Кычыраган кыш 4 ай биз менен бирге «өмүр сүрөт». Анын келиши электр энергиясындагы керектөөнү алда канча күчөтөт. Муктаждыктан улам көмөк чордондоруна күч келип, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Энергетика жана өнөр жай министринин статс-катчысы Батыркул Баетовдун айтымында, жарыкка болгон баа баары бир кымбаттаганы турат. «2014-жылдын 1-апрелинен тарта жарыкка болгон тарифти жогорулатуу чаралары талкууланат. Ошондо кийинки жылдын июль айында жогорулап калышы мүмкүн»,- дейт Баетов.
Электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча сөздөр айтыла баштагандан бери ар бир жаран өз пикирин билдирип келет. «Ата Журт» фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев бааны көтөрүүнү колдойт. «Чындыкка тике карашыбыз керек. Энергетика тармагы – экономикабыздын орду чоң тиреги. Эгер биз бул тармакка жакшы көңүл бурбасак, тирегибизди кыйратып алышыбыз ыктымал, ошол эле ГЭСтерди да. Ал үчүн бизде бир гана жол бар, тарифтерди көтөрүү менен бул кырсыктын алдын алып калышыбыз мүмкүн»,- дейт депутат. Ал эми серепчи Бакыт Бакетаев бааны көтөрүү элдик толкундоолорго алып келет деген көз карашта.
Өкмөт тармакты оңдоого керектүү акчаны бааларды көтөрүү менен эмес, энергетика тармагындагы уурулукту жоготуу менен тапса болорун көзгө илбей келет.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg