Каарманыбыз 78 жашка келип калса да, жаш жигиттей так секире көнүгүү жасап, чуркап, диета кармап, табигый жол менен дарыланат. Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Салы Каримов сергек жашоонун сырларын ачмакчы.
– Сали мырза, сергек жашоого умтулуп келесиз. Окурмандарга сырларыңыздан бөлүшө кетпейсизби...
– Бизде аялдардын орто жашы 62 жаш болсо, ал эми эркектердики – 58. Эмне үчүн кыргыздар аз жашашат? Мен өз тажрыйбамда америкалык дарыгер Пол Брэггдин кеңештерин колдоном. Пол Брэгг өзү жаш кезинде ар кыл ооруга чалдыгыптыр. Өз алдынча дарыланып, 95 жашында суу үстүндө тактада жатып эс алып баратканда толкун астында калып өлгөн. Ошондо дарыгерлер анын организмин текшергенде кан тамырлары жаш жигиттин тамырларындай болгон.
Анын айтуусу боюнча, ден соолукка эң зыяндуу нерселер: тамеки, арак, чай, кофе ичүү, тузду көп колдонуу. Статистикага таянып айтсам, тамеки өмүрдүн үчтөн бир бөлүгүн алып кетет. Мындайча айтканда, 23-25 жаш өмүрдү тамеки кыскартат. Чай да өмүрдү кыскартат. Биринчиден, ал баңгизат сыяктуу, экинчиден, анда «кофейин чайыры» деген бар. Ал организмдин кайсы жерине көп топтолсо, ошол жерде оорунун пайда болушуна шарт түзөт. Булар менин изилдегеним эмес, мен колдонуп келген нерселер.
Ачка болуу менен да дарыланыш керек, бул да табигый жана сергек жашоонун бир жолу. Этти азыраак жеп, ачкачылык менен дарыланган жакшы. Эттин физиологиялык жагы бар. Аны жаныбарлар, анан адам жейт. Жаныбарлар этти жегенден кийин 3 сааттын ичинде аш кылганын кылып, кылбаганын чыгарып тазаланышат. Ал эми адам жегенин карынында 12 сааттан 18 саатка чейин кармайт. Биринчиден, адамдын ичегиси жаныбарлардыкына караганда 9-10 эсе узун болот. Ал эми эрите турган туз кислотаны жаныбарларга караганда адамдын организми 10-11 эсе аз бөлүп чыгарат. Алардын организми биздикине караганда эт жегенге ыңгайлашкан. Адамдар эт жеп алып 12-18 саат ичинде сактагандыктан, ысык жерде турган немеден газ көп бөлүнөт, аны нейтралдаштырам деп бөйрөк көп иштеп, жарактан бат чыгып калат. Бөйрөк 400 жылга ыңгайлаштырып берилет, аны биз көп иштетип, тез эле жараксыз кылып алабыз.
– Ооруп калганда ооруканага барасызбы же элдик медицинаны колдоносузбу?
– Эгер туура тамактанып, жогоруда айтып өткөн нерселерди так аткарсаң, анда сени эч нерсе ооруканага жетелебейт. Көп тамактанып, калдыктарды ичте сактап жүрө берсе да болбойт. Ачкачылык кармап, ичтеги калдыкты мезгил-мезгили менен чыгарып туруу керек. Мен аптасына эки түн, бир күн тамак ичпей диета кармайм. Ал учурда организмим тазаланып, тызылдап иштеп калат.
Азыр 78 жашка баратам, чайды 60 жашымдан бери ичпейм. Анын ордун алтын тамыр деген чөптүн жалбырагы менен алмаштырдым. Июнь, июль айларынын башында терип, көлөкө жерде кургатам. Бул чөп чарчоону басат, уйкуну жөнгө салат, тамакты бат сиңирет, зыяны жок. Мындан сырткары аркар от деген чөп бар. Акыркы учурда ошол чөпкө оой баштадым. Аркар оттун буркураган жыты болот.
– Көп жылдан бери унаага түшпөйт деп уктум...
– Транспортко узак жакка барганда гана түшөм, шаардын көп жерлерине жөө эле жетем. Күнүнө 5 чакырымдан кем баспаш керек. Менин ишим кыймылсыз, акыл иши. Отуруп алып лекция окуйм, илимий иштерди аткарам. Мындай учурда кыймыл керек болот. Эртең менен эрте туруп бир сааттай чуркап, йоганын жүрөккө, ашказанга, омурткага арналган тогузга жакын көнүгүүлөрүн жасайм. Айыл жерине барганда деңиз деңгээлинен 3000-5000 метрге чейинки бийиктиктеги тоого чыгам. Жашым бир топко барып калса да, ден соолугум тоого чыкканга туруштук берет. Дары-дармек сатып албайм, себеби анын оң жагы менен катар эле терс жагы сөзсүз болот.
– Өзүңүздүн сергек жашоодогу көнүгүүлөрдөн студенттериңизге кеңеш катары айтып турасызбы?
– Сабак учурунда ден соолугу начарлап калган студенттер болот. Аларга сөзсүз өзүмдүн акылымды айтам. Айткандарымды туура аткарышса, козголгон оорусунан сакаюуга мүмкүн болот.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg