Адамзат жактырган спорттун бири – профессионалдык бокс. Ошол профбокстун чоң рингине адамдарды магниттей тартып, беттешүү алдында түрдүү ажиотаждарды жаратууга зор салым кошкон промоутерлердин (уюштуруучу) бири дал ушул Дон Кинг экенин эч ким тана албайт. Эмесе, 500гө жакын чемпиондук беттешүүлөрдү уюштуруп, Гиннестин рекорддор китебине кирип, 90дон ашык мушкерди миллионер кылган легандарлуу Дон Кингдин кантип промоутер болуп калгандыгын назарыңыздарга сунуштайбыз.
ЖЕТИМ БАЛАДАН МАФИЯГА КОШУЛГАН УЛАН
1931-жылдын 20-августунда Америкада жарык дүйнөгө келген кичинекей Дон 10 жашында заводдо болгон жарылуудан улам атасынан ажырайт. Жыйырмага чыкпай жатып көчөдөгү балдардын тобуна аралашат да, кылмыш дүйнөсүнө кантип кирип кеткенин өзү да байкабай калат. Ошондой жол менен үйбүлөсүн гана бакпастан, жеке турмушун оңдоого да жетишет.
23 жашында бир канча ойнотуучу автоматтардын ээси болуп чыга келет.
1954-жылы өзүнө тиешелүү мекемелердин бирин тоноо үчүн келген үч адамдын бирөөсүн Кинг тапанчасы менен атып таштайт. Бирок, өзүн-өзү коргогон деген соттун өкүмү менен андан акталып чыгат. Мафия ичинде салмактуу фигуралардын бирине айланган Дон Кинг акчасын казино бизнесине жумшай баштайт.
КЫЛМЫШКЕРДЕН БЕЛГИЛҮҮ ПРОУМЕТРГЕ АЙЛАНУУ
1967-жылы жеке казиносундагы бир кызматкер ага 60 доллар карызын өз убагында бербегени үчүн Кинг аны бейсболдун таягы менен өлгөнчө сабап таштайт. Ошентип, тармал чачтуу кара жигиттин карааны сот залында экинчи ирет пайда болуп, өмүр бою эркинен ажырап калуу коркунучуна кез келет. Бирок, акчасынын күчү мененби же аркасында жөлөк болуп турган мафия аракети мененби, айтор, «өзүн-өзү коргоодо аша чапты» деген өкүм менен болгону 4 жылга темир тор артына кетет.
1971-жылдын күз айында абактан эркиндикке чыккан Дон кантип жан багууну ойлонот. «Рингге чыгып, бирөөгө сокку уруп же андан тумшукка сокку жегендер эмес, аларды уюштуруп акча тапкандар жакшы жашайт экен» деген пикирге такалат да, промоутерлик бизнеске алгачкы кадамын таштайт. Чымыр денелүү, булчуңдуу жигиттерди мушташтырып жүрүп, жаңы бизнесте тушоосу кесилет.
Күндөрдүн биринде Дон Кинг Касмсиус Кле (Мухаммед Али ысымын кийин алган) менен таанышып, аны чемпиондук беттешүүгө чыгууга макулдатат.
Мухаммед Али жана анын атаандашы тең ал учурда кулак укпаган 5 миллион долларлык гонорарды чөнтөктөрүнө салышат. Дон да албетте өз үлүшүнө ээ болот.
Ошондон кийин Дон Кингдин аты алыска угулуп, промоутердик иши өнүгө баштайт. Бир канча жылдан соң Мухаммед Алиге Дон Кинг ыраазычылык билдирүүнүн ордуна аны кантип сындыруунун амалын издей баштайт. Акыры Мухаммед Алини өзүнөн эки эсе чоң Ларри Холмс менен беттешүүгө көндүрөт. Жыйынтыгында, башына тийген бир канча оор соккулардан Мухаммед Алинин мээси чайкалып, оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилет. Адистердин айтымында, дал ушул беттешүү Алинин денсоолугуна олуттуу зыян келтирип, калчылдап калышынын башкы себеби болгон. Ал эми Дон Кинг болсо беттешүүдөн кийин 50 миң долларды Алиге карматып, 2 миллион долларды өзүнүн бюджетине кошуп алган. Эң кызыгы, Дон Кингдин мындай кадамы мушкерлерди андан алыстатмак тургай, кайра өзүнө жакындатты.
МУШКЕРЛЕРДИ МИЛЛИОНЕР КЫЛГАН ДОН
Ал Мухаммед Али, Жо Фрейзер, Эвандер Холифилд, Майк Тайсон, Лари Холмс, Оскар Де Ла Хойя, Хасим Рахман, Крис Бёрд жана башка мыкты мушкерлердин карьерасында маанилүү роль гана ойнобостон, аларды миллионер спортсмендерден кылууга жетишкен. Мисалга алсак, профессионалдык бокстун тарыхында оор салмак боюнча дүйнөнүн чемпиону Майк Тайсон Дон Кингдин көмөгү менен миллионер болгон десек аша чапкандык болбос.
Себеби, эл бир гана спорт үчүн эмес, чоң шоу үчүн да акча төлөй тургандыгын Дон Кинг өтө жакшы түшүнгөн. Ошондуктан, алдыга секирик жасайын деп жүргөн Майк кезектеги бир беттешүүсү үчүн эле 28 миллион доллар алган. Тагыраак айтканда, бокстун биринчи мүнөтүндө эле Тайсон атаандашын өзүнүн темирдей соккусу менен жерди кучактатууга жетишкен. Эми 40 секунд ичинде 28 миллион доллар тапкан адамдын жүзүн элестетип көргүлө.
1990-жылдары бокстун туу чокусунда жүргөн Майк Дондун арты менен 5 жолу ринг үстүндө таймаш өткөргөндүгү үчүн эле 140 миллион доллар акча каражатын тапкан. Ошентип, Тайсон дүйнөдөгү эң бай спортсмен болуп чыга келген.
Бирок, күндөрдүн биринде дүйнө чемпиону Майк сулуулук конкурсуна чыккан кызды зордуктоого болгон аракети үчүн темир тор артына айдалат. Ал эми андан чыккандан кийин банктагы эсебин текшерсе, мурдагы баш айланткан каражатынан дайын жок. Көрсө, Майк эркинен ажыраган учурда Дон экөөнүн ортосундагы келишимдерди бурмалап, чемпиондун казынасындагы акчаларды оңой эле сууруп алыптыр. Башкы промоутердин айтканына таянсак, ал Майктын спорттук карьерасындагы ийгиликтерден 123 миллион доллар киреше тапкан экен.
АКЧАНЫ ЖЕГЕНДИ БИЛГЕН АМАЛКӨЙ
Чындыгында эле Кинг Мухаммед Алинин же Майк Тайсондун эле эмес, буларга окшогон бир канча мушкерлердин акчаларын «ап» деп жеп келген.
Булар жана башка бир катар чемпиондор «акчабызды жеп койду» деп аны сотко беришсе да ута алган эмес. Анткени, Дон Кингдин аркасында кылмыш дүйнөсүнүн аталары жана бийлик бутагындагы маанилүү фигуралар тургандыгын айтпасак да белгилүү. Бекеринен аны спортсмендер сууга чөкпөгөн, отко күйбөгөн адам деп айтып жүрүшпөгөн чыгаар.
Кингдин мындай кылык-жоруктарына айрымдардын жини келсе, дагы бирөөлөр анын акча тапкан акылына суктанышат.
Бирок, Дон Кингдин спортто эле эмес, саясатта да салмактуу жүрүштөрдү жасай билген акылдуу адам экендигин баса белгилегибиз келет. Анткени, ал Америкадагы акыркы президенттик шайлоодо эле кичи Жордж Буштун шайлоо компаниясына активдүү катышып, финансылык колдоо көрсөткөн. Демек, чемпиондорду жаратуу үчүн төрөлгөн адам учурда 75 жашка келсе да анын доорону дагы көпкө сүрчүдөй.
Даярдаган Улан Мамбетов