БАЛДАРЫН ЖАНА ӨЗҮН КЕСКИЛЕГЕН ЭНЕ

Өткөн аптада өз балдарын жана өзүн кошо кескилеп салган эненин жоругу уккан адамдын үрөйүн учуруп, жакасын карматты. Окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.

ҮРӨЙ УЧУРГАН ОКУЯ
12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү Бишкек шаардык Ленин РИИБине 23 жаштагы Бишкек шаарынын 12-кичи районунун тургуну Дильдора аттуу айым алкоголь ичимдигин ичип алып 3 жаштагы уулун, 1 жарым жаштагы кызын жана өзүн лезвие менен кескилеп салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя борбор калаабыздын Жал кичи районунда болгон. Бул шумдуктуу окуяга күбө болгондор дароо эле жаракат алгандарды ооруканага жеткиришкен. Балдардын энеси Шаардык клиникалык ооруканага, уулу Улуттук госпиталга, ал эми кызы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жеткирилген.
Маалыматтарга караганда, Дильдора күйөөсү 23 жаштагы Шахрух менен урушуп кеткен. Күйөөсүнө өчөшкөн аялы жогорудагы кадамга барган. Окуя болгон маалда күйөөсү жумуштары менен башка жакта болгон. Лезвиени Дильдора жакын жердеги дүкөндөн сатып алган. Мындай мыкаачылыкка барган эне психикалык жактан оорулуу экендиги аныкталды.

«ЖОЛДО БАЛА КАНЖАЛАП ЖАТЫПТЫР»
Жогорудагы окуяга алгачкылардан болуп күбө болгон АНАРБЕК АЛИМАХУНОВ аттуу Бишкек шаарынын тургуну окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ошол күнү машина менен үйгө бараткам. Болжол менен түнкү саат 12ден өтүп калган болчу. Ахунбаев-Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде жол жээкте бир бала канжалап жатканын, анын жанында бир келиндин колдору кан болуп башын мыкчып отурганын көрүп, дароо машинамдан түштүм. Карасам, арыраак жакта дагы бир бала ыйлап апасынан качып жүрүптүр. Аңгыча ары-бери өткөн эл да топтолуп калды. Качып жүргөн баланы ооруканага алып баралы деп кармайын десек, ал кайра ыйлап апасына качты. Жерде жаткан баланы көрүп эмне кыларыбызды билбей туруп калдык. Ордунан козгосок кан көп кетип калабы деп чочуладык. Баланын каны көп агып, асфальтка жайыла баштаган экен. Чакырган «Тез жардамыбыз» кечиккенинен жакыныраак деп Жал кичи районунда жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан дарыгер чакырып келүүгө чуркап кеттик. Аңгыча эле артыбыздан башка кишилер 2 баланы тең машинага салып алып келип, дарыгерлер тарабынан балдарга алгачкы жардам көрсөтүлдү. Ал эми балдардын апасын окуя болгон жерге калтырып келе беришиптир.

«УЧУРДА БАЛДАРДЫН АБАЛЫ ТУРУКТУУ»
Жабыркаган балдардын улуусуна дарыгерлер узакка созулган оор операция жасашкан. И.Ахунбаев атындагы клиниканын Муун-манжа хирургиясы жана пластикалык микрохирургия бөлүмүнүн хирургу РУСТАМ СҮЙҮНБАЕВ буларга токтолду:
– 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү саат 2де бизге 3 жаштагы колдору кескиленген баланы «Тез жардам» менен алып келишти. Жал кичи районунан 2 жигит көрүп калып алгач Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып барышкан экен. Ал жерден бул наристенин карындашын жандандыруу бөлүмүнө алып киришип, өзүн бизге жиберишиптир. Апасы кескилеп салганын угуп нес болдум, бизде мурда мындай окуя катталган эмес. Жаңы келгенде баланын абалы оор болчу. Кесилген билегинин эти шылынып, сөөгү көрүнүп калыптыр. Дароо операция жасадык. 13 тарамышы, 2 нерви, 2 кан тамыры кесилиптир. Мындайча айтканда, колу ишке жараксыз абалда болчу. Жаш бала болгондуктан, бардыгын тигип, ордуна келтирдик. Операция 5 сааттан ашык убакытка созулуп, эртең мененки саат 8де аяктады.
Эртеси апасын да «Тез жардам» менен бизге алып келишти. Анын эки билеги кесилиптир. Ага медициналык жардам көрсөткөнүбүздөн кийин психикалык борборго алып кетишти. Андан соң Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, кичүү кызын да көрдүм. Биз баргыча ал оорукананын дарыгерлери канын токтотуп, колунун терисин тигип коюшуптур. Анын да эки билеги кесилген, бирок абалы туруктуу болчу. Учурда бизде жаткан баланын колу жакшы болуп калды. Ишке жарактуу болуп, айыгып кетет деген ишенимибиз бар. Негизи, бизде операциядан соң 10 күн жатат. 1 айдан кийин жиптерин чечебиз, андан соң 1 жылга чейин ай сайын текшерип туруш керек. Бүгүн атасы келип «үйгө алып барып жуунтуп, кийимин которуп келем» деп суранып баланы алып кетти.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ АЯЛ ДАРЫЛАНУУДА»
Апасы жасаган кылмышы үчүн сот жообуна тартылабы? Бул суроолорубузга жооп алуу үчүн Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын тескөөчүсү ОЛЖОБАЙ КАЗАБАЕВГЕ кайрылдык:
– 13-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБине «апасы өзүнүн балдарын кескилеп, 3 жаран ооруканага жатышты» деген кабар келип түшкөн. Ленин РИИБинин кызматкерлери ал маалыматты текшерүү үчүн ооруканаларга барып териштирип, бул маалымат тастыкталган. Иликтөөдө кылмышка шектүү Дильдора аттуу жаран Жалал-Абад облусундагы психикалык ооруканалардын биринде каттоодо турары аныкталды. Сурак учурунда ал күйөөсү менен уруша кетип мындай кадамга баргандыгы тууралуу көрсөтмө берди. Бүгүнкү күндө анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 95-беренеси (акыл-эсинен ажыраган, психикасы бузулган деп таанылган адамдарга медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу) менен кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен мажбурлоо түрүндө Республикалык психикалык-ден соолук борборуна жаткырылып, дарыланууда.

«БЕЙТАП ЭЧ ЖАККА ЧЫГАРЫЛБАЙТ»
Республикалык психикалык-ден соолук борборунун жетекчисинин дарылоо боюнча орун басары КУБАНЫЧ ЭРМЕГАЛИЕВГЕ кайрылып, балдардын энеси тууралуу маалымат алдык:
– Бул айымды ооруканадан алгачкы жардамдар көрсөтүлгөн соң «Тез жардам» менен бизге алып келишти. Башында абалы оор болчу, азыр жакшы. Ооруканадан эч жакка чыгарбай дарылайбыз. Рентгенге же жогорудагы окуя боюнча тергөөгө байланыштуу эле биздин ооруканадан тышкары чыкпаса, башка эч жакка чыкпайт. Азырынча канча убакыт жатары белгисиз. Качан гана дарыланып, айыккан соң үйүнө чыгарылат. Анда да маал-маалы менен бизге келип, текшерүүдөн өтүп, дарыланып турушу зарыл.

Психикалык жактан оорулуу болгондугуна байланыштуу бул айым сот жообуна тартылбаары жана ата-энелик укуктан ажыратылбаары маалым болду. Ал айыгып чыккан күндө деле кайрадан мындай кандуу окуяларга кириптер болбойт деген кепилдик барбы?..

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Балдарын жана өзүн кескилеген эненин абалы жакшы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
Akbera92
2013-11-27 15:40:11
Ээ кудай не деген заман болуп кетип атат
0
Bella1
2013-11-27 20:40:56
Куйоосу менен урушса байкуш балдарында эмне куноо.Кудай сактаптыр жакшы аман калышыптыр.
0
nazgul.83
2013-11-27 21:23:57
ИИИИЙ Кандай таш боор Эне!!! Кээ бироо балага жетпей зарлап журсо бул эненин кылганын кара заман не болуп баратат озу шумдугун кургур
0
Agent-02
2013-11-28 01:08:26
Э адамдар акыркы кундору кандай кана жагымсыз нерселерди баштан откоруп атабыз кунумдук жашоону эмес эртенки кабыр азабын тозок азабын ойлосок алла баарыбызга ыйманды насип эткен болсун.
0
tima-razakov
2013-11-28 01:57:41
Эгерде ушул айым сиздин жубайыныз болуп калса эмне кылмаксыз?
0
kg91
2013-11-28 04:49:50
кудай сактааа аял затына ыйман берсин да
0
nur007mir009kg
2013-11-28 14:45:42
Кудай сактасын мойнун узулгур ээри жакшы болсо аялы бармак эмес бул ишке убалы ээрине тийгир
0
sultanbek90
2013-11-28 17:44:25
Арак арак эмнелерди га кылбайт, мына ушул бизге сабак болгондур эх мусулман бир тугандарым ойлонбой эле жаза беребиз алардын баары масчылыктан чыгып жатпайбы болбосо ким баласын андай кылмак эле.
0
Jesu2010
2013-11-29 01:23:03
Шумдуктуу...
0
Ali_kremil91
2013-11-30 08:29:34
kudaiym ozun ynsap bere gor musulmanbyz dep alyp kafyrdan jaman bolup badartabyz dostor myndai jshterge baarybyz kunolubuz Eger baarybyz din menen allaxym bergen kurandy yiyk tuutup jashasak eki duino beyish beyish beyish bolmok
0
Ema_nookat
2013-12-01 16:19:12
Мен ал аялдын эми мындан ары ушундай иш кылбашына кепилдик бере албайм, анткени оз баласын ушундай даражага алып барган эне башканын омурун жон эле кыйат...
0
roza92
2014-01-05 23:28:36
baary yimandyn joktugunan boltat jaman iwter.Nervten oopugany baldarga kandai taasir beret eken emi,adamdar kaiaka baratywat Allahym ke4ir kor pendeni
0
Nurik_9597
2014-01-27 04:14:21
ыйман берсин
0
Davlet1994
2014-03-27 12:56:28
Очошкондук жакшы нерсеге алып барбайт
0
kubzero
2014-12-04 11:23:55
Очошсо баласын колун кескени жаман экен бул кандай эне
0
№ 577, 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан