөрмандарынан келген Куран китебин столунун үстүнө коюп алган. Ошого карабай кээде сөгүнүп алып, коркуп кетет.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 349, 10-16-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан