Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хенин чакыруусу менен аталган өлкөгө 18-20-ноябрь күндөрү расмий сапары менен барып келди. «Жолугушууда Пак Кын Хе айым «Корея үчүн Кыргызстан Борбор Азиядагы приоритеттүү өлкө» деп айтты. Жалпы жонунан сапардын жыйынтыгы мени канааттандырды. Таш-Көмүрдөгү куйма темир заводунун маселеси чечилип, аны кореялык «Posco» компаниясы куруп баштай турган болду. Инвестициянын көлөмү жүздөгөн миллион долларды түзөт. Бул иштердин башталышы гана»,- деди А.Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы президент Пак Кын Хе менен чогуу түштөнүп, парламент спикери, антикоррупциялык чаралар жана адам укуктарын коргоо боюнча комиссиянын төрагасы менен жолугушуп, инвестициялык форумга да катышты.
Дүйнөнүн экономикасы өнүккөн 20 өлкөсүнүн бири болгон Түштүк Кореяны Кыргызстандын Борбор Азиядагы жалгыз парламенттик башкаруудагы өлкө экендиги жана соңку жылдар ичиндеги өзгөрүүлөрү менен кызыгуусун жараткан.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg