КЕМИНДЕГИ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 8 АДАМ КАЗА ТАПТЫ

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында болжол менен саат 17:10 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунда дагы бир ири жол кырсыгы катталды. Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус менен Хонда Аккорд үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшүп, автокырсыктын кесепетинен 8 адам каза тапты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жаракат алгандардын саны 23 адамга жетип, алар Кемин райондук ооруканасына жеткирилген. Алардын көпчүлүгү Ысык-Көл облусунун тургундары. Жеңил унаадан 6, кичи автобустан 2 адам окуя болгон жерден көз жумган. Көп өтпөй алардын өздүгү такталып, алар: жеңил унаанын айдоочусу, 1985-жылы туулган Айдарбек Жумабеков, анын келинчеги, 1990-жылы туулган Наргиза Конокбай кызы, айдоочунун карындаштары, 1990-жылы туулган Бегайым Жусупова, 1991-жылы туулган Нурайым Жусупова жана айдоочунун эгиз балдары, 2013-жылы туулган Эрбол жана Эркайым болуп чыкты. Ал эми кичи автобустан анын айдоочусу, 36 жаштагы Алтынбек Алымкулов жана жүргүнчүсү, 3 жаштагы Нурпери Канат кызы каза болгон.
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББи: «Маалыматтарга таянсак, кырсыкка Хонда Аккорд жеңил унаасынын айдоочусу күнөөлүү. Ал каршылаш келе жаткан унаанын жолуна чыгып кеткен. Окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат»,- деп билдирүү жасады.
«Кырсык каш менен кабактын ортосунда» дейбиз, бирок кырсыктын алдын алуу чынында айдоочулардан көз каранды. Алар унаа ичиндеги ар бир жүргүнчүнүн өмүрүнүн жоопкерчилиги өз мойнунда экендигин унутуп, жарыша айдашат. Мындан сырткары айдоочулук күбөлүктү окубай эле сатып алып, тажрыйбасы жок туруп узак жолго чыгып жаткандары да кырсыктардын көбөйүшүнө түрткү болуп жаткан чыгар. Эмнеси болсо да, өкмөт тарабынан жол кырсыктарын азайтуу үчүн эффективдүү иш-чаралар тез аранын ичинде жасалбаса, мындай кейиштүү тагдырлар кайталана берери анык.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Begim8678
2013-11-25 12:45:40
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
0
RACh
2013-11-25 13:52:33
Жаткан жерлери жайлуу болсун,ата-энесине кайрат берсин.
0
meky85
2013-11-25 15:51:09
Жаткан жери жайлуу болсун жаман болгон турбайбы.Айдоочулар абайлап айдап эч жакка шашпагылачы адамга эн биринчи орунда турган эн кымбат Омур.
0
piter93
2013-11-25 20:35:03
права руликтер авгонго чыгууда абайласанар озу ушул праваруликтерди турган жеринде еле болгарка менен кесип салыш керек ...
0
jonokoi_myrza
2013-11-25 20:53:44
Аябай окунучтуу, жаткан жери жайлуу болсун. Жакындарына терен конул айтам.
0
anara-anara
2013-11-25 22:44:11
Бир уйдон алты адамдын каза болушу аябай окунучтууу
0
BelkaBoB
2013-11-26 10:26:45
Ата-энесине алла сабыр берсин. Энеге бир учурда алты баласынан ажыроодон өткөн тозок жок болсо керек.. :(((
0
gulperi.kg
2013-11-27 02:42:54
кудайым ай ушундай кайгы азапты адамзат кантип которот(((((мындай азапты еч кимге бере корбо ((((кечир пенделерини
0
Smileboy
2013-11-27 14:56:47
jatkan jerleri jailuu bolsun.......
0
Boss77
2013-11-27 14:57:20
он рульду машинелерге чара коруу керек , дайым ушул он рульдуулар кырсыктын себепкери б.т
0
rs7777777
2013-12-01 21:47:21
Айдоочулардын баарынан экзамен алып анан уруксат бериш керек рульга отурганы. Азыркы авария болуп жаткан автоунаалардын 90 пайызы россияда иштеп барып жасалма окуп айдоочулук куболукту акчага сатып алган акмактардын кесепетинен болуп жатат.
0
totu75
2014-01-06 16:53:40
rs7777777, сага кошулам мен да бир таксиге чыгып шафер баланын бир колу рольдо бир колунда телефон агент жазышып барат екообуз катуу уруштук тооготуп да койбойт кааласан тушуп кет не чыктын дейт россиядан жаны барып права машина сатып алган кези екен,
0
azamat4ik
2014-01-17 00:45:41
жаткан жерлери жайлуу болсун оо аллахым алардын кунолорун кечирегор.
0
№ 577, 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан