МИЛЛИОН АКЧАЛАР АЙЛАНГАН ТОКМОК МАЛ БАЗАРЫ

Кыргызстандын мал чарбачылыгы өлкөнүн экономикасы менен түздөн-түз байланышта. Малдын базардагы баасы канча жана мал менен соода-сатык кылуу канчалык деңгээлде пайдалуу экенин билүү үчүн өлкөдөгү ири мал базарлардын бири катары саналган Токмоктун базарына сапар алдык.

«КЭЭДЕ УУРУЛУКТАРДЫН БЕТИ АЧЫЛЫП КАЛАТ»
Өткөн жылга салыштырмалуу үстүбүздөгү жылда мал өстүрүүнүн көлөмү өскөн. Тактап айтканда, мал жана канаттууларды багуу 1,4 пайызга чейин өсүп, сентябрь айынын жыйынтыгы менен өндүрүлгөн эт азыгынын көлөмү 255 657 тоннага жеткен. Союлуучу мал жана канаттууларды тирүүлөй салмакта өндүрүүнүн жогорку көрсөткүчү Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарынын чарбаларында белгиленген. Токмоктогу мал базарда негизинен Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын соодагерлери соода жүргүзүшөт. Төрт түлүк мал түмөндөп жыйылган жайда иштин жүрүшү кандай? Бул туурасында аталган базардын жетекчиси АНАРБЕК НИЯЗАЛИЕВ айтып берди:
– Базарга малдын бардык түрүн алып келишет. Анын ичинде үй канаттууларын саткандар да бар. Ар жуманын жекшемби күндөрү соодагерлер өлкөнүн Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан келишет. Кардарлар да, сатуучулар да көп болгондуктан, акыры оюндагыдай баага каалагандай малды сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.
Соодагерлерге базардан мал сатууга жай берилет. Ал үчүн кире бериштен орун алганга уруксат берген талон сатып алуу керек. Эгер кардар майда жандык, кой же эчки сатуу үчүн келсе, ар бир мал башына
15 сомдон талон сатып алат. Бодо мал алып кире турган болсо, бир башына 30 сомдон төлөнөт. Биз деле элдин шартына жараша тарифтерди коюп жатабыз. Башынан эки революцияны өткөргөн эл учурда кыйналып турат. Бириники өтүп кетсе, дагы бири малын сата албай калат. Күндө эле базардан жолдуу боло бербейсиң да.
Мындан сырткары соодагерлерден талап кылына турган мал тууралуу «Форма-1» деген маалым кат болуш керек. Анда айыл өкмөтү тарабынан берилген маалыматтар болот. Маалым катта «мал айыл өкмөттүн чарба китебинде каттоодо турган, ветеринардык көзөмөлдөн өткөн» деген сыяктуу жана малга тиешелүү эн белгилер, анын өңү-түсү, жашы тууралуу маалыматтар болуусу шарт. Ошондой эле бул жакта базардын ички тартибин көзөмөлгө алып туруучу кызматкерлер, ветеринарлар жана укук коргоо кызматкерлери да иш алып барышат. Милиция кызматкерлери тиешелүү аймактардан мал уурулук фактысы катталган болсо, берилген белгилердин негизинде кирген-чыккан малды текшерүүдөн өткөрүп турушат. Кээде мал уурулук кылмыштары базардан ачылган учурлар кездешет.
Базар жекшемби күнү таңкы саат 4-5те башталып, түшкү саат 2лерде аяктайт. Кийинки базар күнгө чейин орундарды тазалап, Санитардык-эпидемиологиялык борбордон келген текшерүүлөргө даярдап коёбуз.

«МАЛ СЕМИРТИП САТУУ – ЧОҢ БИЗНЕС»
Сатыкта турган малды аралай басып, ошол жерде иштеген МАРАЛБЕК аттуу мырзага жолуктум. Ал мени базардын бардык булуң-бурчуна алып барып, кенен тааныштырып чыкты. Анын айтымында, бул базар ири базарлардын катарына кирет.
– 20-30 жылдан бери ушул жерде тиричилик жүргүзүп, алып сатуу менен алектенгендер көп. Мал бордоп сатуу – чоң бизнес. Анын ыгын билип, убагында жем-чөбүн берип баккан адамга сөзсүз акыбети кайтат. Базарда бодо мал өтө көп. Орто баа менен алганда бир жылкы 80 миң сом турат. Демек, бул базарда жумасына миллиондогон акчалар айланат дегенди билдирет,- дейт Маралбек мырза.

Базардын бодо мал саткан бөлүгүнөн колуна аркан кармаган атаны көрүп, жанына бардым. Токмок шаарынын 78 жаштагы тургуну ТУРСУН САБАЗОВ 50 жылдан бери мал бордоп сатып, 9 баланы эрезеге жеткирген экен.
– Мен ар жекшемби сайын ушул базарга келем. Бодо мал сатып алам да, аны семиртип багам. Мисалы, 50 миң сомго бир бодо мал алсам, аны үйдө 3 айча байлап багып, кайра
65 миң сомго сатам. Ортодогу акчанын 5 миң сому тоют сатып алууга жумшалат, калган
10 миң сому – таза киреше.
Мал семиртүүдө жем-чөптү убагы менен бериш керек. Күнүгө белгилүү гана сааттарда берип, малды ошол убактарга көндүрүү шарт. Жем-чөптү аз-аздан, бирок бат-баттан бериш керек. Беймаал же көп бергенде тоют коромжу болуп, малдын семирүүсүнө да натыйжа алып келбейт. Жылкы менен койго арпаны тегирменге тарттырып, майдалап, адыра кылып берем. Ал эми уй баласына жарма жасап жана картошканы чийкилей эмес, бышырып туруп жемге аралаштырып бергенде артыкчылыгын көрсөтөт. Түштөн кийин, күн жылыган мезгилде сугаруу шарт.
Көбүнчө бодо мал алам, себеби чоңдун иши чоң да. Ортодо түшкөн каражат да көлөмдүү болот. Азыр бир тай алып кетсемби деп ылайыктуусун карап жүрөм. Колдон келсе жылкынын ургаачысын байлаган оң. Ал эми айгыр бир аз эттенгенден кийин жанына киши жолотпой, жылкы кыялын көрсөтө баштайт. Ал учурда тоют берүү оор болуп калат.
Эртеден кечке кемпирим экөөбүздүн алектенгенибиз эле ушул. Ал да мага жардамдашып, малга жем-суу бергенге кол кабыш кылат. Өзүм 3500 сом пенсия алам. Кемпирим экөөбүз пенсияны карап отурганда жашоо болбойт да. Минтип өз тирилигибизди кылып жатабыз.

«ТОЙ-АШТЫН МЕЗГИЛИНДЕ МАЛ ЖАКШЫ ӨТӨТ»
Жумушсуздук күч алып турган мезгилде мал семиртип сатуу да жакшы бизнес түрү сыяктуу. Кезектеги каарман МАЙРАМБЕК ЖУМГАЛОВ келинчеги менен кой, эчки алып, семиртип сатат.
– Мен көбүнчө кой сатып алып, семиртип сатам. Кой-козу 4-6 ай аралыгында семирет. Базарга келгенде бир нече козу, кой сатып алам. Аны бапестеп, баладай бакканга күч жумшайбыз. Дан эгиндерди тегирменге тарттырып, аны убагы менен беребиз. Чөп салып эле кармап тура бергенде семирбейт да. Азыр майда жандык баа болуп жаткан учур, себеби той-топурдун мезгили. Эң жакшы деген, куйруктуу койлордун баасы
10 миң сомго чейин жетет. Эчки болсо 4 миң сомдун тегерегинде. Азыр эле бир койду 7 миң сомго саттым, аны 2 ай мурун, арык кезинде сатып алгам. Эттендирип, ортодо 2 миң сом пайда таптым, минтип иштебесем бул акчаны ким бермек? Бул бир эле койдон түшкөн пайда да. А мен бир нече майда жандык байлап сатам.

«ЧОҢ МАШИНАЛАР БОЛБОСО, КАНТИП МАЛ ТАШЫШМАК ЭЛЕ?»
Соодагерлер алуучунун басыгынан, малды тандашынан эле анын алар-албасын сезип коюшат өңдүү. Малдын бааларына кызыгып, бир-эки койдун баасын сурасам, асмандын башын айтышат. «Бул кыз малдын артыкчылыгын кайдан билип коюптур?..» дешти окшойт. Койлордун биринин жонун кармап, тишин ачып карап койсом, таң кала караган сатуучу кепке келип, чындап соодалаша баштады. Келген чоо-жайымды түшүндүрүп, соодагерден малдын бааларын билип, жолумду уладым. Андан ары жүк ташуучу автоунаалар токтогон жайга бастым. Бодо мал жүктөгөнгө ылайыкташкан чоң машинанын жанында кезек күтүп турган айдоочу АРЗЫМАТ УМУРАЛИЕВ кеп салып берди.

– Өзүм Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Норус айылында турам. Ар бир жекшемби сайын мал ташып иштөө үчүн базарга келем. Эртең менен бул жакка сатуучунун малын жүктөп келип, кайра сатып алуучунун алган малын дарегине жеткирем. Бул күнү 2000-2500 сом таап кетем.
Биз кардарларга жана соодагерлерге эң чоң кызмат көрсөтүүчүлөрдөнбүз. Биз болбосок, алыскы жактарга кантип малын жеткирмек эле? Андан сырткары менин деле мал ала кетип, семиртип, кайра сатып жиберген учурларым болот.
Жүк ташуучу машина айыл чарба иштеринде абдан жакшы нерсе экен. Кайсы күнү болбосун, жумуш табылат. Өз айылыма баратып орто жолдогу Ичке-Суу, Үч-Эмчек, Алмалы айылдарынын тургундарынын мал же башка жүктөрүн ала кетем. Кыскасы, ыгын тапса, тиричилик боло берет. Бир жыл мурун банктан насыя алып, машина сатып алгам. Четинен төлөп жатам. Өзүн актап калды десем болот.
Таң атпай базарга келген элдин аягы түштөн ооп суюлуп баратты. Сатканы жүгөн-арканын алып, сатып алганы малын жетелеп базардан агылып чыга баштады. Акырында аркан-жиптин түрлөрүн, кара туз, кап, тамеки, семичке сыяктуу майда-чүйдө саткандар жыйналып кете башташат экен. Муну бир күндүк базардын аякташы деп түшүнүп, мен да базардан кайттым.

Бийик тоолордо багылган топоздорду да бул базардан сатып алууга болот.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kozer
2013-11-25 18:14:59
Даа Гулжан соонун жазыпсын,калемин курчуй берсин...
0
meka.q
2014-01-17 21:54:51
жакшы экен
0
№ 577, 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан