ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (25-ноябрдан 1-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичинде ар кандай адамдар менен иштешүүңүзгө туура келет. Арасында жылдызыңыз келишпегендери да бар. Андыктан аларга өз оюңузду таңуулоодон качыңыз. Бейшемби чыгармачыл адамдар үчүн ийгиликтүү күн болмокчу. Жума күнү калпыңыз чыгып, бетиңиз кызарат. Дем алыш күндөрү сапарга чыгышыңыз күтүлүүдө.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Мурда урушуп кеткен тааныштарыңыз менен мамилеңиз калыпка түшөт. Шейшембиде ден соолукка кам көрүүгө туура келет. Айрыкча тамак оорусу барлар абайлоосу керек. Апта ортосунда узак жолго аттануу кооптуу. Ишембиде жагымдуу маанай тартуулаган окуяга туш болосуз. Бул окуя сиздин жашоого болгон көз карашыңызды түп тамырынан бери өзгөртмөкчү.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул аптада жеке жашооңузга байланышкан чечим кабыл алууга шашылбаңыз. Эгер жалкоолук жана кайдигерлик менен ынак болбосоңуз, ишиңизди бир топ алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк бар. Бейшембиде акчаңызга сак жана так болуңуз, жоготуп же алданып калуу коркунучу күтүп турат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта башында ишиңиздеги жакшы жетишкендиктериңиз үчүн алкыш угасыз. Шаршембиде күтүүсүз кабар угуп, көңүлүңүз чөгөт. Бейшембиде орун алган жаңы таанышуу жеке жашооңузга өзгөртүү киргизмекчи. Апта соңунда буга чейинки эмгегиңиздин үзүрүн көрүп, алдыга дагы жаңы пландарды түзүүгө жетишесиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Алдыга койгон максатка жетүүгө бут тоскондор болот. Тыңыраак болуңуз, ошондо ийгилик сиз тарапка оойт. Шейшембиде достор арасында жагымдуу жолугушуу өтөт. Аптада бойдокторго түгөйлүү болуп калуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Дем алыш күндөрү той, мааракелер менен коштолот. Ушул күндөрү этият болбосоңуз, ден соолугуңуз начарлап, эски илдетиңиз козголушу мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жумушта маанилүү иштерге байланыштуу чечимдерди кабыл алууга эртелик кылат. Аларды кийинкиге калтырыңыз. Каржылык абалыңызды жакшыртууга кызыктырган сунуштардан оолак болуңуз, жыйынтыгы көңүлүңүздөгүдөй болбойт. Жекшембиде көптөн күткөн буюмуңузду алып кубанасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Баштаган ишиңиздин үзүрүн аптанын экинчи жарымынан тарта көрө баштайсыз. Бейшембиде жакындарыңыздын бири менен түшүнбөстүк орун алат. Түшүнүү менен мамиле жасасаңыз, чоң чырдын алдын аласыз. Апта аягын жан дүйнөңүздүн ырахатына арнап, маданий жайлардын бирине баш багасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Чаяндарды абдан тынч жана ийгиликтүү апта күтүп турат. Кесиптештеринин, санаалаштарынын арасында аброй алууга жетишишет. Капчык маселеси жакшырып, чоң буюм сатып алышыңыз мүмкүн. Чырдашпайын десеңиз, үй-бүлө мүчөлөрүнө сылык мамиле жасаңыз. Жекшембиде романтикалуу окуялар күтөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жуманын алгачкы күндөрү кызматта баш көтөрбөй иштөөгө туура келет. Жемиштүү деп күткөн жаңы ишти баштоо тууралуу алгач тажрыйбалуу адамдан кеңеш алыңыз. Бейшемби күнү жеке маселеден улам маанай чөгөт, аны достордун жардамы менен көтөрөсүз. Жекшембиде базар аралап, болгон акчаңызды соода-сатыкка жумшайсыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада орчундуу иштерден колуңуз бошобойт. Көңүлдөгүдөй жыйынтыкка жетүү үчүн жакындарыңыздын жардамына таянып, кеңешине кулак түрүңүз. Бейшембиде чыккан чырды ырбатып жибербейин десеңиз, эмоцияңызды ичиңизге катыңыз. Апта соңунда жашооңузда жагымдуу жолугушуу орун алат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын алгачкы жарымында электр буюмдарын колдонууда жана жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Алдамчылардын тузагына түшүп калбайын десеңиз, шаршембиде түшкөн сунуштан баш тартканыңыз оң. Бейшембиде жеке жашооңуздун нугун жаңы багытка бурган окуя орун алат. Дем алыш күнүңүз эч кандай окуясыз, тынч маанайда өтөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада кошумча каражат табууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Жакындарыңыздын кеңешине таянып шаршембиден тарта сырткы келбетиңизге көңүл бөлүп, имиджиңизди өзгөртүүгө киришесиз. Ишембиде бойдоктор үчүн жагымдуу жолугушуу орун алмакчы. Жекшембиде чакан кеченин коногу болуп, чериңиз жазылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 577, 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан