«Тамашоучу», телеалпаруучу, акыркы кездерде өзгөчө чач жасалгасы менен өзгөчөлөнүп жүргөн шоумен жигит Санжар Мыкыев 14-ноябрь күнү 5 жылдан бери сүйлөшүп келген Наристе аттуу бийкечти ак өргөөсүнө алып кирди.
Санжардын тою күндүз жаштар үчүн, кечкисин жалпы тууган-урук үчүн болуп эки бөлүктөн турду. Жаштарга арналган кече сейилдөөсү менен эсте калса, калган кызыктардын баары кечинде ресторанда уланды. Тойду «No name» командасынын жигиттери Мурат менен Кадыр «Манасты Манас кылган кырк чоро. Манастан биздин Санжар кем бекен? Санжарды кырк чоросунун коштоосунда чакыралы» деп ачып беришти. Чындыгында, Санжардын кырктан ашык досу келгенин ошондо байкадык.
Бишкектен ырчылар Курал Чокоев, Бек Исраилов, Алекс, Айбек Бакытбеков, Даниель, Оштон Жумагүл Райымжан кызы, Замир Мырза, Өсөр Эшматовдор келип куттукташты. Андан сырткары «Тамашоунун» 16 баласы жана Эрмек Нурбаев келинчеги менен коноктордун катарын толуктады.
– Куш боо бек болсун, Санжар! Наристени Бишкектен Ошко алып келүү кыйын болгон жокпу?
– Баарын алдын ала пландап алгандыктан, көп деле кыйынчылык туудурган жок. Эки күн мурун Бишкекте Наристелердин үйүндө кыз узатуу болуп, Ошко алып келип, молдо чакырып нике кыйдырдык. Эртеси элге чоң той бердик, жоро-жолдош, тууган-урук, кайын журттун баары келип, тоюбузга күбө болушту.
– Салттардан кыйналган жоксуңарбы?
– Наристенин ата жагы Токтогулдан, тайлары Таластан, мен Алайдан болуп үч аймактын салтын тең алып кеткенге аракет кылдык.
– Келинчегиңчи?
– Биз Ош шаарында эле турабыз, Алайда чоң апамдар бар, аларга эми барабыз. Айылдын каада-салтына, турмушуна азырынча аралаша элек. Бирок азамат кыз экен, Наристеге дагы бир жолу баа бердим. Себеби тойго чейин баарын сураштырып билип бүтүптүр. Баарын эле айттырбай кылып жүрөт. Биз беш бир тууганбыз, үй-бүлөбүздө аялзатынан апам жалгыз эле. Наристе улуу келини, бирок «келиним эмес, кызым» деп кубанып отурат.
– Үйлөнүү чоң жоопкерчилик эмеспи. Өзгөрүүлөр байкалып жатабы өзүңө?
– Үйлөнгөнгө чейин деле жеңил-желпи жигиттерден эмес элем (күлүп). Үйлөнгөндөн кийин ата-энемдин урматын дагы да жогору коюп, келинчегиме болгон камкордук ого бетер күчөдү. Бир үй-бүлөнү башкаруу деген жоопкерчилик жөнөкөй эмес экенин билем. Мурун келинчегиме ата-энеси жоопкер болуп келсе, никеден кийин ал жоопкерчилик мага тапшырылат. Кудай астында өзүмдүн милдетимди жакшы билем.
– Тойдо күтүлбөгөн кандай сюрприздер болду?
– Буга чейин маани бербеген экенмин, жакын досторум көп экен. Тойдо баары чогулганда аларды көрүп аябай кубандым. Мен Бишкектен Ошко тойго бир күн калганда келгем, классташ досторум тойдун кандай, кайсы жерде өтөрүн уюштурууну моюнуна алышкан. Аларга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Менин досторум сындашкандар эмес, кубанычымды чындап бөлүшкөн достордон экенин көрсөтүштү.
– Эмне үчүн бир эмес, эки өкүл ата шайладыңар?
– Себеби биздин жашообузда эки инсандын орду бирдей. Бири Мирлан байкебиз, бири Самат Дөөлөтбаков болду. Экөө тең мен окуган түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрү жана мага жол көрсөтүп, жардам берип келген адамдар.
– Кеп аягында Наристе экөөңөрдүн сүйүү тарыхыңарды эскере кетсең...
– Наристе экөөбүздүн таанышканыбызга 5 жылга жакындап калды. Биринчи таанышуубуз ийгиликсиз болгон. Наристе ал учурда борбордогу кийим дүкөндөрүнүн биринде иштечү. Мен «Тамашоудо» «Ататүрк» университетинин курама командасынын башчысы болчумун. Түрктөр бизге демөөрчүлүк кылып кийим алып бермек. Биз аларга ишенип 20 000 сомго жакын кийимдерди тандап алып «тура турсун, эртең келип акчасын төлөп, алып кетебиз» деп кеттик. Түрктөр болсо акча бербей, биз дүкөнгө барбай койдук. Арадан бир ай өткөндөн кийин гана Ысык-Көлдөгү бир пансионаттын клубунан көрүп, Наристе көзүмө жылуу учурай берди. Барып сурасам «силер мени «кидать» этип кетип калгансыңар» дейт. Ошондо абалыбызды түшүндүрүп, тааныш болуп калдык. Сүйлөшкөнүбүзгө бир жылдай болуп калганда ата-энелерибиз менен тааныштык. Наристе Политехтин бажы кызматын аяктаган, бирок азыр сулуулук чөйрөсүндө иштейт.
– Наристе, кел эми, сен да келиндин милдети оор болбой элеби, ошол жөнүндө айта кет?
– Чынында, жаңы үй-бүлөгө көнүш оңой эмес. Бирок үйдө кыз жок болгондуктан атам менен апам мени келини эмес, кызы катары кабыл алышты. Жумуштарды аткарууда кыйналган жокмун.
– Маегиңерге рахмат. Бактылуу болгула!
Уулбү Каныбекова
Бакыт Жумаш уулу
star@super.kg