АБАЛЫҢ КАНДАЙ,ЧЕК АРАЧЫ?

Чек ара кызматы пресс-тур уюштуруп, журналисттердин жоон тобун өлкөбүздөгү чек ара боюнча эң көйгөйлүү деп эсептелген Баткен облусунун аймактарын кыдыртып келди.

ЧЕК АРАЧЫЛАР ТОКТОБОЙ ЖАТАТ
Өлкөбүз Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан менен чектешет. Кытай жана Казакстан менен чек арабыз такталып, калган өлкөлөр менен чек арабыз толук чечилип бүтпөй келет. Бул такталбаган аймактардын көпчүлүк бөлүгү Баткен облусуна туура келет. Такталбаган жерлердин көптүгүнөн чек арага жакын жайгашкан аймактарда эки өлкөнүн жергиликтүү тургундарынын ортосунда чырлар көп чыгат. Ошондуктан чек арачылардын бул аймак үчүн мааниси зор. Бирок шарт жоктугунан жана маянанын аздыгынан улам чек арачылар токтобойт. Учурда Баткен башкармалыгында эле 300дөй чек арачынын орду бош болсо, анын көпчүлүгү келишимдик негизде кызмат өтөгөндөр.
Аймакта жергиликтүү тургундар негизинен күйүүчү май, тамак-аш, жер семирткич жана курулуш материалдары менен соода кылышат. Алардын көпчүлүгү мыйзамдуу бажы салыктарын төлөөдөн качып, аз-аздан болсо да контрабандалык жол менен ташып нан таап жегендер. Контрабандалык жол менен тонналап күйүүчү май ташыгандар, баңгизатын ири өлчөмдө өткөрүп жүргөндөр бар экендиги коомчулукта кеңири айтылып жүрөт. Албетте, чек арачылар муну четке кагышат. Анан да баңгизаттары үчүн «Жибек Жолу» болгон аймакта кармалган баңгизаттарынын көлөмү көңүл жубатарлык эмес.

КӨЗ АЛДЫДА БАТКЕН
Учактан түшүп, чек арачылар өз бөлүгүндө даярдап койгон түшкү тамакты ичкен соң чек ара тилкелерине сапарыбыз башталды. Өрүкзарлар, бопбоз болгон талааларды аралап кеткен жарым-жартылай курулуп бүткөн жана чаңы сапырылган таштак жолдордо заставаларды кыдырдык. Кечкисин жоокерлер жаткан казармадан орун алып, кийинки күнүбүз таңкы саат алтыда ойгонуу менен башталды. Жакшысы, бизге «мынча секундада туруп, кийинип, катарга туруп калгыла» дегендер болгон жок. Шашпай жуунуп, тамак ичип, жарык түшө электе сапарыбыз уланды.
1 сутка ичинде Баткен жана Кадамжай райондорунда жайгашкан бир нече заставада болуп, чек арачылардын жашоо шарттары, машыгуулары жана курулуп, оңдолуп жаткан заставалар менен тааныштык. Ал тургай Баткен районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн аймагындагы 3 өлкөнүн чек аралары тогошкон жерге да бардык. Бул жердеги аймак Өзбекстан менен такталгандыктан, алар өз аймагын жылчыксыз тосуп алышкан, ал эми тажик тарап менен тактала элек болгондуктан, тосулган эмес.

«ЧЕК АРА ТАКТАЛСА ЧЫР БОЛМОК ЭМЕС»
Чек ара кызматынын Баткен аймактык башкармалыгынын жетекчиси КУБАТ ЖЭЭНБАЕВ жолду катар бизди кызыктырган суроолорго жооп берип жүрдү:
– Үстүбүздөгү жылдын март айында Чек ара кызматында аймактык башкармалыктар түзүлгөн. Кайсы жерде кандай чыр болбосун ордунда чечүүнүн аракетинде ушундай чечим чыккан. Аймактык башкармалыкка кандай гана көйгөй болбосун өзү билип, талаш-тартышты жеринде чечүү укугу берилген. Бизге тиешелүү чек ара тилкесинин узундугу 1057,91 чакырым. Анын 384,81 чакырымы Өзбекстан менен чектешип, бул тилкенин 103,61 чакырымы тактала элек. Ал эми Тажикстан менен 673,7 чакырым чектешип, анын 422,6 чакырымы тактала элек. Такталбаган жерлер боюнча өкмөттөр аралык комиссия сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Башкармалык түзүлгөндөн бери чек арада 19 конфликт катталды. Мунун көпчүлүгү жер, суу талаштан улам келип чыккандар. Эң акыркысы Лейлек районундагы «Катта-Туз» мунай скважинасы. Аны азыр биздин чек арачылар кайтарууда, «Катта-Туз» скважинасы чек ара такталгыча иштебей турмакчы. Өзбекстандык жана тажикстандык кесиптештерибиз менен түз байланыш бар. Кандай гана чыр жаралбасын, күн-түн дебей бири-бирибизге байланышып, чогуу чечкенге аракет кылабыз. Чыр көп болгон жерлерде чогуу биргелешип патрулга чыгуудабыз.
Эң негизги көйгөй, чек аранын такталбаганы. Эгер чек ара такталып, ал тосулган болсо чыр жаралмак эмес.

«ЧАБАНДАР ДА ЧЕК АРАЧЫ»
– Акыркы убактарда өкмөт тараптан бизге көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Чек ара кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртууга каражаттар бөлүнүп берилүүдө. Биздин аймак боюнча былтыр 1 заставанын курулушу бүтсө, быйыл мамлекеттин эсебинен 4 заставанын, чек ара көзөмөл пунктунун жана офицерлер үчүн 16 батирлүү үйдүн курулушу жүрүп жатат. Мындан сырткары донордук уюмдардын каржылоосу менен 4 застава жана 135 кишиге ылайыкталган жатакана курулууда. Мурун заставаларда ичүүчү сууну ташып келчүбүз, эми өзүбүз скважина казып чыгарып, таза суу менен камсыз болдук.
Кызмат өтөөдө ыйгарым укуктуу чек арачылык кызматка жергиликтүү элден да тартылууда. Чабан малын жайып жүргөн убакта бейтааныш, шектүү кишилерди же буюм көрсө чек ара заставаларына кабар берет. Ошондуктан жайлоодо жүргөн чабандар малын жайып талаада жүргөнү да аймакты карап турган болуп эсептелет.

«МАЛДАР ӨТҮП КЕТСЕ, КАЙТАРАБЫЗ»
– Башкармалык ачылгандан бери чек араны бузган 55 киши, режимди бузган 38 киши колго түшүрүлгөн. 7 ок атуучу курал, 48,7 килограмм баңгизаты кармалган. Бул, албетте, аз. Себеби баңгизаты негизинен оперативдүү маалыматтар менен гана кармалат. Ал эми чек ара өткөрүүчү жайынан алып өтсө, иттердин жардамы менен кармалышы мүмкүн. Күйүүчү майлар жөнүндө айтсам, азыр деле «Достук», «Арка» өткөрүү пункттарынын жанында катарынан жайгашкан май куюучу жайлар турат. Тонналап ташыгандар ошол жайларга куюп, салыгын төлөшөт. Ал эми Тажикстандан келгендер аны кадимки керектөөчү катары машинасына куюп кетип жатышат. Расмий түрдө Тажикстанга тонналап күйүүчү май ташыгандар жок.
Мал өтүп кеткен учурда жарандарыбыз бизге, биз коңшу өлкөдөгү кесиптештерибизге кайрылып, кайтартып алабыз же биз тарапка өткөн болсо, ошондой жол менен биз кайтарып беребиз. Ал эми биздин аймакка кирип малды айдап кеткен учурлар Баткен аймагында катталган жок.
Өзбек чек арачылары биздин аймакка келип кыргыз жаранын атып кеткендиги боюнча Кадамжай РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Алар тергөө иштерин аяктап, Минск конвенциясынын негизинде документтерди Өзбекстанга жиберген. Өзбекстандан азырынча жооп келе элек.
Сапар соңунда биздин чек арачыларыбызга мамлекеттик чек араны кайтарууда ийгилик, тынчтык каалап кайттым.

Жоокерлер «ушинтип ырдап эс алабыз» деп билдиришти.

Чек араны бузган адамды кармоо машыгуусун көрсөтүп беришти.

«Чекелик» заставасында 9 жаштагы Баэль Саматов ырдап, «Манас» да айтып берди. «Прапорщик» Баэлдин атасы фельдшер, апасы ашпозчу болуп кызмат өтөгөндүктөн, убактысынын көп бөлүгү заставада өтөт.

Жоокерлердин жатаканасы.
>

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aske2012
2013-11-25 16:06:19
Аззаматсынар кыргыздын жигитери силер сак болгула чек араны тын кайтаргыла ишинерге ийгилик
+2
anara-anara
2013-11-26 20:26:36
Жашоо шарты сонунго азамат кыргызстан.Жоокерлер биз силер мн сыймыктанабыз.
0
boston___
2013-11-27 15:07:51
Азаматсынар дайыма денсоолукта болгулааааааа
0
kurguz...
2013-11-28 12:13:16
абал начар Лейлектин Исхак Разаков айылы м-н таджикстан чектешкен чек арада.биздин чек арачылардын абалы ач еле журушот даже буткасы жок жамгыр кардан жашынганга.
0
ilgez
2013-11-29 21:50:32
чек ара мамлекеттин жузу, ойдодо бир лохтун айынан буткул эл кыйналат. Баткенге же Ошко военная база куруп, карызга алып жаткан акчага курал, 20 -30 танк, 10 истребитель коюп койсун, чек ара маселеси оной чечилет. Баары эле билет мындай болсо жакшы болот, бирок главнокомандующий лох болсо эмне кыласын?
+1
kg91
2013-11-29 22:44:07
Бар бол чек арачы
0
№ 577, 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан