КЕЛДИБЕКОВДУН КАМАЛЫШЫ ДЕПУТАТТАРДЫ ЧОЧУТТУ

«Ата Журт» фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып 20-ноябрда камакка алынды.

КАНДАЙ КЫЛТАККА ИЛИНДИ?
«Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин экс-спикери, соңку тапта «Кумтөр» жана «Кыргызгаздын» тегерегиндеги маселелер боюнча бийликти кескин сындап жүргөн Ахматбек Келдибеков 20-ноябрда түштөн кийин 48 саатка УКМКнын тергөө абагына камалды. Ага 19-ноябрда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура иш козгоодон мурун фактылар кылдаттык менен изилденгенин, далилдер жетиштүү экенин айтууда.
«2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллион сомдон ашуун акчасын максатсыз чыгымдаган; 2003-2004-жылдарда «Ротак-Бишкек» ЖЧКсына жарандардын жеке камсыздандыруу эсебин бастырып чыгаруу үчүн каражат бөлүп берген; Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда парламенттин эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрдүн иштерин тескөө боюнча атайын өкүл кызматын мыйзамсыз уюштуруп, аны кармоого мамлекеттик казынадан 10 миллион сом чыгымдаган; Салык кызматын жетектеп турган кезинде ыктыярдуу патент боюнча салык төлөөчүлөрдөн салык чогултууну «Бизнес-Партнёр» ЖЧКсына мыйзамсыз берүү аркылуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айыптар тагылууда. Депутаттын дал ушул күндөрдө кармалуусу эле резонансты жаратпаса, «Келдибеков камалат экен» деген сөздөр жыл башынан тартып айтылып келе жаткан.

ТАШИЕВ ДОСУНА БИРИНЧИ ЖЕТИП БАРДЫ
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев Ахматбек Келдибеков менен саясатта гана санаалаш эмес, тээ окуучулук курактан дос болгонун жашырбайт. Камчыбек мырза Ахматбек Келдибеков УКМКга жеткирилери менен артынан барып, кийинчерээк жеке буюмдарынан өйдө жеткирип бергени белгилүү болду. Депутат кармалгандын эртеси, 21-ноябрь күнү Алай районунда жол тосуулар башталып, Бишкек шаарында Ак үйдүн тушунда да Келдибековду бошотууну талап кылган митинг болуп өттү. Депутаттык мандатынан ажыраган Ташиев бул сапар митингчилер менен чогуу Ак үйдүн тосмосунун жанында болуп, Келдибековдун кармалуусу боюнча «бийлик оппозицияны жок кылууну көздөөдө» деген пикирин билдирди. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар башкы прокурор Аида Салянованын келип, маселенин чоо-жайы боюнча маалымат берүүсүн айтышты. Фракциялаштары «Келдибеков саясий буйруктун негизинде камалды» дешкени менен, жыйында баш прокурорду адаттагыдай кекетип-мокото алышпады. Ар бири өзүнөн чочулай баштаганыбы, айтор, Саляновага карата өйдө-төмөн сөздөр да айтылган жок.

КУРМАНДЫКПЫ ЖЕ КЫЛМЫШКЕРБИ?
Ахматбек Келдибеков өткөн аптада эле «Кыргызгаздын» «Газпромго» сатылуусуна каршы чыккан болчу. Дегеле бул маселенин парламентте ратификациялануусу туңгуюкка алып бара жаткан. Андыктан бул «ата журтчунун» кармалуусу күмөн суроолорду жаратат.
Ошол эле тапта жалпыга анын байлыгы, кымбат баалуу унаалары менен турак-жайлары кызуу талкууга алынып келет. Ахматбек Келдибеков өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келген аткаминер. Мамкызматкердин айлыгы менен тиричилик кылган адамдын мынчалык бай болушу да кызыгууну туудурбай койбойт.

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Shekerbek
2013-11-25 17:01:31
"жегендин кусмайы бар" дейт чыныгы ууруларга да кезек келет
+4
Nur_meerim
2013-11-25 18:12:04
Аида Салянова только бийликтин буйругу менен иш алып барат! Ал башка бироолордун кызыкчылыгы учун иштейт. Озу эч нерсени кыйрата албайт. Азыркы бийлик куулуп кете турган болсо, Салянованы "ты кто такая, давай до свидание!" деп коюштары турган кеп.
-1
Lika02
2013-11-26 13:19:39
Nur_meerim, Саляновага тийишпей эле кой, кээ бир кемпирлердин этегине жамынган эркектерге салыштырмалуу чыныгы эркек айым. Башкалар корксун андан, эртенки куну Келдибековдун жанына барып калбайын деп.
-1
belosnejka1
2013-11-30 16:34:08
Lika02, кандайча эркек айым? Кечээ эле сулуулук салонунда саатап олтурганы калппы?
+1
zamir_kgz
2013-12-01 05:46:18
belosnejka1, анан эмне жасанбаш керекпи? Анда аял болбой калатда ...
-1
Ukuma
2013-11-25 22:07:16
Ахматбек Келдибеков ошо бай болоюн деп окуган.Аида салянова деле айлыкка иштейт.Анда анында байлыгын талкууулаш керек.
-1
aziz1990
2013-11-26 00:10:07
Aялы журналистерден кечирим сураптыр Ойлонбой суйлоп алып коркуп кетти журналисттер
жаап жашырган дунуйомду таап чыкпасын деп
+2
muli
2013-11-26 01:07:17
Keldibekov menen oinowpogulae eyyyyyyy kyrgyz elim Tawiev kandai 4uksa turmodon Keldibekov andan da onoi 4ugat kamai auwpait duhtaru da jetpeitko azurku opozis'9 oinowpogula !!!!!!
-4
kolya121212
2013-11-26 06:37:57
Рас болуптур. Биринин этин бирин же
0
Xamer
2013-11-26 13:29:59
Уурунун жооп берер кези келиптир, же бийликти Бакиевдей кордубу, уурдасан да кормоксонго салып % алып жата берет деп. Ушушл ММКларга чыккан байлыгы 3/2 болугу деп, чет олкодогу мулкторун кошсо, кыргыздын акчасын ушул адам гана соргон экен деп ойлоп кетесин.
+2
Xamer
2013-11-26 13:29:59
Уурунун жооп берер кези келиптир, же бийликти Бакиевдей кордубу, уурдасан да кормоксонго салып % алып жата берет деп. Ушушл ММКларга чыккан байлыгы 3/2 болугу деп, чет олкодогу мулкторун кошсо, кыргыздын акчасын ушул адам гана соргон экен деп ойлоп кетесин.
0
Kg.lady
2013-11-27 01:16:42
Оппозицядагыларды кармап,элге тескери пикир жарата бербей,ак уй,кок уйдогу бок курсактардын бироосун да Келдибековдун жанына апарып койсун,алар деле байлыкты кочо шыпырып тапкан жок.Тияк,бияктан эптеп кымырып-кымтып байып жатышат,чиновник атыгып. Ошондо биз ишенебиз,ииии, чын эле кыйратып жатышыптыыыыыр,корупсиянерлердин колдорун балталап,керек болсо болгарка менен кесип жатышкан турбайбыыы,деп!))
+1
netsa
2013-11-27 10:55:13
Уурунун к..у кууш деген чын окшойт.Убагында элдин насибин жеп,башына иш тушкондо элди жардамга чакыргандан уялбайт экен да.Кандай адамдар чыгат Келдибековду колдоп,митингге?Албетте намысы жок,кунумдук бир аз акча алгандар да!
-1
nargul
2013-11-27 18:46:48
Саясат эмне болсо да кыргыз элим Аман болсун ИншАллах....
+1
jaina13
2013-11-28 13:41:48
А.Салянованы колдойлу,коррупционерлер "өз ордун"ошентип билишсин.Качанкыга чейин эле мандатына,байлыгына карап сот процессин жүргүзөбүз,баш прокурор минтип өзү үлгү болуп атка минерлерден тайманбай жол баштап бергени өтө туура,менимче.Кудай алдында баарыбыз бир болгон сыяктуу,мыйзам дагы бардык жарандар үчүн бирдей иштеш керек.Кыргыз элим силер дагы калыс тарапта болсоңуздар,сураныч!Акчага алданып жол тосуп,митин
-1
kalbek87
2013-11-28 20:10:41
Аида эжебиз жамандын колуна амал тийсе, к... шамал тиет болуп жатат артын ойлоп иш кылса болмок атамбай авасынын баласы кеткенде бекер кыйналып калат.
0
samara.akyl
2013-11-30 19:39:40
kalbek87, кыйналып калат деп мээн жок экен сенин,билсен ушул убакка чейин баарын жаап жашырып келген ойдо жактагылар эми ачыкка чыгарышсын! ал сен журо бер астыга кадам таштабай кыйналып калам деп.анда кантип коркпой жазып жатасын абайла сени да таап алса кыйналып калба
0
rs7777777
2013-11-28 21:10:33
бири олуп бири калсын баарынан иттей конул калды
0
Bakyt.shutov
2013-12-01 23:55:34
зонадагы Чон кылмышкер Азиз Батукаевди оңой эле чыгарып жиберишти А.Салянова жана Ж.Қ дагы депутаттар.Келдибеков эле эмес баардык депутаттар жеп жутуп жатат коррупцияга тизесине чейин малынып,алар жөн эле креслосунда отуруп иштеп жатпайбы алар пока бийликке баш ийип жатат оюндан чыкса эле Келдибековду айыптагандай айыптап коет убак өткөндө.бул жөн гана саясый оюн!!!Келдибеков гана ємес Баардык депуттаттар гүнөөсү болсо жазаланышы керек
0
№ 577, 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан