19-ноябрда Ош шаарындагы Монополияга каршы күрөшүү агенттиги жыйын өткөрдү. Жыйынга жергиликтүү телеканалдардын жетекчилери, жарнак илинүүчү тактайлардын ээлери жана жарнак берүүчүлөр катышты.
Жыйындын жүрүшүндө этникалык мүнөздөгү жарнактарды жарыялоодон алыс болуу керектигин аталган агенттиктин кызматкерлери белгилеп өтүштү. Ошондой эле тактайдагы жарнактардын мазмуну, телеканал жана радио аркылуу берилип жаткан жарнактар жөнүндө талкуулар жүрдү. Мындан сырткары коомдук тамактануучу жайлардагы баалардын өсүшү боюнча студенттерден көп даттануулар түшүп жатканы айтылды.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg