2013-жылдын январь-октябрь айларында бир топ кылмыштын бети ачылды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, облустун аймагында зордуктоого кабылган айымдардын саны 49ду түзсө, анын 43үнүн бети ачылды. Ошондой эле 44 адамдын жансыз денеси табылып, алардын 27синин өздүгү такталган. Дайынсыз жоголгон 219 адамдын ичинен издөө иштеринин жыйынтыгында 204ү табылды.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg