Баарыбыз эле бала кезде колго тактайдан жасалган курал кармап, өзүбүздү боевик кинолордогу баш каарман элестетип ойногонбуз. Азыр ал оюн чоңдор арасында да ойноло турган деңгээлге жетти. Сөз көңүл ачуучу өзгөчө оюн пейнтбол жөнүндө болуп жатканын билген чыгарсыз.
ОЮН ТАЛААСЫНДА БААРЫ БИРДЕЙ
Пейнтбол – көңүл ачуучу экстремалдык оюн. Анда оюнчулар командага бөлүнүп боёк огу бар курал (маркер) менен атышышат. Пейнтболдун өзгөчөлүгү – аны эч кандай даярдыгы жок адам да ойной алат. Оюндун кызыгын арттырган дагы бир жагдай, оюн талаасында бардык оюнчулар окшош кийимчен болгондуктан, жакшы атат деген оюнчусу ким экендигин тааный албайсың.
КАЧАН ПАЙДА БОЛГОНУ БЕЛГИСИЗ
Пейнтболдун качан жана кайда пайда болгону жөнүндө түрдүү версиялар айтылып келет. Алардын кээ бирлерине таянсак, Америкада ковбойлор малга белги коюу үчүн атайын боёк менен атуучу куралды ойлоп табышкан. Дагы бир версия боюнча, пейнтболдогу маркер Канадада бактарды кыйган адистер тарабынан колдонулган. Алар кыйыла турган бактарга белги коюу үчүн боёк менен атуучу маркерди колдонушкан.
Оюндун шарттары:
Оюн атайын пейнтбол үчүн ылайыкталган жерде өтөт. Денени толугу менен жапкан атайын кийим, башка шлем, колго кол кап кийилет. Оюнга киришүүдөн мурда инструктор тарабынан айтылган кеңештерди, маркерди туура колдонуу жана оюн эрежелерин эске алуу шарт. Фантазияга жараша оюнду түрдүү сценарий менен өткөрсө болот. Мисалы, 2 команда бири-биринин базасын басып алуу, дуэль, барымтага алуу же куткаруу жана башка. Боёк ок дененин кайсы бөлүгүнө тийсе да оюнчу беттештен четтетилет. Огу калбай калган оюнчу да беттештен чыгарылат. Кээ бир учурда тийген ок жарылбай калышы мүмкүн. Оюн башталарда командалар кайсы учурда катышуучу оюндан четтетилерин сүйлөшүп алганы оң, «ок тийгенде» же «ок жарылганда» деп.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
ТЫЮУ САЛЫНГАН ЭРЕЖЕЛЕР
Айбала Эргешов
sport@super.kg