ЧЫНЫГЫ ЖАШООДО ЭДВАРД БЕЛЛАГА ҮЙЛӨНӨБҮ?

Маалымат булактары дүйнөнүн эң жарашыктуу түгөйлөрү Роберт менен Кристен жакында жашыруун үйлөнөрүн жана тойдун датасын белгилеп койгондугун айтышууда. Эсиңиздерде болсо, Кристенди папараццичилер режиссёр Рупер Сандерс менен жакын мамиледе экенин тастыктаган сүрөттөрүн жарыялашкан. Бул окуядан улам Роберттин катуу капаланып жүргөнү көп ирет айтылган эле.
Жакындан бери папараццичилер бул түгөйдүн чогуу жетелешип жүргөнүн көрүп, сүрөттөрүн жарыялай башташты. Кристен Роберттин үйүнө барып, ал жактан 3 сааттан кийин чогуу чыгышканы, жолдон папараццичилерди байкап башка тарапка кетип калышканы айтылды. Роберттин жакындарынын басылмаларга берген маалыматында, «Алардын мамилеси өтө оор. Роб Кристенге каалаган нерсесин бере албайт. Достору анын Кристенге үйлөнбөшүн суранып жатышат» деп билдиришкен. Ал эми Кристен тамакты даамдуу жасоонун сырларын үйрөнүп жатканын социалдык желедеги достору менен бөлүшүүдө.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
man9
2013-11-25 21:29:28
Ekoo ten jagat baktyluu bolgula!!!
0
Kumush_94
2013-12-01 21:48:19
Эн сонун тугой болушмак,не эле адамдар бири-бирибиздин ийгилигибизди коро албайбыз???
+1
№ 577, 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан