Съездбек Искеналиев: “ЫРЫМДЫ ЖАРАТПАЙ КОЮШКАНДА ООРУП КАЛГАМ”

 Съездбек дегенде эле көз алдыга тери жамынып “Селкигени” созгон ырчы элестейт. Бүгүн биз ошол териден жасалган кийимдери менен эсте калган ырчы Съездбек Искеналиевдин балалыгынан тарта азыркы турмушуна чейинки жашоосуна саякатка чыгабыз.

“Биринчи маянама вафли алып жегем”

– Мен 11 биртуугандын онунчусумун. Башкача айтканда, эркектердин кичүүсүмүн. Ошондон уламбы, айтор, ашынган тентек элем. 12ге чыкканымда атам каза болуп калды. Апам “атасы жок экенин билгизбейин” дедиби, мени мурункудан да талтаңдатып бош коё берди.
Чоң сахнага чыгууну бала кезимден эле кыялдангам. Мектепте мугалимдерден жана окуучулардан түзүлгөн “Максат” тобу бар болчу. 11-классты аяктагыча ал топтун көрүнүктүү ырчысы болуп жүрдүм. Айчүрөк Иманалиеванын “Кызыл гүлүн” укмуш ырдачумун. Ошондон улам мени кичинекей баладан кемпир-чалга чейин “Кызыл гүл” деп чакырып калышкан.
Ушул жылы айылыма барып, бүтүрүүчүлөрдүн бүтүрүү кечеси менен куттуктап келбедимби. Башка ырды ырдап жатсам деле баягы мени жакшы көргөндөр “сен биз үчүн дагы деле Кызыл гүлсүң” дешип, хор менен “Кызыл гүл” деп кыйкырып, кол чаап суранып жатышты. “Кызыл гүлдү” ырдайын десем сөздөрүн чын эле унутуп калыптырмын. Ошого карабастан, 5-6 жолу кайталап ырдадым окшойт.
Бир жолу 8-мартта “Максат” тобу мектепке концерт коймок эле. Ошол күнү кычап койдун кезүүсү келип калыптыр. Толтура байкелерим турса, үйдөгүлөр мени ыйлатып туруп кой кайтартып талаага жибергендерине азыркыга чейин ичим күйөт. Эртеси барсам мугалимдер катуу тилдешкен. Эсимде, “Максат” тобу менен коңшу айылдарга концерт коюп барып эки сом иштеп, ага вафли алып жегем.

“Кыл кыякчы болбой калганыма өкүнөм”

– Мектепти бүткөндөн кийин апам мени окууга тапшыртканы борборго алып келди. Экөөбүз тең шаарды билбейбиз. Кийингенибиз бир шумдук, чекеден тер кеткен. Искусство институтуна барсак Нурматов деген агай: “Сен, бала, короз экенсиң. Үнүң ачыла элек турбайбы, Күреңкеевге тапшыр”,- деп кетирип жиберди. Максатым эмнеси болсо да ырдап чыгуу болгондуктан, эптеп жатып окууга өтүп алдым. Мугалимдер бир факультеттин атын айтып, “ушуга окуйсуңбу?” дешсе, “ооба” дегем. Көрсө, ал улуттук аспаптар бөлүмү экен.
Сентябрда окууга барсам, бир мугалим баарыбызды отургузуп алып манжаларыбызды карап чыкты. Менин манжамды карап туруп “кыяк” деп койду. Аккордеон деп жыргап жатсам эле колума кыл кыякты карматты. “Муну чертпейт болчумун” деп сабакка эки ай катышпай койдум. Бирок кийинчерээк кыл кыяктан берген агайдын таасиринен улам манжаларым тандап койгон аспапты жакшы көрүп калдым.
3-курсту аяктап айылга барып, байкелериме кыл кыякты укмуш өздөштүргөнүмдү айтып мактандым. Эки байкем: “Азаматсың, эми айылга келип кыл кыяк чертип кой кайтар да, «Койчунун арманын» ырда”,- деп мазакташты. Алардын сөзүнө намыстанып, кыл кыякты таштап салгам. Азыр ошол кылыгыма өкүнүп кетем.

“Бир жолу студент кезде...”

– Биринчи жолу стипендия алганымда балдар менен майлап, арак ичтим. Мурун-кийин ичип көрбөгөн жаным көтөрө албай мас болуп калып, аудиториялардын баарын сабак жүрүп жатканына карабай, кайра-кайра башымды салып карай бериптирмин. Эртеси бир агай: “Искеналиев, кечээ эмне кылдыңар?! Ата-энеңди чакыртам!”- десе эле коркуп кетип баарын айтып берип салдым. Эртеси мени менен бир да бала сүйлөшпөйт. Көрсө, мени “саткын” деп бөлүп салышыптыр. Катамды кийин түшүндүм.Ошондо группалаштарыма араң кошулгам.

“Айыл мага жарашпайт”

– Агамдын берген 2500 сомуна алгачкы “Өмүр” деген ырымды жаздырдым. Ал кезде 2500 сом чоң акча эле да. Ырымды “Кыргызстан Обондоруна” алып барсам жаратпай коюшту. Ошондо көп ойлонуп, капа болгондуктан, нервге күч келип, невроз илдетине кабылдым. Эки бетим кадимкидей диртилдеп калды. Анан “мына, сага!” деп айылга барып, жайлоого кетип калдым. Чачым өсүп, колу-бутум, мурдум кесилип, шумдук жүдөдүм. Чоң эле баламын да, отуруп алып кадимкидей ыйлачумун. Коңшу чабандын аялы келип: “Сен шаарга кетишиң керек. Айылдын баласы эмес турбайсыңбы”,- дегенде жакага бастыра бердим
Аттан түшөрүм менен бир агам “сенин ырларың радиодон кетип жатыптыр” деди. Ошондо бүт кайгымды унутуп, сүйүнүчтөн жүрөгүм жарылып кете жаздады. Көрсө, радиого алып барган ырым эски ырлар сакталуучу архивге түшүп калыптыр. Аны Тынчтыкбек Кожобеков таап чыгып, эфирге коё бериптир. Ошондон кийин Тынчтык экөөбүз жакын достордон болуп калдык.

“Кышында айрык өтүк менен жүргөм”

– Айылдагылар “өзүңө кийим-кечек ал” деп акча салып жиберишти. Мен ага “Эсиңдеби” аттуу экинчи ырымды жаздырып салдым. Кышында айрык өтүк менен жүрөм. Ичине кар кирип, бутум чылпылдап суу болуп, тоңуп чыгат. Кудай жалгап, бир күнү айылдан апам келип калды. Ачык эле “өтүк алып бербесеңиз болбой калды” дедим. Апам таманы 7 сантиметрдей ачылып турган өтүгүмдү көрүп, ыйлап жибере жаздады. “Кийим ал” деген акчаны ыр жаздырууга кетиргенимди укканда уруша алган жок.

“Башымды жоготуп сүйгөн жокмун”

– Сүйүүдөн акыл-эсин жоготуп, баарына кайыл болуп турган досумду көрүп, “ушинтип да сүйөбү?” деп жиним келе берчү. Мен жактырган кыздар мени жактырышчу эмес. Ошол кездеги кыздардын психологиясы ушундай беле билбейм, акчалууларды карашчу. А менде кайдагы акча?! Келинчегим Жаркынайга чейин жан дүйнөгө бүлүк салган сүйүүгө кабылбадым. Жаркынай менен таанышканда гана сүйүү даамын таттым десем болот. Бирок экөөбүз кыйратып деле сүйлөшкөн жокпуз. Үйлөнүш керек болду, анан үйлөндүк. Азыр кызым экиде. Тили чыгып, баарыбызды кубантып жаткан учуру. Кечинде үйгө кирсем эле “папа, массаж жасап берем” деп далымды кармап калат. Гастролдон келсем “дагы кетип калат” дейт окшойт, “жөн, кетпе” деп быдылдай берет. Мага караганда апасына көбүрөөк окшош. Жаркынай учурда борбордогу сулуулук салондорунун биринде эсепчи болуп иштейт.

“Жеңелерим менен бешмин”

– Агаларымдын баары үйлүү-жайлуу. Төрт жеңемди тең жакшы көрөм. Жеңелериме барганда апама эркелегендей эле ар бирине эркелейм. Алар да мени жакшы көрүшөт.

“Алдыга койгон максатым чоң”

– «Келечекте Маданият министри болсом» деген тилегим бар. Ага жете албасам да, жок дегенде филармониянын директору болууга болгон күчүмдү жумшайм. «Жаштын тилегин берет» дегендей, бул максаттарым иш жүзүнө ашарына ишенем. Анан эркек балалуу болууну тилейм. Балам менен ээрчишип мечитке баратканымды элестетип алып өзүмчө сүйүнө берем. Учурда жума намазга барып турам.

“Ырчы аттууну жамандагым келбейт”

– Ырчыларды «бул жакшы, тигил жаман» деп бөлбөйм. Мен үчүн ырчылардын баары таланттуу. Бирөөгө жакпаган ырчы экинчи бир адамга жагышы мүмкүн. Болбоду дегенде эле туугандарына, ата-энесине жагат да, туурабы?

“Элимди эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм”

– Кудай буюрса, 30-31-августта элимди эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, концерт берсемби деп жатам. Азыр эски ырлардан үчтү, андан сырткары, обону өзүмө таандык беш ырды жаздырып жатам. Буюрса, бир жумадан кийин “Жалгыз гүл”, “Түшүмдө” деген ырларыма клип тарттырам. “Түшүмдөнүн” клиби “Аян” тасмасындагы кадрлардан алынат. Бул фильмди фестивалга тартышкан. Аталган фильмде мен башкы ролду жараткам.

“Анекдот айтканды жакшы көрөм”

– Бир киши Москвич алыптыр да. Бирөөгө айдатып коюп, арткы орундукта эки колду эки жакка чоюп чалкалайт дейт. Аны көргөндөр: “Алганың Москвич болсо, анан чалкалаганың кандай?”- дешсе: “Эки эшиги тең жабылбаса эмне кылайын?!”- дептир.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 351, 24-30-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан