Коста-Рика соту дүйнөнүн эң кымбат модели Жизель Бундхендин эки жан сакчысын беш жылдан эркинен ажыратты. Бразилиялык супермоделдин жан сакчылары төрт жыл мурун Жизелдин үйлөнүү тоюн жашыруун тартып алышкан фотографтарга тапанча менен ок чыгаргандыгы үчүн жогорудагы жазаны алышты.
2009-жылы Жизель Бундхен менен сүйүктүүсү футболчу Том Брэдинин үйлөнүү тоюн папараццичилер тартып алган. Аны байкаган Том Брэди жан сакчыларына аларды кармап келүүгө буйрук берген. Келген фотографтарга Брэди тартылган сүрөттөрдү көрсөтүүнү талап кылганда папараццичилер качып кетишкен. Жизелдин жан сакчылары папараццичилерди көздөй ок чыгарып, ок алардын машинасынын арткы терезесине тийген.
Лунара Бекиева
star@super.kg