Кыргызстанга биринчи жолу 209 тыйын чычкан 1951-жылдын октябрь айында алынып келген. Алар Каракол шаарына жакын жердеги карагайлуу токойго коё берилген. Бул жаныбар бекем жана эң кооз териге ээ.
Токойлордогу, сейил бактардагы дарактардын коңулдарында жашашат. Эртең менен жана кечке жуук активдүү болушат. Чээнге киришпейт.
Коркунуч жаралганда же бири-бири менен куушуп ойногондо чыйылдап үн чыгарышат.
Эне тыйын чычкан жылына 3-10го чейин төлдөйт. Тыйын чычкандар12 жылга чейин жашашат.
Дамира Арстанова
balakai@super.kg