Канча ачуу болсо да,
Эл тамакка салышат.
Аны жесе кээ бирөө,
Тердеп, жыргап калышат.
Тиш-тиш болуп бириккен,
Чийки жесе жыттанат.
Туурап кошот тамакка,
Анын атын ким табат?
Туураганда ыйлайсың,
Таштаганга кыйбайсың.
Манты жасап, эт кошуп,
Коногуңду сыйлайсың.
Тышы, ичи кыпкызыл,
Чийки да жейт кааласа.
Кошот жана тамакка,
Арзан турат бааласа.
Эти семиз, майы жок,
Түрдүү болот өңдөрү.
Балдар аны жегенде,
Эч карабайт өңгөнү.
Дамира Арстанова
balakai@super.kg